Нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрөт. ӨКМдин шашылыш билдирүүсү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги жаан учурунда кишилер
Бишкектеги жаан учурунда кишилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Жазылуу
Бийик тоолуу жерлерге кар жаай турганы айтылды.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. 3-4-июнда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бул күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаашы, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши менен жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Сел. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Арык менен каналдарды тазалагыла! ӨКМ сел каптоону алдын алууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0