Жайдын биринчи айы ысык болобу? Июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКыз фонтандын жанында отурат. Архив
Кыз фонтандын жанында отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2022
Жазылуу
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет июнь айына карата аба ырайы тууралуу маалымат таратып, өлкөнүн көп облустарында абанын температурасы климаттык норманын чегинде болорун билдирди.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометИюнь айында абанын орточо температурасы
Среднемесячная температура воздуха по Кыргызстану в июне 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Июнь айында абанын орточо температурасы
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометИюнь айында жаан-чачын орточо көлөмү
Среднемесячное количество осадков в Кыргызстане в июне 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Июнь айында жаан-чачын орточо көлөмү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 21…23 градус жылуу, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо +14…+16 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8…13 градустан 18…23 градуска чейин, күндүз 23…28 градустан 31…36 градуска чейин ысык болот. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал (Чүй өрөөнүндө 31-42 мм, тоо этектериндеги райондордо 70-73 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде, 19…21 градус жылуу болушу божомолдонууда.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +5…+10дон +14…+19 градуска чейин, күндүз 22…27 градустан 30…35 градуска чейин ысык болору күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (26-31 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +22…+24, тоо этектериндеги райондордо +18…+20 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +19…+24 градуска чейин, күндүз +22…+27 градустан 32…37 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын, тоо этектеринде климаттык нормадан арбын болушу күтүлүүдө (13-19 мм, тоо этектериндеги райондордо 43-45 мм).
Кыргызстанда Балыкчы — Кочкор темир жолу кантип курулууда? Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Кыргызстанда Балыкчы — Кочкор темир жолу кантип курулууда? Видео

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +22...+24, тоо этектериндеги райондордо +18…+20 градуска жетет.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +19…+24кө чейин, күндүз +22…+27ден +32…+37 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектеринде климаттык нормадан арбын болушу күтүлөт (30-32 мм, тоо этектериндеги райондордо 27-92 мм).

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп, +22...+24, тоо этектериндеги райондордо +18…+20 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +19…+24кө чейин, күндүз +22…+27ден 32…37 градуска чейин ысык болору айтылууда.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектеринде климаттык нормадан арбын болору божомолдонду (19-21 мм, тоо этектериндеги райондордо 29-31 мм).
Өзгөчө сезим калтырат! Кумдуу бороондун кишини кайдыгер калтырбаган 11 сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Өзгөчө сезим калтырат! Кумдуу бороондун кишини кайдыгер калтырбаган 11 сүрөтү

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп, +15…+17 градус болушу күтүлүүдө.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8ден +11…+16 градуска чейин, күндүз +14…+19дан 24…29 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, чыгыш тарабында климаттык нормадан арбын болушу мүмкүн (27-32 мм, чыгышында 55-86 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +14…+16 градуска жетет.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +1…+6дан +8…+13 градуска, күндүз +15…+20дан +24…+29 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (38-56 мм).
Ысык учурунда желдеткич менен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Метеорологдор: 2022-жылдан тарта жер бетинде 5 жылдык мээ кайнаткан ысык башталат
Жаңылыктар түрмөгү
0