Манас күнүнө карата жыл соңуна чейин бир катар иш-чаралар өтөт. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектин Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги. Архив
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Жазылуу
Тематикалык тасмаларды өлкөнүн бардык театрларында көрсөтүү милдеттендирилет.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Манас күнүнө карата 4-декабрда бир катар иш-чаралар өтө турганын билдирди.
Быйылкы иш-чаралар манасчы Калманбет уулу Токтогулдун 170, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150, манасчы Көкчеке-Мамбетаалы Ашымбай уулунун 125, манасчы Турдумамбет Акматалиевдин 100, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, семетейчи Сейдене Молдокееванын 100, КР эл артисти, манасчы Шаабай Азизовдун 95 жылдыгына да арналат.
2-декабрда саат 14:00дө манасчы Рысбай Исаковдун дүйнөлүк Гиннесстин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн Улуттук тарых музейинде расмий тапшыруу аземи өтөт.
3-декабрда саат 14:00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада манасчы Салимбай Турсунбаевдин "Чоң казат" жана замандаштарынын эскермелери менен манасчынын соңку жылдарда жазган ырлары камтылган "Санаты сансыз Салимбай" аттуу китептеринин бет ачары болот.
4-декабрь күнү саат 15:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Айкөлдүн аманаты" спектаклинин премьерасы коюлат.
Ошондой эле Манас күнүнө карата сүрөт көргөзмө, тегерек стол жана башка иш-чаралар республикалык, облустук жана райондук музейлерде, китепканаларда жыл аягына чейин өткөрүлөрү белгиленди. Аны менен катар Манас күнүнө арналган тематикалык фильмдер өлкөнүн бардык театрларында көрсөтүү милдеттендирилет.
Аталган маданий иштер Маданият министрлиги жана "Манас" театрынын колдоосунда өтмөкчү.
Мукамбеткалый Касеновдун Алда жаш жубайлар, ай! спектакли - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Кыргыз драма театры декабрда коюлчу спектаклдердин репертуарын жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0