Өзү жүрүүчү "Дрок". Атайын операция аймагына кирген россиялык жаңы куралга сереп

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүү РФ аскердик күчтөрүнө берилген "Дрок" сынамык миномету
 РФ аскердик күчтөрүнө берилген Дрок сынамык миномету  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Жазылуу
Мобилдик жана таамай куралдардын жаңы доорун РФ аскердик күчтөрүнө берилген "Дрок" сынамык миномёту ачат окшоп калды. 4х4 дөңгөлөктүү формулада, "Тайфун-ВДВ" сооттолгон автомобилинин негизинде жасалып, ок атуусун санарип тутум тескейт.
"Ростех" 18-июль күнү өзү жүрүүчү 82 мм. 2С41 "Дрок" миномётторунун алгачкы сынамык партиясын россиялык аскерлерге жөнөттү. Атайын аскердик операция зонасы – россиялык жаңы куралды сыноо үчүн эң ылайыктуу жер. Украина Куралдуу күчтөрү да өз жоготууларынан улам жаңы миномёттун күчүн даана сезерин аскерий баяндамачы Александр Хроленко белгилейт.
"Дрок" комплекси душмандын жоокерлерин, ок өткөрбөс техникасын жок кылып, байкоо салуучу түйүндөрүнө бөгөт болуп, ошондой эле аймакка жарык берип жана түтүн чүмбөтүн жаратуу үчүн ылайыкталган. "Тайфун-ВДВ" ок өткөрбөс автомобилинин шассисиндеги миномёттук модуль ыкчамдыкты, экипажды коргоону камсыздап, алты чакырым аралыктан ок чыгарууга мүмкүндүк берет.
Жаңы комплекс таамайлыгы менен да өзгөчөлөнөт. Ок-дары топтому – 40 мина. Мүнөтүнө 10 жолу ок чыгарат. Миномёттун стволу тайгылтпай кармап турчу түзүлүш менен ок өткөрбөс техникага бекитилген. Ок чыгарышын тескеген заманбап санарип тутуму командалык борборлор менен коопсуз маалымат алмашууну жана автономдуу иштөө мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Механизмдештирилген мээлегичи эсептөөнү жеңилдетет. Баса, "Дрок" танкага ылайыкташтырылган, 7,62 мм, айлана турган Калашников пулемёту, оптикалык-электрондук мээлегичи, ошондой эле машинадан тыш көтөрүп колдонула турган 82 мм миномёт менен жабдылган.
"Дрок" комплексинин салмагы – 14 тонна. Аскердик эсеби – төрт киши. Өзү жүрүүчү жаңы миномёт чет өлкөлүк аналогдорунан эч калышпай, айрым көрсөткүчтөрү боюнча алардан кыйла ашып түшөт. "Тайфундун" ок өткөрбөс сапаты аны октон да, минадан да коргоп, ал эми оңой бура билүү менен бута багытын бачым өзгөртө алат.
"Дрок" миномёту "Буревестник" борбордук илим изилдөө институту тарабынан атайын РФтин Аба-десанттык күчтөрү үчүн "Урал-4320" ок өткөрбөс автомобилинин негизинде 120 мм "Флокс", 6Х6 дөңгөлөктүү формула жана чынжырлуу шассидеги 152 мм "Магнолия" өзү жүрүүчү артиллериялык куралдары менен чогуу иштелип чыккан.
Согуштук аракеттер аймагында мындай өзү жүрүүчү миномёттор өтө зарыл, "Дрок" РФтин Кургактагы күчтөрүнө берилери менен дүйнөдө эң көп сатылган куралга айланып, 4,2 чакырым аралыктан ок атуучу автоматтык 82 мм "Василек" миномётуна кошумча болору ырас.
Атайын аскердик операция учурунда БМ-21 Град ракеталык системасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын аскердик операция: россиялык күчтөр үч багыттан чабуул коюуда

