Жапаров: аэропортторду инвесторго берсек жылына 8 млрд. сом пайда көрөбүз

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Жазылуу
Өкмөт башчы учурда "Манас" аба майданы күнүнө 16 гана учак тейлеп жатканын, реконструкциядан кийин 160 каттамга ылайыкташарын белгиледи.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Манас" жана "Ош" аэропортторун инвесторго берүүнүн артыкчылыктары тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, сырткы башкарууга өткөрүүнүн пайдасы абдан көп, аны билип-билбей эле кыйкырып жаткандар болууда.
"Биз деле эсептегенди билебиз. Кыргызстан үчүн, кийинки муундардын келечеги үчүн күйүп-бышабыз. Мисалы, азыр аэропортубузга күнүнө 16 учак конуп-учуп жаткан болсо, эки жылдан кийин 160ка жетет. Эң акыркы үлгүдөгү учуп-конуу тилкеси салынат. Туманга карабастан каттам токтобойт. Азыр кичине эле туман болсо Алматыга барып конуп жатышпайбы. Мындан сырткары, жүк ташуучу терминал курулат. Жылына жүз миң тоннадан ашык жүк биздин аэропорттор аркылуу өтүп турат", — деди Жапаров.
Өкмөт башчынын аба майдандарды башкарууда жана кирешесин алууда 50/50 пайыздык үлүш бөлүштүрүлөрүн белгиледи. Бүгүнкү күндө 100 пайыздык үлүш менен жылына 4 миллиард сом пайда түшсө, эки жылдан кийин 50 пайыз үлүш менен эле Кыргызстан 8 миллиард сом пайда көрөрүн билдирди.
"Эмне үчүн эки жылдан кийин десеңер, биз инвесторлорго эки жылда бүтүрүп, ишке киргизесиңер деген талапты койдук. Эгер толук аткара албасаңар, салган акчаңар күйүп кетет, кайтарбайбыз деген келишим түзөлү деп жатабыз. Инвесторлор макул болууда. Бирок келишимдин мөөнөтүн канча жылга түзөбүз деген талаш турат. Биз 29, алар 39 жыл сурап жатат. Бардык эле инвестор эки-үч эселеп пайда көрүп кетүүнү самайт. Анан эң негизгиси, биз "ме" деп эле аэропортторду кармата салып жаткан жокпуз. Башкарууну да чогуу кылабыз. Эмне алар аэропортторду көтөрүп кетмек беле. Биздин көзөмөлдө болот", — деди өкмөт башчы.
Министрлер кабинетинин төрагасы эгер Кыргызстан аэропортторду өз алдынча кура турган болсо 10-15 жыл убакыт кетерин, бирок логистиканы өнүктүрө албастыгын айтты.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өкмөт "Манас" жана "Ош" аэропортторун эч бир конкурсу жок түркиялык белгисиз компанияга берип жатат деп сындап чыккан.
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
Өкмөттүн "Кыргыз эйрвейс" ишканасы лизингге эки учак алууну пландап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0