Келечектин автокөлүктөрү: Лос-Анжелесте өткөн машиналардын көргөзмөсү сүрөттө
Келечектин автокөлүктөрү: Лос-Анжелесте өткөн машиналардын көргөзмөсү сүрөттө
Sputnik Кыргызстан
Лос-Анжелесте автоунаалардын жана автоунаа технологияларынын жаңы түрлөрүн тартуулаган AutoMobility LA көргөзмөсү өттү. Анда гибрид-машиналар, жолтандабастар... 24.11.2022, Sputnik Кыргызстан
Иш-чара жыл сайын салтка айлангандай ноябрда Los Angeles Convention Center комплексинде болуп келет. Алгачкы көргөзмө 1907-жылы өткөрүлгөн. Заманбап автомобиль өнөр жайынын негизги максаты — электр жана суутек менен иштеген моторлорго өтүү.Тема боюнча:— "Күйгөн" дарыя, суу алдындагы ири бегемот. Жаныбарлардын мыкты сүрөттөрү— Кыргыздын чырайлуу, таланттуу актрисалары... Кызыктуу сүрөттөр
Лос-Анжелесте автоунаалардын жана автоунаа технологияларынын жаңы түрлөрүн тартуулаган AutoMobility LA көргөзмөсү өттү. Анда гибрид-машиналар, жолтандабастар, спорттук автоунаалар жана үстү ачылган автокөлүктөр (кабриолет) көрсөтүлдү.
Иш-чара жыл сайын салтка айлангандай ноябрда Los Angeles Convention Center комплексинде болуп келет. Алгачкы көргөзмө 1907-жылы өткөрүлгөн. Заманбап автомобиль өнөр жайынын негизги максаты — электр жана суутек менен иштеген моторлорго өтүү.
Toyota LQ автоунаасы өзү деле жүрүп кете берет, бирок ичинде киши болушу керек. Ал шаар ичинде көчө кесилиштеринен жана айлампалардан тоскоолдуксуз өтүп, жолдогу ар кандай кырдаалдарга ыкчам аракет көрө алат. Автоунаа батарея менен жабдыкталган.

Вьетнамдык VinFast электромобиль чыгаруу компаниясы бир нече жолтандабасты, анын ичинде эки кроссоверди тартуулады. Алар жакынкы убакта сатыкка чыгып баштамакчы.
Вьетнамдык VinFast электромобиль чыгаруу компаниясы бир нече жолтандабасты, анын ичинде эки кроссоверди тартуулады. Алар жакынкы убакта сатыкка чыгып баштамакчы.