Кыргыздын чырайлуу, таланттуу актрисалары... Кызыктуу сүрөттөр
Кыргыздын чырайлуу, таланттуу актрисалары... Кызыктуу сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Быйыл "Кыргызфильм" 81 жылдыгын белгилөөдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографисттердин тасмаларына катышкан сулуулардын сүрөттөрүн... 17.11.2022, Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы Фрунзе кинохроника студиясы 1941-жылы 17-ноябрда өкмөттүн токтому менен уюшуп, жаңы түзүлгөн маданий жайга жабдуу, техника алып келинип "кыргыз кереметине" чыйыр салынган.Ата мекендик киночулардын тарткан эмгектерине кыргыздын чырайлуу кыз-келиндери тартылган. Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова, Таттыбүбү Турсунбаева, Жамал Сейдакматова, Айтурган Темирова, Гүлнара Кадыралиева, Гүлсара Ажыбекова, Мамлакат Кылычева, Гүлнара Чокубаева, Анара Мамбетова, Шайыр Касымалиева, Нүргүл Киндербаева, Анара Макекадырова тартылган фильмдер классикага айланса, улуу муундун ардактуу жолун Таалайкан Абазова, Альбина Имашова, Элина Абай кызы татыктуу улантып жатышат.Ошондой эле чет элдик актрисалар да роль аткарууга чакыртылган учурлар болгон.Тема боюнча:
Быйыл "Кыргызфильм" 81 жылдыгын белгилөөдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографисттердин тасмаларына катышкан сулуулардын сүрөттөрүн сунуштайт.
Борбор калаадагы Фрунзе кинохроника студиясы 1941-жылы 17-ноябрда өкмөттүн токтому менен уюшуп, жаңы түзүлгөн маданий жайга жабдуу, техника алып келинип "кыргыз кереметине" чыйыр салынган.
Ата мекендик киночулардын тарткан эмгектерине кыргыздын чырайлуу кыз-келиндери тартылган. Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова, Таттыбүбү Турсунбаева, Жамал Сейдакматова, Айтурган Темирова, Гүлнара Кадыралиева, Гүлсара Ажыбекова, Мамлакат Кылычева, Гүлнара Чокубаева, Анара Мамбетова, Шайыр Касымалиева, Нүргүл Киндербаева, Анара Макекадырова тартылган фильмдер классикага айланса, улуу муундун ардактуу жолун Таалайкан Абазова, Альбина Имашова, Элина Абай кызы татыктуу улантып жатышат.
Ошондой эле чет элдик актрисалар да роль аткарууга чакыртылган учурлар болгон.
СССРдин эл артисти, белгилүү актриса Бакен Кыдыкеева менен казакстандык актриса Раушан Сармурзина. Актрисалар кинорежиссёр Геннадий Базаровдун "Саманчынын жолу" тасмасына тартылган.
СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов, кичинекей Анара Макекадырова менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Гүлсара Ажыбекова. "Кызыл алма" кинофильмин тартуу учуру.
Кыргызстанга чет элдик актрисалар да чакыртылып турган. Сингапурлук актриса Жулия Никсон менен таланттуу актриса Шайыр Касымалиева. Алар 1994-жылы "Чыңгыз хан" кинокартинасы тартылган.