00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Праздник, шашлык и скандал: почему длинные выходные опасны для многих семей
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ИИМ: Оштогу адам өлтүрүүгө катышкандардын баары соттолгондор

Туткун. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2023
Жазылуу
Учурда бул кылмыш ишине катыштыгы бар делген беш адам кармалды. Алардын арасында кримавторитет Кадырбек Досонов да бар.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Оштогу адам өлтүрүү боюнча иштин бардык фигуранттары мурун соттолгондор. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев маалымат жыйында билдирди.
Оор кылмыштын уюштуруучусу "Женго" лакап аты менен таанымал Кадырбек Досонов экени айтылууда. Ал эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Досонов буга чейин оор кылмыштар үчүн он жолу соттолгон.
Аны менен кошо төмөнкүлөр кармалды:
Акылбек Раимберди уулу — мурун сот жообуна тартылган;
Эламан Коргонбай уулу — алдамчылык жана бейбаштык беренелери боюнча жоопко тартылган;
Курсантбек Шакир уулу — адам өлтүрүү, денеге оор залал келтирүү, опузалоо жана талап-тоноо боюнча кылмыш иши козголгон;
Нурбек Чубаков — мурун каракчылык боюнча соттолгон;
Актилек Абдибалы уулу — каракчылык, куралды мыйзамсыз сактоо жана уурулук боюнча соттолгон.
Абдиев ИИМдин каттоосунда турган бир катар адамдар изделип жаткандыгын кошумчалады. Расмий түрдө беш кишиге издөө жарыяланып, төртөө буга чейин кармалган. Алардын үйлөрү тинтилип, буюм далилдери табылды.
Бүгүн камактагылардын баарынын баш коргоо чарасы каралат.

Каза болгон жана жабыркаган жарандар тууралуу

Өлтүрүлгөн Нурсултан Асанов буга чейин денеге оор залал келтиргендиги жана каракчылык кылганы үчүн сот жообуна тартылган. Ал баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча тергөөдө болчу. Милиция андан товар сатып алып, эми ири партия сатып жаткан учурунда кармоого аракет жасап жаткан.
Жабырлануучу Майрамбек Низамов (видеодо аёосуз ур-токмокко алынган) мурун пара талап кылуу, денеге залал келтирүү, тоноо жана бейбаштык боюнча соттолгон.
Абдиев жаштардын көбү өзүнө максат койбой, тез эле баюу, жакшы жашоо үчүн кылмыш дүйнөсүнө жеңил-желпи кирип жатканын айтты. Алардын арасында спортчулар да бар. Министрдин орун басары криминалдын өмүрү кооптуу жана кыска экенин эскертти.
Буга чейин социалдык тармактарга топтошкон кишилердин урушуп жаткан видеосу тараган. Анда бир адамды экинчиси арматурага окшош буюм менен аёосуз сабап, тепкилеп жаткандыгын көрүүгө болот. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштын жагдайын тактап, жаңжалда арматура менен сабалган эмес, бычактан жаракат алган экинчи адам каза болгондугун билдирген. Маркум ал видеого түшпөй калган.
Кылмышка катыштыгы бар делген Женгодон тышкары издөөдө жүргөн төрт шектүү кармалган. Башкаларды издөө иштери уланууда.
Союл кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2023
Оштогу адам өлтүрүү: ИИМ кылмыштуу жаңжалдын себебин атады
Жаңылыктар түрмөгү
0