Акжол Махмудов дүйнөлүк курама командага кирди. Беттеш Германияда өтөт

© Фото / United World WrestlingТокио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов
Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
Жазылуу
18-июнда Людвигсбург шаарында The last fight турнири өтөт.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов дүйнөлүк курама командага кирип, бул курам менен Германия командасына каршы күрөшөт. Бул тууралуу германиялык сайттар жазды.
Билдирмеге караганда, 18-июнда Людвигсбург шаарында The last fight турнири өтөт.
"Махмудов дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Европанын экс-чемпиону Паскаль Айзел менен кармашууга чакырылган. Алардын беттеши 82 килограммга чейинки салмак категориясында өтөт", — деп жазылат билдирмеде.
Маалым болгондой, ата мекендик спортчу бул мелдеште жаракат алган азербайжандык Рафиг Гусейновду алмаштыра турганы айтылды.
Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Эртеби-кечпи, жолугабыз! Акжол Махмудов Роман Власов менен беттеши жылганын билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0