Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Атайын аскердик операция: "Брэдли" менен "Леопарддар" кыйроодо

© AP Photo / Andriy AndriyenkoУкраиналык аскерлер Запорожье облусунда "Леопард-2" танкын оңдоп жатышат
Украиналык аскерлер Запорожье облусунда Леопард-2 танкын оңдоп жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Жазылуу
Украиналык армиянын контрчабуулу көздөгөнүнө жетпей, ал аз келгенсип натолук аскердик техниканын аброюн катуу түшүрүп койду.
4-июндан бери россиялык күчтөрдүн тобу Украина Куралдуу күчтөрүнүн 26 миңден ашуун жоокерин, АКШ жана НАТО тарабынан киевдик режимге "Россияны жеңүү үчүн" берилген ондогон Bradley пехота унаалары жана Leopard танктарын жок кылганын айтат аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Автор бул сапар да РФтин атайын аскердик операциясынан кеп салат.
Батыш чыгымдарын эсептеп, "украиналык долбоордун" баалуулугун кайра карап чыгууда. 23-июлдагы жолугушууда Беларусь Республикасы менен РФ президенттери Александр Лукашенко жана Владимир Путин бир эле, тагыраак, 22-июлдагы кармашта россиялык аскердик бөлүктөр тарабынан германиялык өндүрүштөгү он бештен ашуун Leopard танкасы, 20 чакты америкалык Bradley пехота унаасы жок кылынганын айтышкан.
Андан мурдараак Владимир Путин белгилегендей, Батыш миллиарддаган доллар, евро каражат, курал-жарак, НАТОдон миңдеген аскердик кеңешчи жана жалданма аскерлерди жөнөтсө да майнап чыгара албаган Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунун жүрүшүнө ичи чыкпай жатканы айдан ачык.
Америкалык аскердик Military Watch журналы Украина "танкалардын истребителдери" атыккан Bradley машиналары үчүн "көрүстөнгө" айланып баратканын маалымдады. Акталган уран камтылган ок-дары менен 25 мм калибрдеги замбирек да, танкага каршы ракеталар да жардам бере алган жок. Bradley пехота машиналарын россиялык "Вихрь" тескелүүчү ракеталары да тешип өтүүдө. Кошмо Штаттар Украинага андай машинадан 113 бирдик берген. Муну менен эмнеге үмүттөнүшкөнү түшүнүксүз. Иракта жеңил куралданган козголоңчулар эле жүздөн ашуун Bradley унаасын өрттөшкөн.
Негизи эле украиналык согуштук аракеттер театрында америкалык аскер-өнөр жай комплексинин аброю май айында эле Patriot зениттик-ракеталык комплексинин батареясы менен кошо жок болгон. Киевге убада кылынган немец өндүрүшүндөгү, ар кыл модификациядагы Leopard танкаларын деле ошондой тагдыр күтөрү бышык.
Запорожье багытында эле ишемби күнү россиялык күчтөр жети "Леопардды" жок кылган. Ошол жакта эле германиялык Bergepanzer2 ок өткөрбөс ремонттук-эвакуациялык машиналары, башынан эле M1 Abrams танктары менен бирге колдонууга багытталган кыйла сейрек америкалык М88А2 Hercules да кыйраганы айтылды.
Як-130 учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык Аскер-космостук күчтөрү Як-130дун партиясын алды. Учакка мүнөздөмө
Украина Куралдуу күчтөрү жана НАТОнун стратегдери Россиянын артиллерия, мина тосмолору, тескелүүчү ракеталар жана сокку уруучу дрондору менен жапырт талкаланып жаткан америкалык жана европалык ок өткөрбөс техниканын потенциалын ашкере бааласа керек.
Батыш Украина Куралдуу күчтөрүнүн Купянск, Красный Лиман, Запорожье багытындагы эбегейсиз жоготууларына катуу кабатыр болууда. Айрыкча Львовдо Россиянын Аскер-деңиз флотунун таамай ракеталары менен "чет өлкөлүк аскердик контрактычылардын" бир тобунун жок кылынышы уу-дуу кылды.
АКШ Армиясынын штаб жетекчилеринин биргелешкен комитетинин башчысы Марк Милли натолук чалгындоо кызматынын жеңилгенин моюнга алды.
Америкалык The Drive басылмасы украиналык согуштук аракеттер театрына катуу силкинте тургандай анализ жүргүзүп, Украина Куралдуу күчтөрү кеңири форматтагы татаал жалпы аскердик операцияны өткөрүүгө жөндөмсүз деген бүтүмгө келген.
Негизги себеп – аскердик бөлүктөрдүн ырааттуулугу тийиштүү деңгээлде эместиги (болбосо украиналык 17 бригаданы, демек, 63 миң аскерди АКШ жана анын союздаштары машыктырган). Россиялык армия менен НАТОнун куралдуу күчтөрүнүн түз конвенциялык кагылышы мындан да кейиштүү болмоктур. Афгандык талибдердин эле жакынкы "сабактарын" эстейличи.
Россия Куралдуу күчтөрүнүн "Центр" тобунун командачысы, генерал-лейтенант Андрей Мордвичев 23-июлда Киевдин аскердик күчтөрүнүн резерви августтун аягына чейин гана жетери, келерки жылдын жазында "баары түгөнөрүн" билдирген.
Америка элге каршы тышкы саясатын, АКШнын Ирак, Афганстан, Ливия, Сирия жана башка өлкөлөрдөгү көп жылдык, маңызсыз согуштук операцияларын олуттуу түрдө кайра карап чыгууга киришкендей.
Түндүк атлантикалык азыркы оош-кыйыштар "бир полярдуу дүйнөнүн" көп жылдык терең каатчылыгын, украиналык "контрчабуулду" чексиз колдой албастыгын даана айгинелейт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
 РФ аскердик күчтөрүнө берилген Дрок сынамык миномету  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Өзү жүрүүчү "Дрок". Атайын операция аймагына кирген россиялык жаңы куралга сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0