Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыш Украинадан афган сценарийи менен "кутулгусу" бар. Ой толгоо

© AFP / ANATOLII STEPANOVУкраиналык аскер. Архивдик сүрөт
Украиналык аскер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Жазылуу
Украиналык күчтөрдүн чегиниши жөнүндө кабарлаган америкалык маалымат каражаттарынын кеп өңүтү өзгөрүп кеткени таң калтырат.
Россиялык армияны кыртышы сүйбөгөн "Рейтер" агенттиги РФ Куралдуу күчтөрүнүн Украинанын түндүк-чыгышындагы ийгилигин: "Россиялык куралдуу күчтөрдүн ири контингенти Купянск, Лиманга чабуул коюуда", - деп маалымдады. Батыш медиасында мындай кабарлар муну менен чектелбейт. Маалымат айдыңына россиялык журналист Виктория Никифорова баам салган.
Буга катар эле New York Times басылмасы Украинанын кургактагы күчтөрүнүн командачысы Александр Сырскийдин "касташкан тараптын бөлүктөрү артиллерия, миномет жана авиациясы менен катуу сокку уруп жатканын" моюнга алып, тезинен түндүк-чыгыштан коргонууну бекемдөөнү талап кылганын жазды.
Командачы Сырский тараптан бул дээрлик козголоң экени айтылды, анткени Пентагондун амалкөй планында бардыгын түштүк-чыгышка тартып, Азов деңизине өтүп кетүүгө тырышкан. Пентагондогулар атайылап жасаштыбы же байкабастыкпы, айтор, мындай кадам миң чакырымдык фронттун түндүк-чыгыш тилкесин ачык калтырып, россиялык армияга эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып койгонун элес албай калышты.
Украиналык күчтөрдүн чегиниши жөнүндө кабарлаган америкалык маалымат каражаттарынын кеп өңүтү ушунчалык өзгөрүп кеткени таң калтырат. Былтыр эле мындай билдирүүлөр Украина Куралдуу күчтөрүнө дүрмөт берүү жана биргеликте орустарды чабалдатуу чакырыктары менен коштолчу. Быйыл андай үндөөлөр жок.
Кошмо Штаттар Украинадан көнгөн адаты менен кутулат окшоп калды. Жакында эле алар дал ушундай эле афган долбоорун жаап коюшпады беле. Дал келүүлөр ого эле арбын, алардын бири-бирине окшоштугу да таң калтырбай койбойт. Эч кимдин эсинде деле калбагандыр, бирок АКШнын Афганстандан чыгышы да "контрчабуулдан" улам башталган.
Президент США Джо Байден (слева) подписывает гостевую книгу во время встречи с президентом Украины Владимиром Зеленским (справа) в Киеве. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Баарын Украинага айырбаштап... АКШ союздаштарынан ажыраганын моюндоодо
2020-жылдын октябрында америкалык прокси өлкөнүн түштүгүндөгү Гильменд провинциясындагы талибдерге "контрчабуулга" бет алышкан. Калыстык үчүн айтып коюу абзел, ийгиликтерге да жетип, беш блокпостту алышкан. Бирок америкалыктар баары бир өз күчтөрүн алып чыгып кетип жатты. Акыры 2021-жылдын май айында талибдер чабуулга өтүп Кабулду алып, дүйнө алардан чочулаган адамдар учактын шассилерине жармашып учкан кейиштүү окуяларга күбө болду.
Ошол чабуул, чегинүү жана контрчабуулдардын жүрүшүндө НАТО стандарттары боюнча машыгуу афган аскердик күчтөрүнө түк көмөкчү боло албаганы бачым эле айкындалып калды. Адамдар набыт болуп жатса, башкалар уурдап, жемкорлук күч алып турган.
Америкалык командачылык кылгылыктын баарын кылып, бардык катачылыктарды кетирип отуруп афган армиясын оор жоготууларга, туңгуюкка кептеп койду. Ошондо да күнөөнү моюнга албастан бири-бирин айыптады. Маңызында бир эле катачылык болгон. Афгандыктардын көпчүлүгү Вашингтон чын дилден кол сунгандай, америкалыктар аларга цивилизация менен өсүштү алып келерине чындап ишенип алышкан. Бирок америкалыктарга андайдын зарылдыгы жок эле... Афгандыктар набыт болуп жатканда ар кандай бизнес-темалар жүргөн. Баңгизат сатуу эле укмуштай акча алып келген. Бирок алардын мындай кызыгуусунун маңызы өлкөнү сызга батырып, калкты бири-бирин кырууга түртүп коюуда эле.
Жакында эле Капитолийде Кабулдан чыгып жаткан маалда шейит болгон он үч америкалык аскерди эскерип, тууну түшүрүштү. Бирок жыйырма жылга созулган кандуу оккупацияда каза болгон жүз миңдеген афган жоокерлерин, жай тургундарды Америкадагылардын эч бири эстеп койбойт. Вашингтондогулар Украинадан Россия үчүн экинчи Афганстанды жараткысы келген. Россияны жеңип, территорияларды алып, РФ коомунда нааразычылык жаратып, СССРди кулаткан сценарий боюнча өлкөнү бүлгүнгө учуратууну көздөгөн. Ал эми бүгүн баары Украина АКШнын өзү үчүн экинчи Афганстанга айланарын айтышууда.
Мунун баарын россиялык аскердик бөлүктөрдүн ийгиликтери, Украинадагы жемкорлук схемасынын айынан келип чыккан ички америкалык жаңжалдар, Батыш маалымат каражаттарынын өзгөрүлмөлүү риторикасы тастыктап турат. АКШ тутанткан сансыз согуштардын тажрыйбасы да өз аскерлерин баягы эле чыкпас жолго айдап коерун, андан эч бири соо чыга электигин даана көрсөтөт. Ошондой тузакка карапайым украиналыктар өздөрү түшкөнү катуу кейитет.
Украина жана Евробиримдик желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Евробиримдикте Украинанын келтирген зыянынан улам коңгуроо кагылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0