Дизайнер Аскаралиев: Миланда моделдерим кетип калып айламды кетирген

© Sputnik / Табылды КадырбековДизайнер Залкар Аскаралиев
Дизайнер Залкар Аскаралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2022
Жазылуу
"НЭО Ника", "Древо жизни", "Түшүмдө" кийим коллекцияларынын автору Залкар Аскаралиев кооздук менен сулуулукту көрө билген адам гана дизайнер болорун айтат. Ал зымдан, кийизден жасалган коллекциялары жана зер жасалгалары менен дүйнөлүк фестивалдарга да катышып жүрөт.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда дизайнер Залкар Аскаралиев болуп, чыгармачыл кесиби жана искусство, мода тууралуу айтып берди.
— Негизи мектепте окуп жүргөндө эле зымдан буюмдарды жасап баштаган экенсиз, буга эмне түрткү болду?
— Чоң аталарым уста кишилер болгон. Мен зергерчиликке жакын болдум. Айылда туулуп-өскөн баламын. Кичинемден бери сүрөт тартып келем. Окуучулук куракта алюминий зымдардан түрдүү буюмдарды жасай берчүмүн. Кийин таежемдин кызы колледждин дизайнер жагында окуп, мен дагы кызыга баштадым. Бирок "дизайнер болуу балдар үчүн эмес" деген сөздөрдөн улам, дарыгер-дерматолог болуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөдө химия, биология сабагынан тест тапшыргам. Оштогу медициналык окуу жайга барууну көздөп жүрсөм, колума гезит бетине чыккан Бишкектеги КГУСТА университетинин жарыясы урунуп калды. Ошентип көк беттигиме салып эле борбордо окуп калдым. Буйрук окшойт.
— Мурда алюминий менен ар кандай зер буюмдарды жасап, сыртын күмүш түскө лактап койчу экенсиз. Алюминий чоюлчаак эмеспи. Формасына келтирүү кыйын эмеспи?
— Мода коллекциясы үчүн башка, сатууга бөлөк жасалат. Азыр мен адамдын ден соолугуна пайдалуусуна карап зер буюмдарды көбүнчө күмүштөн жасайм. Ал эми модадагы кийимдер — бул арт объект. Анын материалына адамдар башын оорутпашы керек. Себеби ал бир эле жолу кийилет. Бала кезде алюминийди таштандыдан же атамдын каткан зымдарынын арасынан алып, каалагандай бөлүп, ийлеп, шөкөттөп буюм жасачумун. Менин колума биринчи тийген металл алюминий болгон. Ал колго аябай жумшак, жеңил. Ал эми латунь, темир, коло сыяктуу металлдар аябай катуу жана суунун, күндүн, абанын, адамдын денесинин таасири менен өзгөрүп кетет. Мисалы, жез убакыттын өтүшү менен жашыл түскө айланып, коло карарат. Ал эми алюминий өңүн өзгөртпөй дайыма жалтыраган боюнча калат. Азыр атайын зергердик алюминий колдоно баштадым.
© Фото / Салкын Адышева

Дизайнер Залкар Аскаралиевдин "Сары гүл" зер буюмдар коллекциясы

Дизайнер Залкар Аскаралиевдин "Сары гүл" зер буюмдар коллекциясы - Sputnik Кыргызстан
1/3

