Сколиозго кабылбаш үчүн окуучу туура отурушу керек. Адистердин эскертүүсү

© Sputnik / Табылды КадырбековМектеп окуучулары сабак учурунда. Архивдик сүрөт
Мектеп окуучулары сабак учурунда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023
Жазылуу
Баланын саламаттыгын сактоого ата-эне шарт түзүп, мугалим мектепте көзөмөл кылуусу керектиги айтылат. Балага туура отуруу эрежелерин түшүндүрүү зарыл.
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору окуучу сколиозго кабылбашы үчүн туура отуруунун маанилүүлүгүн эскертти.
Адистер баланын мектептеги партада туура отурушуна мугалим көзөмөл кылышы керектигин айтышууда. Ал эми үйдө тапшырма аткаруусу үчүн ата-эне ага ылайыктуу эмерек алып бериши зарыл.
Сколиоз — омуртка тутумунун кыйшайышы менен мүнөздөлгөн оору. Омуртка тутуму бир капталын карай же алдыга, айрым учурда артка кыйшаюусу мүмкүн.
"Партада же жазуу столунда отурган баланын салмагы бел омурткасына күч келтирет. Бул баланын чарчоосуна себеп болот, ошондой эле сколиозго алып келиши мүмкүн. Сколиозго тулку бойду туура эмес алып жүрүү, баланын партада туура эмес отурушу, рюкзагын дайыма бир ийинде көтөрүп жүрүүсү себеп болот", — деп айтылат маалыматта.
Бала туура отуруу үчүн эмнелерди эске алуусу керек?
отургуч дайыма катуу болушу керек;
тизелер бүгүлүп, тик бурчтукту түзөт;
моюн түз кармалып, алдыга сунулбашы керек, ошол эле учурда ылдый эңкейбеши кажет;
чыканактар толугу менен столдун же партанын бетинде болсун;
бут жерге коюлуп , таман тегиз турат;
тулку бой түз кармалып, далы отургучтун жөлөнгүчүнө тийип турат.
Ата-эне эмнени билүүгө жана жасоого тийиш?
бала жазуу столунда канча убакыт өткөрө тургандыгына жана ал кандай абалда отургандыгына көзөмөл кылууга;
сабак аткаруу үчүн ыңгайлуу, баланын боюна жана денесинин пропорцияларына ылайык келген эмеректерди тандап, алып берүүгө;
бала чоңойгон сайын эмеректерди алмаштырып турууга.
Мугалим эмнени билүүгө тийиш?
окуучу отурганда бели түз болушу керек. Ошол эле учурда отургучтун жөлөнгүчүнө жөлөнүп отурушу шарт, буга мугалим көз салып турат;
окуучунун көзүнөн китепке чейинки аралык 30-35 сантиметрди түзүшү керек;
ар бир сабактан кийин окуучу тыныгуу алып, партадан туруп, кыймылдоосуна шарт түзүүгө тийиш.
Баласын мектепке даярдаган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2023
Бала бүкүр болбошу үчүн рюкзакты туура тандаңыз
Жаңылыктар түрмөгү
0