Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдрахманов: 8 түрлүү агротехника өндүрдүм

© Sputnik / Асель СыдыковаИнженер, конструктор Дастанбек Абдрахманов
Инженер, конструктор Дастанбек Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2023
Жазылуу
Инженер, конструктор Дастанбек Абдрахманов эки жылдын ичинде конвейер системасына түшүп, унаа өндүрүүчү завод ачуу планы бар экенин айтты.
Агротехникаларды кураган Дастанбек Абдрахманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып кыргыз автоөндүрүшүнө салмактуу салым кошуп, аталган тармакты жаӊы деӊгээлге чыгаруу максаты бар экенин билдирди.
Абдрахманов: 8 түрлүү агротехника өндүрдүм
Анын айтымында, жакында курулуш тармагында иштеген (жүк ташуучу, бетон аралаштыргыч) эки техниканын модели толук бүткөрүлөт.
"Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин машина куруу факультетинде билим алгам. Бул жаатта адистер аз. Билим алгандары деле өз кесиби менен иштеп кетпейт. Себеби эгемендүүлүк алгандан кийин машина куруу тармагы таптакыр тыным алып, жок болуп кеткен. Бир гана "Кыргызавтомаш" заводу унаалардын радиаторун өндүрүп келет. Эми гана бул тармакка көӊүл бөлүнүп, өнүгүү жолуна түштү. Менин максатым — мамлекетте техникалардын өндүрүлүшүнө, автоөндүрүш тармагынын өнүгүшүнө салым кошуу. Учурда агротехникаларды куроодон баштадым. Анткени мен өндүргөн кичинекей көлөмдөгү техниканы куроого уруксат кагаздарын алуу жеӊил, анын үстүнө айыл чарбасында техника дайыма жетишсиз болуп келген. Учурда сегиз түрлүү агротехниканы курап чыктык. Бул техникалардын моделин өзүбүз иштеп чыкканбыз. Кыймылдаткычы Кытайдан алынса, мост коробкасы СССРден калган тетиктери реконструкцияланып орнотулат. Эки жылдын ичинде масштабдуу машина куроо иштерин баштап, бардык тетиктерин өзүбүз өндүрөбүз", — деди Абдрахманов.
Ал электромобиль өндүрүү аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0