2/3

3/3

— 2014-жылы "Каныкейдин талисманы", 2017-жылы "Древо жизни", 2018-жылы "НЭО Ника" деген кийим коллекцияларын чыгарыптырсыз...
— "Каныкейдин талисманы" аттуу коллекциямды университетке тапшырган жылы чыгаргам. Ал кезде эркин ой жүгүртчүмүн. Себеби кесиптик билим алып калганда тиги же бул өңдү аралаштырууга болбойт деген эрежелерге баш иесиң. "Каныкейдин талисманы" коллекциям ырчы Каныкейге арналган. Айылда жүргөндө анын авангард стилиндеги кийимдерин көрүп абдан кызыкчу элем. 2014-жылы, студент кезимде, республикалык деңгээлде жаш дизайнерлердин сынагы өтүп калды. Анын шарты боюнча коллекция кездемеден жасалбашы керек болчу. Мен зым жана полиэтилен баштыктарынан кийимдер коллекциясын чыгарып, биринчи орунду алгам. Ал жеңиш мага абдан дем берген.
Мода дайыма өнүгүп турушу керек. Авангард стили адамды башкалардан айырмалап, анын өзүнчө жеке инсан экендигин көрсөтүү максатында жасалган. Мындай кийимдерди баары эле кие бербейт. Анткени ага деле эрк керек. Адам коомчулуктун көңүл чордонунда болууга даяр болгондо гана киет.
© Sputnik / Табылды КадырбековАскаралиев: мода дайыма өнүгүп турушу керек. Авангард стили адамды өзүнчө жеке инсан экендигин көрсөтүү максатында жасалган
Дизайнер, ювелир Залкар Аскаралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2022
Аскаралиев: мода дайыма өнүгүп турушу керек. Авангард стили адамды өзүнчө жеке инсан экендигин көрсөтүү максатында жасалган
— Кийинки коллекцияларыңызда кандай образдарды чагылдырдыңыз?
— 2014-жылдан 2017-жылга чейин 19-21-май күндөрү музей күнүнө карата Бишкекте "Түнкү музей" аталышындагы көргөзмө өткөрүлчү. Мен да инсталляцияларымды жана зымдан жасалган кийимдеримди алып барып, "Көчмөндөрдүн уланышы" деген темадагы адамзаттын башатына арналган чоң инсталляциям коюлду. Анда Адам ата менен Обо эненин элесин бергем. Экинчи "Көчмөндөрдүн тарыхы" инсталляцияма балбал таштын бетин жети бөлүккө бөлүп, биринде адамдын диний ишенимдери, тотемдер, экинчисинде көчмөн турмуш, үчүнчүсүндө салбуурун өңдүү улуттук оюндар, элдин жашоо тиричилиги камтылган. Мында өткөн турмушубузду, каада-салтыбызды унутуп баратабыз деген ой айтылат. Ошол скульптурадан кийин "Тумар Арт" салонунун директору өзү чалып, жумушка алган. Андан кийин Миландан скульптор келип, кыргыздын мен-мен деген зергерлери менен чогуу көргөзмөгө катышып калдым. Ошол жерден зымдын үстүн жылмалап, кичинекей сөйкөлөрдү жасадым. Андан кийин күмүштөн жасалган коллекция чыгардык. Көлөмдүү нерселерди жасап жүрүп майда буюмдарга кайрылуу абдан кыйын болот экен. Азыр майдага көнүп, чоң долбоорлорго өтө албай жатам.
Ал эми "Древо жизни" деген коллекциямды алгач күрөң жүн менен чыгаргам. Анан университеттеги жетекчим "мунун өңү аппак болушу керек" деп койгон. Ошентип эскиздердин баарын өзгөртүүгө туура келди. Бирок андай жүн таппай абдан кыйналып, Казакстандан гана атайын акка боёлгон жүн таап келгем. Бирок ал басылып ийленбей азапты берди. Эптеп жасадым. Мындан кийин кийиз кармабайм деп өзүмө сөз бердим эле. Бирок кийин кайра эле эркектердин коллекциясын кийизден жасоого туура келди, анда кара жана боз жүндү колдондум.
Коллекцияларыма зымдан жасалган зер буюмдарды да аксессуар катары кошком. Ошол коллекциямдын арты менен көптөгөн сыйлыктарды алдым. Жогорудагы эмгектерим менен Миланда өтүүчү мода жумалыгына да жолдомо уткам.
© Фото / Салкын Адышева

Дизайнер Залкар Аскаралиевдин "Сары гүл" зер буюмдар коллекциясы

Дизайнер Залкар Аскаралиевдин "Сары гүл" зер буюмдар коллекциясы - Sputnik Кыргызстан
1/2

