Садыр Жапаров Синдзо Абэнин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров
Президент Кыргызстана Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Жазылуу
Экс-премьер бүгүн эртең мененки кол салуудан кийин ооруканада көз жумган.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисидага экс-премьер-министр Синдзо Абэнин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
"Жеке мени, Кыргыз Республикасынын бардык элиндей эле, бул кабар нес кылды. Бул бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн чоң жоготуу. Чечкиндүү инсан, таланттуу саясатчы дүйнө салды. Синдзо Абэ масштабдуу инсан болгон, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын коргоо канчалык маанилүү жана зарыл экендигинин таасын үлгүсү болгон. Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо маанилүү ролду ойногон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары Абэ мырзанын жаркын элеси сакталат. Аны жоготуу аны билгендердин бардыгы үчүн орду толгус. Кыргызстандын эли Япония эли менен бирге аза күтөт", — деп айтылат телеграммада.
Эскерте кетсек, Синдзо Абэге бүгүн эртең менен Нара шаарында эл алдында сүйлөп жаткан кезинде кол салуу болгон. Артынан атылган ок Абэнин мойнуна тийгени айтылган. Эс-учун билбей жыгылган саясатчы тик учак менен ооруканага жеткирилип, абалы өтө оор деп бааланган. Синдзо Абэ түштөн кийин көз жумган.
Кылмыш болгон жерден 41 жаштагы Тэцуя Ямагамини кармашкан. Ал тартип сакчыларына каршылык көрсөткөн эмес. Бир канча убакыттан кийин адам өлтүрүүгө күнөөлөнүп, камакка алынган. Япон ЖМКлары Ямагами 2005-жылга чейин үч жыл өлкөнүн Аскердик-деңиз күч түзүмүндө кызмат кылганын, андан соң эмне иш менен алектенип келгени белгисиз экендигин жазышты.
Ямагами суракка алынганын, мындай кадамга "Абэнин саясатына нааразы" болгону үчүн барганын айтып бергени маалым болду.
Синдзо Абэ Япониянын өкмөтүн эки ирет жетектеген. Тагыраагы, 2006-2007-жылдары жана андан кийин 2012-2020-жылдары премьер-министрлик кызматты аркалаган.
Ал Либералдык-демократиялык партиядан баш-аягы тогуз жолу Эл өкүлдөр палатасына депутат болгон жана аталган партияны жетектеп келген.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Садыр Жапаров БАЭ президентинин көз жумганына байланыштуу көңүл айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0