Эмгек жолу:
- 1991-1994 — "Солтонкул" дыйкан чарбасынын жетекчиси;
- 1994-1996 — "Кергей" нефти компаниясынын директору;
- 1996-1997 — Ысык-Көл облустук ИИМдин атайын ротадагы инспектору;
- 1997-2001 — Мунай зат ташыган "Гузель" компаниясынын башкы директору;
- 2001-2005 — Балыкчы шаарындагы "Нурнефтегаз" мунай компаниясынын башкы директору;
- 2005-2007 — Жогорку кеңештин депутаты, "Келечек" фракциясынын жетекчиси;
- 2006 — Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү;
- 2007 — Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары;
- 2008-2010 — Жемкордукту алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары;
- 2010-2013 — Жогорку кеңештин депутатты, сотттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин жетекчиси.
- 2017-жылы 25-мартта Садыр Жапаров кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Экс-депутат 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.
Жапаровдун жактоочулары чечимди өзгөртүү үчүн Аламүдүн райондук сотуна кайрылышкан. Бирок өкүм өзгөрүүсүз калган.
2017-жылы сентябрда саясатчынын атасы Нуркожо Мустали уулу каза болуп, Садыр Жапаров топурак сала албай калган. 2019-жылы мартта апасы Кадича Жапарова көз жумса, август айында уулу Дастан жол кырсыгына кабылып мерт болгон. Апасы менен уулуна топурак салууга уруксат берилген. - 2020-жылы 6-октябрда митингге чыккан эл тарабынан абактан бошотулуп, премьер-министрликке көрсөтүлгөн.
- 2020-жылы 14-октярбда Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп бекиди;
- 2020-жылы 15-октябрда Кыргызстан Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу болду;
- Декабрь айында кызматын ЖК төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берип, январда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер катары аттанган;
- 2021-жылы 10-январда алдын ала эсептөө боюнча Кыргызстандын президенти болуп шайланды;
- 2021-жылы 28-январда инаугурация аземи өтүп, президенттик кызматка расмий киришти.