Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Abrams танкаларынын биринчи батальону утилизацияга жөнөтүлдү. Атайын операция

© Фото / U.S. Army / Spc. Daniel ParrottАмерикалык танк M1A1 Abrams техникалык тейлөө. Архив
Америкалык танк M1A1 Abrams техникалык тейлөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Жазылуу
7-июль күнү Пентагон Украинага оңдоп-түзөөдөн өткөн эски M1A1 Abrams танкаларынын партиясын жөнөткөнүн маалымдады.
Украинада колдонулуп жаткан эски M1A1 Abrams танкаларынын оордугу менен газ турбиналык кыймылдаткычы америкалык курал-жарактын мыктылыгы тууралуу кепти биротоло жокко чыгаргыдай. Иракта, Йемен менен Афганстанда советтик көчмө гранатомёттордун отунан же "көтөрүлүшчүлөрдүн" колго жасалган миналарынан далай "Абрамс" өрттөнүп, жарактан чыккан эле. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко дал ушул аскердик машинанын сапат-маңызына токтолгон.
7-июль күнү Пентагон Украинага оңдоп-түзөөдөн өткөн эски M1A1 Abrams танкаларынын партиясын жөнөткөнүн маалымдады. Украина аларды күзгө чейин алат. 1984-жылы чыккан бул танк батальону атайын операциянын нугун деле өзгөртүп жибере албайт. Россиялык күчтөр акыркы эки ай ичинде болжол менен ушундай эле көлөмдөгү немецтик "Леопарддарды", 400дөн ашуун башка танкаларды, жалпы жонунан 1780 сооттолгон техниканы жок кылды.
Россиялык атайын аскердик операция — бул Америка жасап көнгөн "баланын оюну" эмес, муну билген Пентагондун кызматкерлери украин командачылыгына жөнөтүлгөн "Абрамстарды" британиялык "Челленджерлерге" жана франциялык "Леклерктерге" жакыныраак запаста кармоону сунушташкан. Эң жакшысы — жарактан чыккан танкаларды Польшага жеткире салууга ыңгайлуу болушу үчүн Батыш Украинага жайгаштыруу.
"Бекер кепин болсо өлүш керек" деңизчи, антсе да Пентагон буга чейин убадаланган модификацияланган жаңыраак M1A2 танктарынын ордуна АКШ армиясынын паркында турган M1A1 машиналарын жөнөтүп жатканын унутпайлы. Экөөнүн ортосундагы айырма асман менен жердей, уюлдук телефон менен кадимки бурама телефон сымал. Украиналык танкачылар маалыматтык-башкаруучу системасы, командирдин, ошондой эле кооптуулук жараткан объект тууралуу айтуучу адистин мээлөөчү жабдуусу, айдоочу-механик үчүн тепловизор жана маңдайкы бөлүгүндө урандан сооттолгон пластинасы жок машиналарды алганы турушат.
Комплектиге өзөгү акталган урандан жасалып сооттолгон техникага каршы колдонулуучу снаряддар да кирген эмес, анын ордуна анча күчү жок вольфрам снаряддары берилди. Украин Куралдуу күчтөрүнө эффективдүүлүгү начар танкалардын байма-бай жөнөтүлүп жатканы байкалат. Америкалык Foreign Policy журналы буга чейин эле "Украинанын импровизацияланган армиясы керексиз оюнчуктарга толтурулууда" деп жазган. АКШ антиквариатынан тазаланып жатат, ал эми анын баасы бир топ эле жогору болот. Америка мунун кунун акчалай эле алат деген кепилдик жок.
Украиналык артиллерист Бахмуттун жанында 152 мм Д-20 гаубицасынан ок чыгарып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Украинаны басып кирүүгө даярбы? Абалга сереп

