Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиялык Аскер-космостук күчтөрү Як-130дун партиясын алды. Учакка мүнөздөмө

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЯк-130 учактары. Архив
Як-130 учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2023
Жазылуу
АКШ менен НАТОнун агрессивдүү тышкы саясаты дайым Европа менен Азияны ар кандай куралдуу жаңжалдарга түртөт. Ошол себептүү эл аралык коопсуздук тутуму начарлап барат...
Жакынкы жылдары жана алдыдагы он жылдыкта Россияга жүздөгөн, миңдеген жаңы учак жана учкучтар керектелиши мүмкүн. РФтин Аба-космостук күчтөрүнүн кадрдык дараметин жогорулатууга уникалдуу аскердик-окуу машинасы – Як-130 учактары жардам берет. Анын өндүрүшүн сибирдик авиакуруучулар улам өстүрүүдө. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар аталган аба каражатынын өзгөчөлүктөрүнө токтолгон.
Иркутскидеги авиазавод 11-июлда РФ Коргоо министрлигине төртүнчү–бешинчи муундагы аскердик учактарды айдоону заманга бап үйрөтүүгө мүмкүндүк бере турган Як-130 учактарынын жаңы партиясын тапшырды. Биргелешкен авиа куруучу корпорациясынын жетекчиси Юрий Слюсарь авиазавод мамлекеттик коргоо буюртма боюнча графикке ылайык өз милдеттенмелерин аткарып жатканын белгиледи. Кийинки партиянын учактары өндүрүштө, алар да быйыл тапшырылмакчы.
РФ Коргоо министрлиги буга чейин 100дөн ашуун Як-130 учактарын алган. 2020-жылы эки тарап дагы 25 мындай машина менен жабдууга келишим түзүлгөн. Як-130 – учууну үйрөтүү жана учкучтар курамын даярдоого ылайыкталган реактивдүү аскердик-окуу учагы.
Эки орундуу бул учак – төртүнчү жана бешинчи муундун "өкүлү". Жогорку технологиялык окуу-машыгуу комплексинин негизги компоненти. Айтмакчы, анда объективдүү көзөмөл, компьютердик класстар, учуш жана атайын машыгуучу каражаттар интеграцияланган. Як-130 ийкемдүү программалык камсыздоосу ар кыл машиналардын, ал түгүл Су-35С жана Су-57 оор истребителдеринин абадагы абалын туурай алат.
Учактын жүк көтөрүмдүүлүгү да өзүнчө кеп. Согуштук аракеттер маалында Як-130 3000 кг чейинки ракета-бомба ташып, чакан чабуулчунун милдеттерин аткара алат. Жеңил жана оор аба шарттарында жер бетиндеги жана абадагы буталарын таамай талкалайт.
Россиялык Як-130 учактары дүйнөлүк он рекорд койгон. Учак башка мамлекеттерде да кеңири белгилүү. Маселен, Алжир, Бангладеш, Беларусь, Лаос жана Мьянманын аскер-аба күчтөрү ийгиликтүү пайдаланып келишет. "Рособоронэкспорт" мекемесинин маалыматы боюнча, соңку жылдары РФтин чет өлкөлүк буюртмачылары Як-130 учактарынан 160 бирдик алып, дагы мындай 100 машина алууга жаңы келишимдерди түзүшкөн.
Чакан жана күчтүү, ал эми канатынын керилиши – 9,72 м, учактын узундугу – 11,49 м, бийиктиги – 4, 76 м, максималдык учуш салмагы – 10 т. Эки турбореактивдүү АИ-222-25 кыймылдаткычы электрондук-санариптик тутум менен жөнгө салынып, бул артыкчылыгы ага 12500 метрге чейин көтөрүлүүгө мүмкүндүк түзөт.
1300 чакырым аралыкка үч тонна ар кыл ок-дарыны, атап айтканда, тескелүүчү жана тескелбеген ракета, түзөтүлүп жана эркин кулай турган авиабомбаларды бута тарапка ташый алат. Бортунда эки стволдуу 30 мм замбирек бар. Як-130 саатына 1 050 чакырым ылдамдыкта 2 100дөй чакырымды багындырат.