2/2

Дизайнер Залкар Аскаралиевдин "Сары гүл" зер буюмдар коллекциясы

1/2

Дизайнер Залкар Аскаралиевдин "Сары гүл" зер буюмдар коллекциясы

2/2

Дизайнер Залкар Аскаралиевдин "Сары гүл" зер буюмдар коллекциясы

— Милан сизге кандай таасир калтырды?
— Абдан сонун шаар экен. Баары таза, жайдары. Көчөлөрүндө жөнөкөй эле адамдар күнүмдүк жашоодо дүйнөлүк бренддеги кийимдер менен жүрүшөт. Ал кийимдер бизге жеткиче он эсе кымбаттайт. Миланды чоң соода үйүнө окшоштурдум. Азык-түлүк саткан дүкөндөр аз, кийим саткан бутиктер кадам сайын экен. Анан да таң калганым күнүнө эки жолу супермаркетти жууган машиналар менен шаарды да жууп чыгышат экен. Сырттан кирип, үй ичинде бут чечпей жүргөнү ушул турбайбы деп калдым. Эми мындай таң калуу жапайычылык болсо керек, бирок мен өзүбүзгө салыштырдым. Келгенден кийин бир аз депрессия болуп, кайра кетип калууну да ойлондум. Бирок Милан абдан кымбат шаар экен. Эли негизинен үйдө тамак жасашпайт. Тамактануучу жайлар да арбын жана кардарлар көп.
Менин мода көргөзмөм болор күнү аэропортто эки саат кармалдым. Келсем убактым өтүп, моделдер тарап кетиптир. Эмне кыларымды билбей нес болуп эле туруп калдым. Анткени мен аны бир жыл күтүп, Кыргызстандан виза бербей, акыры Казакстанга барып алгам. Ошентип жатып эртеси убакыт беришти, бирок модель жана визажисттерди өзүм тапмай болдум. Мурункусун шарт боюнча алар төлөп, чакыртып берген эле. Айла жок жан талашып сүйлөшүп, визажисттерди модель кылып чыгардым. Ар өлкөдөн келген визажисттердин ар бирине өз тилинде түшүндүрүү керек. Эптеп тил табыштык.
Бирок эң негизги фишкамды Бишкекте калтырып койгонума өкүнүп калдым. Анткени европалык мода жумалыгы десе эле баарын европалаштырып алып баргам. Тескерисинче, өзүмдүн зымдан жасалган зер буюмдарымды жана этностилдеги кийимдерим менен барсам таң калтырып келмек экем. Ушуга өкүнүп калдым, бирок уюштуруучулар эмгегимди баалашты.
Аскаралиев: кооздук менен сулуулукту көрө билген адам гана дизайнер болот
— Дизайнерлер мода дүйнөсүндө кийүүгө мүмкүн болбогон образдарды жаратканы кызык. Эмнеге?
— Мода, искусство бардык адамдар үчүн эмес. Бул атайын бир адамдардын тобуна арналган. Башкалар "мындай кийгенге болбойт, бул жарабайт" деген күндө деле искусство өнүгүп кете берет.
— Бир коллекцияда он образ болсо, ага 1-1,5 миң доллар керектигин айтыптырсыз. Буга каражатты кантип табасыз?
— Дизайнер багытында окууну каалаган адам каражат көп кетерине даяр болушу керек. Окуп жүргөндө эле манекен, оверлогу менен кийим тиккен машина алуу зарыл. Анан ар бир курстук ишке улам бир кийим тигип, жыл сайын кийимдер топтомун чыгарып турасың. Окуу акысын кошкондо жылына бир топ эле акча кетет. Таланты, каалоосу күч болгондор гана дизайнер болууга кадам таштаганы оң. Бизде башында тапшырган 100 баланын беш-алтоосу эле окууну бүткөн.
Коллекцияларымда да кымбат материалдарды, жибекти же пахтаны пайдаланам.
Негизи бардык нерседен кооздук менен сулуулукту көрө билген адам гана дизайнер боло алат, ал эми бул кесип көп каражатты талап кылат.
© Фото / Нур Чолпон

Дизайнер Залкар Аскаралиевдин "Түшүмдө" кийим коллекциясы

Дизайнер Залкар Аскаралиевдин "Түшүмдө" кийим коллекциясы - Sputnik Кыргызстан
1/4

2/4

3/4

4/4

— "Түшүмдө" деп аталган акыркы коллекцияңыз да жакшы чыкты?
— Ооба, мунун да кичине тарыхы бар. 2,5 жылдан бери бир адамдын көлөкөсү түшүмдө мени муунтуп тынчтык бербей келет. Түш көрүп жатканымды сезип каршылык көрсөтсөм дагы ойгоно албайм. Ал көлөкө муунтканда мен караңгы бөлмөгө түшүп калам. Эшик издеп таппайм. Жалгыз эле терезеден кирген бир жарык нур "келечек бар, бул күн да өтөт" деп үмүт берип турчу болду. Ошентип 2-3 жылдын ичинде ушул түштү 25тен ашык ирет көрүп, аягында ага маани бергим келбей деле калды. Бир жолу түшүмдөн ойгонуп туруп эки-үч кадам таштагандан кийин артты карасам, төшөктө уктап жатам. Ошол көлөкөдөн качып, жашаган жеримди алмаштырдым, үйдөгү керексиз буюмдарды ыргытып, куран окудум. Ошентип 5-6 айдай түш көрбөй калганда сүйүнүп, андан биротоло арылуу үчүн "Түшүмдө" аттуу коллекцияны жасадым. 2020-жылы эскиздерди толугу менен жасап койгом. Бирок пандемиядан улам коллекцияны 2021-жылы ноябрда гана чыгардым. Анда ошол көлөкөнүн элесин зымдан жасап аны кийимдерге бастырдым. Бул коллекция моюн оронгуч, ар кандай кийим (свитшот, көйнөк) жана аксессуарлардан турат. Коллекция КРдин Дизайнерлер союзунун көргөзмөсүндө, Burana Fashion Week – Өзбекстандын Эл аралык мода жумалыгы жана Fashion Week Kyrgyzstan 2021 көргөзмөлөрүнө чыкты. Ошондой эле Россиянын Екатеринбург шаарындагы Эл аралык мода жумалыгында көрсөтүлүп, дизайнерлер жана мода искусствосун баалоочулар арасында чоң резонанс жаратып, жакшы бааларга ээ болду.
— Келечекке кандай пландарыңыз бар?
— Алдыда эркектерге арналган кийим жана аксессуарларды чыгарууга көбүрөөк басым жасайын деп турам.
Англиялык дастанчы Самуэль Григгс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Англиялык дастанчы Самуэль: Олжобай менен Кишимжанды изилдеп, үйрөнүп жатам
Дизайнер, стилист Арзубек Аманов (Арзубек Вонама) моделдер менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Кыргыз-казак жылдыздарын кийинткен баткендик дизайнер Арзубектин ийгилик сыры
Жаңылыктар түрмөгү
0