Жаанчыл болобу? Алдыдагы аптага аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина идет по бульвару Эркиндик в Бишкеке во время дождя. Архивное фото
Мужчина идет по бульвару Эркиндик в Бишкеке во время дождя. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2022
Жазылуу
Синоптиктердин божомолу боюнча, апта ичинде бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 12-13-июнда кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Чүй облусу

12-13-июнда күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 14-июнда күндүз жана 15-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 16-17-июнь күндөрү кайрадан жаан-чачындуу болот. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Талас облусу

12-13-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүүдө. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 14үнөн тарта 17-июнга чейин кээ бир гана райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарында дагы апта жаанчыл болот. 12-июнь күнү Жалал-Абад облусунан башка аймактарда жаан жаайт. 14-июнь күнү гана үч облуста тең күн ачык болуп, башка күндөрү күндүз жер-жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө.

Ысык-Көл облусу

12-13-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбогону менен күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 14-июнда башка облустардай эле жаан жаабайт. 15-июнда күндүз жана 16-17-июнда кээ бир райондордо жаан жаашы ыктымал.

Нарын облусу

Нарын облусунда дагы аптанын аягына чейин жаан көп жаайт. 14-июнда күндүз жана 15-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Кыз фонтандын жанында отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2022
Жайдын биринчи айы ысык болобу? Июнга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0