Сөзсүз жарылыш керекпи? Депутаттар Зиядин Жамалдиновдун отставкасын талап кылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Зиядин Жамалдинов. Архив
Депутат Зиядин Жамалдинов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
Жазылуу
Буга чейин облус башчысы депутаттардын суранычтарын аткарбай койгону үчүн сындап жатканын билдирген.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун кызматтан кетишин талап кылышты.
Белгилей кетсек, өткөн жумада беш депутат облус башчысын сындап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп коррупциялык иштерге айыптаган. Ал айыл өкмөт, мектеп директорлоруна чейин кысым көрсөтүп, бир тууган агасына жерлерди алып бергенин айтышкан.
Ошол эле күнү Жамалдинов маалымат жыйын өткөрүп, эл өкүлдөрү сунуштаган адамдарды кызматка койбой койгону үчүн сынга кабылганын билдирген.
Мындан улам маселе бүгүн да парламентте көтөрүлдү. Аны сындаган Жусупбек Коргонбай уулу облус башчысынан кызмат эмес, бир кап буудай дагы сурабаганын айтты.
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

Жусупбек Коргонбай уулу

Жусупбек Коргонбай уулу - Sputnik Кыргызстан
1/2

Жусупбек Коргонбай уулу

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

Алишер Козуев

Алишер Козуев - Sputnik Кыргызстан
2/2

Алишер Козуев

1/2

Жусупбек Коргонбай уулу

2/2

Алишер Козуев

Алишер Козуев болсо далилдүү фактылары бар экенин айтып, Жамалдинов жалаа жаап жатат деп күнөөлөдү. Эгер ал сөзүнө жооп бере албаса коомчулукка чыгып кечирим сурап коюшун талап кылды.
Ал эми Шайлообек Атазов президенттин Оштогу өкүлү кайым айтышпай иштен кетиши керектигин билдирди.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Шайлообек Атазов
Депутат Жогорку Кенеша Шайлообек Атазов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023

"Жусупбек Коргонбай уулу менен Алишер Козуев Ош облусунун башчысын сындаса, ал соцтармактан кайым айтышууда. Губернаторлор, бул орун силердин чоң атаңардан калган мурас эмес. Колуңардан келбесе кеткиле. Депутаттар басып алган жер, ресторан, мейманкана, саунаңарды айткандан кийин фейк менен каяша айтпай, кеткиле. Иштей турган уул-кыздар бар", — деди Атазов.

Ал эми Балбак Түлөбаев окуяны Жамалдинов соттун чечимин аткарбай жана алашем иштери менен өкмөттүн бетине түкүрүп жатат деп баалады.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Балбак Түлөбаев
Депутат Жогорку Кенеша Балбак Тулобаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
"Былтыр Өзгөн районунан бир кат түшкөн. Ал арызды мен бардык жерге жибергенде "соттун чечимин күтөлү" дешкен. Райондук да, облустук да соттун чечими чыкты. Аны аткарбай жатат. Оштун башчысы соттун чечимине баш иеби же жокпу? Азыр дагы бир арыз түшүптүр, көмүр кени боюнча ызы-чуу. Мындай губернатордун кимге кереги бар? Күндө ызы-чуу, кичине реакция кылбайсыңарбы. Сөзсүз эле жарылыш керекпи? Бул кызмат ага атасынан калганбы? Буга бир чечим кабыл алыш керек да. Иштей албаса, ордун бошотуп башка жакка өтө бербейби. Урматтуу өкмөт, бул сиздердин бетиңерге түздөн-түз түкүрүк да", — деди Түлөбаев.
Надира Нарматова облус башчынын жооп кайтарганын "кой өлгүсү келсе койчумандын таягына сүйкөнөт" деп сыпаттады.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Надира Нарматова
Депутат Надира Нарматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023

"Чындык ушундай чычалатат. Ак болсо унчукпай отуруп такташып алса болмок, жаш баладай болуп серең этип чыга калбай. Мени жакшы билесиздер, ким болбосун акыйкат үчүн тикемден тик туруп, эркекче мамиле жасайм. Анан туура эмес нерсеге мен чыдай албайм. Зиядин Жамалдиновду кызмат абалынан пайдаланган коррупционер деп ойлоп жүрдүм эле. Көрсө, ал жалганчы, кырына чыккан аферист да экен. Мен Ноокаттан бир сантиметр жер же бир кароолчуну жумушка алууну суранган жокмун. Эмнеге жалаа жабат?" — деп ачууланды Нарматова.

Белгилей кетсек, Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп 2021-жылдын июль айынан бери иштеп келе жатат.
ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2023
"Эркекче-меркекче" деген өтпөйт. Спикер президенттин кеңешчисине эскертүү берди
Жаңылыктар түрмөгү
0