Дасыгып калган аскердик учкучтардын пикиринде, Як-130дун аскердик мүмкүнчүлүктөрү мурдагы Л-39 окуу учагына салыштырмалуу кыйла көп. Тескөө тутумунун реконфигурациясы бекемдигинен улам ар кыл типтеги учактардын учушун аткарууга жол берет.
Артиллериялык куралдан ок атып жаткан Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын операциянын жүрүшүнөн: россиялык артиллериянын артыкчылыгы
Як-130 жогору жана ыкчам учуп, маневрдүүлүгү мыкты, бул өзгөчөлүктөрү учкучка бир топ жеңилдик берип, кыйла ыңгайлуу. Учак чабуул коюу жагынан да мыкты, эки, атап айтканда, GPS жана ГЛОНАСС тутумдарынын спутниктик навигациясына ээ. Системаларды чогуу да, өз-өзүнчө да колдоно алат.
Як-130 учагынын окуу жана аскердик потенциалы кынтыксыз айкалыштырылган. "Борттук интеллекттин" бардык мүмкүнчүлүктөрү али ачыла элек. Учак резервдөөсү төрт эсе жогору санарип электр дистанциялык тутуму менен жабдылган. Секирип кетүүчү орундуктары экипажга кырсык тооруган убакта кабинанын фонары аркылуу чыгып кетүүгө мүмкүндүк берет. Як-130 учагы оңдоого жеңил жана көп деле машакаты жоктугу менен авиатехниктердин "сүймөнчүгү". Аба алуучу терезе жагындагы коргоочу капкагы жана шассилеринин туткалары атайын төшөлбөгөн, топурак аэродромдордо да колдонууга шарт түзөт.
Учуш тилкесинен болжол менен 12 секундда абага көтөрүлөт, күүлөнүү үчүн ага 800 метрден ашпаган эле аралык керек. Як-130дун ресурсу 10 миң учуш сааты же 30 жыл колдонууга жетет.
Россияда Як-130 аскердик-окуу учагынын мамлекеттик сыноолору 2009-жылдын декабрында ийгиликтүү аяктап, 2010-жылдын февралынан тарта Россиянын Аба-космостук күчтөрүнө бериле баштаган.
Америкалык The National Interest журналы да кезегинде "келечеги жаркын" россиялык Як-130 боюнча макала жарыялаган. Ошол "жарык" сааты келгендей Як-130 эл аралык көргөзмөлөрдө адистерди, көрүүчүлөрдү 4++ муунундагы учактар гана аткара ала турган учуу чеберчилиги менен айран таң калтырууда.
Ошол эле учурда Биргелешкен авиакуруучу корпорация аталган машинанын артыкчылыктарын, мүмкүнчүлүктөрүн жана аскердик потенциалын улам өстүрүүдө. Ошол эле учурда ага интеграциялана турган чалгындоо жана радиоэлектрондук күрөш каражаттар топтому да артып барат.
11-июлдагы Як-130 учактары менен жабдуу туурасында кепке кайтсак, саратандын башында Россия Аба-космостук күчтөрүнүн жаңы Су-30СМ2 жана Су-35С истребителдеринин саны да арбыды (https://ru.sputnik.kz/20230704/svo-uskoryaet-modernizatsiyu-i-perevooruzhenie-vks-rossii-36555918.html). Ту-160М ракета ташуучуларынын стратегиялык флоту да көбөйүүдө. Айтор, россиялык коргоо өнөр жай комплексинин мекемелери тарабынан күчтөрдү куралдардын бардык тутумдары менен жабдуу көлөмү быйыл беш эсеге жогорулатылган.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Ка-65 Минога тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Крым: универсалдуу десанттык кемелерге тик учактар жайгаштырылат
Жаңылыктар түрмөгү
0