Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

РФ Куралдуу күчтөрү Купянскиге Харьковду бошотуу үчүн багыт алды. Атайын операция

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүРФ аскерлери атайын операция учурунда. Архивдик сүрөт
РФ аскерлери атайын операция учурунда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
Жазылуу
Россия акырындап атайын аскердик операциянын максатын — Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоону аткарып келе жатат.
Фронттун түштүк аймагында россиялык күчтөр Украинанын Запорожье багыты боюнча контрчабуулунун мизин кайтарса, түндүктө каршы тараптын жайгашкан жайларына чабуул коюп, Харьков облусунун калктуу конуштарын бошотууда. Кырдаалга аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салган.
РФ армиясы кечээ Харьковдон чыгышты карай 100 чакырым аралыкта жайгашкан Купянскиге чыкты. Ошол эле маалда 6-армиянын чабуул коюучу топтору Ольшана калктуу конушундагы каршылаш жайгашкан беш жайды ээлеген, бул Харьковдон батышты карай 20 чакырым аралыкта. Ага чейин россиялык күчтөр Харьков облусундагы беш калктуу конушту бошоткон эле.
Киевдин карамагындагы регионалдык администрация 2022-жылдын мартынан бери элдин каршылыгын эске албай эки ирет эвакуациялоого аракет жасады. Тизмеде 53 калктуу конуш бар.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин командачысы Александр Сырский Купянск районундагы командалык пунктулардын биринде кароо жүргүзүп, Россия аскер күчтөрү кубаттуу чабуул коюуга даярданып жатат деген жыйынтыкка келген: "Сокку урууга даярдык күчтүү. Максаты — Украинанын коргонуусун жарып өтүү жана Купянскиге кирүү". Эл арасында Сырский пайда болгон жеринин баарында украин күчтөрүн жеңилүүгө кептейт деген сөз тарап кеткен, кудум Соледар менен Артемовск сыяктуу. Чынында кырдаал ошол нукта баратат.
Буга чейин украин командачылыгы Россия Купянск багытында "өздүк курамдын 100 миңден ашуун жоокерин, 900 танк, 555 артиллериялык түзүлүш, 370 өзү жүрүүчү техника" топтогонун билдирген.
Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун маалыматы боюнча, Россия атайын операция жүрүп жаткан аймакта 550 миң аскер кызматкерин кармап турат. Эсеп кандайча жүргүзүлгөнү белгисиз, бул санды тастыктоо да, төгүндөө да дээрлик мүмкүн эмес.
РФ армиясы Запорожье багыты боюнча да кыйла ийгиликке жетишүүдө, Артемовскинин батышында да контрчабуул жасап, Украина Куралдуу күчтөрүнүн Ровенская, Хмельницкий, Кировоград, Чернигов жана башка облустардагы аскер объектилери менен логистикасына сокку урууда. "Коргонуудан чабуулга чейин" деген россиялык тактика — душманды талкалап, атайын операцияны максатына жеткирүүчү жол.
Америкалык танк M1A1 Abrams техникалык тейлөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Abrams танкаларынын биринчи батальону утилизацияга жөнөтүлдү. Атайын операция

Батыштын эсине келиши

"Контрчабуул" башталган үч айдан бери украиналык армия бекем коргонуунун биринчи линиясын да жарып өтө алган жок. Тиреш жүрүп жаткан чекке жетпей эле миналанган талаалардан, артиллерия, авиациянын соккусу менен ири жоготууларга учуроодо. Украин армиясынын резерви бар болгону менен НАТО жана башка "донорлор" берип жаткан курал-жарак менен ок-дарыны үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздай албайт. Мындай көлөм үчүн Батышка жылдар талап кылынат.
Американын The Hill басылмасы: "Контрчабуулдун аксашы Жо Байденди жарга такап койду. Бирок ал стратегияны кайра карап чыгуунун ордуна акчаны ой келди чачып, Украина коргонууну жарып өтөт же Москвада саясий төңкөрүш болуп кетет деп кереметке ишенип отурат" деп жазды. Батышта "Украинадан чарчаган" маанай байкалат, америкалыктардын басымдуу бөлүгү Конгресстин Киевге мындан ары аскердик жана экономикалык жардам берүүнү колдоосуна каршы. Демократ-конгрессмен Майкл Куигли Европада украин аскер бөлүктөрүн даярдаган америкалык инструкторлор менен сүйлөшкөндөн кийин "Украинанын согуш талаасындагы кырдаал тууралуу маалыматтар эске келтиргидей" деп билдирди.
Вашингтон Украина үчүн эптеп 6 миллиард доллар ашырды, бирок аны ыкчам 155 миллиметрлик снарядга айырбаштоо мүмкүн болбой турат. "Өтө маанилүү ок-дары" Россияда эмес, Америкада түгөнүүдө. Украинага Leopard 1A5 танкынан кошумча 25ти жөнөтөм деген Германия да технологиялык алсыздыгынан улам аны убагында жеткире албайт.
Атайын операциянын алгачкы жылында жамааттык Батыш Киев режимине колдогу арсеналынын баарын жөнөттү, он миллиарддаган доллар менен евро берди, "Түндүк агымдар" менен Европанын кызыкчылыгындагы экономикалык келишимдерди садага чапты. Москваны "катаал санкциялар" жана Украинанын колу менен жеңүү мүмкүн болгон жок. "Украин долбоорунун" архитекторлору азыр алапайын таппай отурган учур. Батыш согуштан кийин бандералык режимдин тагдырына кейиген жок, бирок кезектеги геосаясий жеңилүүсү дүйнөлүк аренадагы "гегемондук" кадырына доо кетирип, НАТОнун маанисин жокко чыгарууда.
Вашингтон менен Брюсселде россиялык күчтөр жакында Днепрдин сол жээгинде Украина Куралдуу күчтөрүн талкалап, эч нерсе токтото алгыс чабуулга өтөт деген түшүнүк калыптанып калды. Россиянын жеңишинен кийин Кытай Тайванда жүргүзө турган атайын операция АКШ үчүн көтөрө алгыс мүшкүл иш болору айгине.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Ка-52 Аллигатор тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын тик учактары — Украина менен НАТО үчүн өкүм. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0