Мезгилдин талабы

Заманбап согушта жеңишке карай жолду ажырагыс күч, мобилдүүлүк жана кебелбес курал-жарак кыскартары ырас. Россиянын Коргоо министрлиги жайдын башында эле аскердик операция зонасында 82 мм автоматтык 2Б9 "Василек" миномёту колдонулган тасмаларды жарыялаган эле. Чынжырлуу шассиси жол салынбаган жерлерде да жүрүп, саналуу мүнөттөрдө ок атууга мүмкүндүк берет. "Василек" миномёту мурда да, тагыраагы, Афганстанда да майнаптуулугун далилдей алган. Ошол "афган" тажрыйбасынан улам Казакстан армиясы да бул куралды алган. Бирок "Василек" ал жакта пехота автоунаасынын чынжырлуу шассисинде колдонулат.
Россиянын өнөр жайы орто калибрдеги "Дрок" өңдүү өзү жүрүүчү миномёт – учурдун катуу талабы. 1972-жылы алынган, кадимки жана өзөктүк ок-дары колдонулган 2С4 "Тюльпан" (рекорддук 240 мм калибрдеги, ок атуу аралыгы – 20 чакырымга чейин) миномёту дүйнөдө эң күчтүү болуп саналат. Бул да заманга ылайыкташтырылган, ошентсе да технологиялык топтомун улантуу зарыл эле. Өзү жүрүүчү 120 мм калибрдеги "Нона" 2С9 артиллериялык-миномёттук тутуму да өзүнчө кеп кылууга татыктуу.
Ошол эле учурда РФтин планетадагы коңшулары да жөн жаткан эмес. 1990-жылдардын аягында Франция 120 мм калибрдеги 2R2M мобилдик миномётун (башкача айтканда, машинага орнотулган Recoiling Rifled Mounted Mortar) жасаган.
Израилдик адистер 2000-жылдардын башында 120 мм калибрдеги CARDOM (Computerised Autonomous Recoil rapid Deployed Outrange Mortar) миномёттук комплексин чыгарышкан. Кийин аны АКШ, Испания жана башка өлкөлөр активдүү сатып алышкан.
Смерч залптык октун реактивдүү тутуму. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын Украинаны кооптуу ок-дары менен жабдышына Россия кандай жооп берет? Сереп
2006-жылдан бери Финляндия менен Швецияда сегиз дөңгөлөктүү Patria БТР же CV90 ок өткөрбөс платформанын 120 мм калибрдеги эки стволдуу AMOS (Advanced Mortar System – болочоктун миномёттук тутуму) комплексин өндүрүп келет. Ал түгүл Польша да 2013-жылы Patria AMV 8x8 шассисиндеги RAK120 мунаралуу миномёттук тутумун чыгарган.
Алардан сырткары Германия, Кытай, Сингапур, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги да өзү жүрүүчү миномётторду чыгарат. Тизме бул өлкөлөр менен да чектелбей калышы ыктымал.
Атайын аскердик операция Россия армиясынын жогорку технологиялык жактан кайра куралдануусуна чоң түрткү берди. Бүгүнкү күндө украиналык согуштук аракеттер театрында россиялык артиллеристтер ок күчү, ствол жана дүрмөттөрдүн саны боюнча гана айырмаланган жок.
18-июлда Россия премьер-министри Михаил Мишустин 2022-жылдын октябрынан тарта Коргоо министрлигинин керектөөсүнөн улам, РФ жогорку технологиялык курал чыгаруу көлөмүн арттырганын билдирди.
РФ президенти Владимир Путин: "Курал-жарактын негизги түрлөрү боюнча өндүрүш жылына 2,7 эсеге, ал эми негизги багыттар боюнча он эсеге көбөйтүлгөн".
Россия армиясы ай сайын 100 чакты жаңы танк алып, ок-дары жагынан да тартыштык жок. Аба-космостук күчтөрүнө да 4-5-муундагы бирдиктер берилүүдө. Россияда өзү жүрүүчү таамай артиллериянын технологиялык прогресси өнүгүүгө карай бет алды. Ошол эле учурда АКШ менен НАТОнун аскер-өнөр жай комплекси украиналык согуштук аракеттер театрында чабалдыгын көрсөтүүдө.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
XI Эл аралык аскер-деңиз салону - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2023
Кубаттуу, мыкты. Эл аралык көргөзмөдөгү россиялык жогорку технологиялык табылгалар
Жаңылыктар түрмөгү
0