Зордукталган 13 жаштагы кыз: судья милиционерлердин жазасы эмнеге азайганын айтты

© Sputnik / Эркин СадыковБишкек шаардык сотунун судьясы Мирад Динаев (оңдо) маалымат жыйын учурунда
Бишкек шаардык сотунун судьясы Мирад Динаев (оңдо) маалымат жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2023
Жазылуу
Свердлов райондук соту эки милиционерди 15 жылга эркинен ажыраткан болчу.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык сотунун судьясы Мирад Динаев маалымат жыйын өткөрүп, 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча соттолгон эки милиционердин жаза мөөнөтү эмне үчүн кыскарганын айтып берди.
Чуулгандуу окуя боюнча былтыр март айында эки милиционер жана бир киши кармалган. Президент Садыр Жапаров да үн катып, кылмыш жасагандарды актоого жана жазасын жеңилдетүүгө эч качан жол берилбеши керектигин айткан. Свердлов райондук соту эки милиционерди 15 жылга, жөнөкөй жаранды 10 жылга эркинен ажыраткан.
Жакында эле Бишкек шаардык соту милиционерлердин бирин алты, экинчисин тогуз жылга кескени белгилүү болду.
"Кылмыш 2021-жылы жасалган, демек, ал кезде жаңы Кылмыш-жаза кодекси (2021-жылкы) күчүнө кире элек болчу. Тергөө жаңы мыйзам боюнча айып таккан. Биринчи инстанциянын өкүмү боюнча айыпталуучулардын жобосу күчөтүлгөн, болбосо мыйзам ага тыюу салат. Экинчи инстанция эгер апелляциялык даттануу болсо, өкүмдүн мыйзамдуулугун текшерүүгө жана негиздеп берүүгө укуктуу. Биз андай укукту эки айыпталуучуга карата колдонуп, өзүбүздүн чечимди чыгардык. Үчүнчү айыпталуучу биринчи инстанциянын чечимине даттанган жок", — деди Динеев.
Ошондой эле ал иш мыйзамдуу, объективдүү жана ар тараптуу каралганын, анан калса резонанстуу окуя экенин белгиледи. Судья, айыпталуучулар сотторду сатып алышы мүмкүн деген маалыматты четке какты.
Динеев ЖМКлар коюлган айыпты туура эмес түшүнүп, зордуктоо жөнүндө жазып жатышат деген пикирин билдирди. Анын айтымында, тергөө кармалгандарды Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 3-бөлүгүнө күнөөлөгөн. Анда "Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо", тагыраагы, "Кылмыштардын белгилери болбогондо, шантаж кылуу жолу менен же болбосо жабырлануучунун материалдык же башкадан көз каранды болгонун пайдалануу менен жыныстык катнашка же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди кылууга адамды мажбурлоо 14 жашка толо элек балага карата жасалса" деп жазылган.
Судья бул берененин "зордуктоодон" айырмасы бар деген пикирин айткан.
Туткун. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2023
ИИМ: Оштогу адам өлтүрүүгө катышкандардын баары соттолгондор
Жаңылыктар түрмөгү
0