Депутат 520 миң долларга кен сатып алдыбы? Коргонбай уулу видеонун чоо-жайын айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Жазылуу
Депутат бул окуя былтыр болгонун, анда ортого түшүп компанияны инвестор инилерине алып бергенин айтты.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу 520 миң долларга көмүр казган компанияны сатып алып жаткан видеонун чоо-жайы боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
Социалдык тармактарга депутат Ош шаардык Кайгуул милициянын нөөмөт бөлүмүнүн жетекчиси Болот Нурматов делген адам менен кол алышып, соодалашкан видеосу тараган.
"Кудай буюрса кол алыштык ээ. "Ысман-Тоо" компаниясынын 100 пайыздык үлүшүн мага 520 миң долларга сатты, мен алдым. Мен кийин айныбайм, сиз дагы айныбаңыз. Ыраазысызбы? Бул видео өзүмдүн телефонума тартылып жатат, эч жакка чыкпайт", — деп сүйлөгөн Коргонбай уулу.
Ага компаниясын сатып жаткан адам видео коомчулукка чыгып кетпесин деп аябай тынчсызданып жатканын көрүүгө болот. Ош шаардык Кайгуул милициянын маалымат кызматы аларда Болот Нурматов аттуу кызматкер иштей турганын тастыктады. Бирок видеодогу киши ошолбу же жокпу айта алышкан жок.
Ал эми Коргонбай уулу бул окуя былтыр болгонун, депутат катары ортого түшүп, компанияны инвестор инилерине алып бергенин айтты. Аталган кен Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Бел-Алма" көмүр кенинин жанында жайгашкан.
"Бул фирманы эки адам талашып жүргөн экен. Бирок Болот Нурматов дегенден алды, анын бүт тиешелүү документтери болгон. Компанияны өзүмдүн атыма каттатып же мен барып көмүр казып жаткан жерим жок. Видеодо мен ортомчу эле болгом, кагазга жазылганды караш керек да. Саткан кишилер ноокаттык жердештерим болгону үчүн ортого түшүп алып бердим", — деди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына ишкерлик менен алектенүүгө тыюу салынат.
Депутат Зиядин Жамалдинов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
Сөзсүз жарылыш керекпи? Депутаттар Зиядин Жамалдиновдун отставкасын талап кылды
Жаңылыктар түрмөгү
0