"Абрамстын" жоготуулары

Abrams танктарынын негизги тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү америкалык курал-жарактын кубаттуулугу тууралуу айтылган кептерди төгүндөйт. Жаңыраак делген M1A2нин деле бир катар мүчүлүштүктөрү менен талуу жерлери бар.
Биринчиден, "Абрамстар" өтө оор — 60 тоннадан ашуун салмактагы машинаны көпүрөнүн баары эле көтөрө бербейт, буга кошумча "алкымы чоң", 100 чакырымга 700 литр авиакеросин ичет. Согуш талаасында "Абрамстардын" артында май куюучу украиналык машиналардын колоннасы жүргөнүн элестетүү кыйын, аларды россиялык авиация бир ирмемде жок кылат.
Россиялык күчтөрдүн танкага каршы каражаттары "Абрамстарга" аман калууга эч мүмкүнчүлүк бербейт: комбинацияланган миналык тосмолор күнү-түнү тынбай иштейт, артиллерия менен "Ланцет" камикадзе-дрондор огун жаза кетирбесе, "Прорыв" Т-90М танкалары 5 чакырым аралыкта туруп сооттолгон техниканы жок кыла алат, ал эми "Вихрь-М" (Ка-52) менен ПТРК "Корнет" ракеталары 10 чакырымдагы бутаны атып түшүрөт.
Экинчи жагынан алып караганда, америкалык M1A1 Abrams танкаларынын 120 миллиметрлик замбиреги үч чакырымдагы бутаны ата алат. 7,62 жана 12,7 миллиметрлүү пулемёттор деле техникасы мыкты каршылаш менен тирешүүдө жеңишти камсыздап бере албасы бышык: мунаранын жогору жагындагы сооту — 38, корпусунун борту — 30 миллиметр, динамикалык коргонуусу жок.
"Абрамстардын" курал башкаруу системасы атайын Украина Куралдуу күчтөрү үчүн болушунча жөнөкөйлөтүлгөн, бул украин экипаждарын ыкчам даярдоо үчүн жасалган эле. Чынында эле замбиректен атуу үчүн болгону аралыкты өлчөөчү лазердик жабдуу менен электрондук баллистикалык аныктагыч зарыл. Автоматтык заряддоонун жоктугу — НАТО танктарынын ("Леклерктерден" башкасы) жалпы көйгөйү. Автоматты экипаждын төртүнчү мүчөсү алмаштырат, бирок атылгандан кийин снаряддардын ысып турган гильзасы мунарада калып, ошол жерде аягына чейин күйүп бүтөт — бул өтө азаптуу иш. Убаракерчилиги көп газ-турбиналык кыймылдаткычы ылдамдыгын эң көп дегенде саатына 72 чакырымга гана жеткире алат. Ал эми 1900 литрлик багы толсо 440 чакырым аралыкка чейин жүрө турган запасы болот.
1991-жылкы окуя 18 "Абрамс" үчүн акыркы операция болгон эле. Ирактагы 2003-2011-жылдардын аралыгындагы согуш учурунда 1 135 машинадан турган америкалык танк паркынын 70 пайызы өрттөнүп кеткен. 2016-жылдын соңуна чейин Ирак армиясына берилген M1A1 версиядагы 140 "Абрамстын" 47си "жихадчылар" тарабынан жок кылынган. Согуш талаасында керек болсо заманбап модификацияланган машиналар да алсыз болуп чыккан эле.
2015-жылы Сауд Арабиясы хуситтерге каршы согушкан йемен отряддарына ондогон "Абрамс" берген. "Көтөрүлүшчүлөр" бир жыл ичинде 20 машинаны жок кылган, анын ичинде үч M1A2S Abrams бар эле. Буга кошумча "Абрамстар" дайым абадан жасалган колдоо менен жүрүп келген, бул машиналарды 10 чакырым аралыктан өзүнөн кыйла кубаттуу бир да авиация жок кыла алган эмес.
Украинада Leopard 2A4 танкаларынын пайда болушу деле россиялык күчтөрдүн артыкчылыгын кемите алган жок. Демек, америкалык эски танкалар деле абалды өзгөртө албайт. "Абрамс" менен НАТОнун башка согуштук техникасынын күч-кубаты өтө эле апыртылган, кагылышууга жараксыз, россиялык аналогдор менен салыштырып да болбойт.
Атайын аскердик операциянын жүрүшүндө эң мыкты деп Т-90М "Прорыв" танкасы табылды. 48 тонналык машина кубаттуулук, бутаны аралыктан жок кылуу, ылдамдык жана ийкемдүүлүгү жагынан натолук аналогдордон кыйла өйдө турат.
4000 метр аралыктан бутаны аныктоого жөндөмдүү бул танктын 125 миллиметрлүү жылмакай стволдуу замбиреги лазердик аныктагычы бар танкага каршы "Рефлекс" ракетасы менен 5000 метрдеги бутаны жок кыла алат (буга тик учактар да кирет).
Көлөмүнүн чакандыгы жана орнотулган "Реликт" динамикалык коргоо комплекси Т-90М "Прорыв" танкын согуш талаасында эч моюбас машинага айландырды. Россияда бул жаңы танкаларды чыгаруунун көлөмү кыйла өстү, жылына 1000ден ашуун машина чыгарылууда. Атайын операция жүрүп жаткан 500 күндүн ичинде Россия Германиядан озуп, дүйнөнүн бешинчи экономикасы аталып калды (Дүйнөлүк банктын августтун башында жарыяланган маалыматы) — бул Украина Куралдуу күчтөрү менен НАТОнун стратегиялык жеңилүүсүнүн технологиялык маанилүү элементи.
Аскердик баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Россиянын МиГ-31 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Заманбап МиГ-31 истребителинин мүмкүнчүлүктөрү. Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0