Кыргыз-казак жылдыздарын кийинткен баткендик дизайнер Арзубектин ийгилик сыры

© Фото / Руслан МыктыевДизайнер, стилист Арзубек Аманов (Арзубек Вонама) моделдер менен
Дизайнер, стилист Арзубек Аманов (Арзубек Вонама) моделдер менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Жазылуу
Баткенден чыккан Арзубек Аманов дизайнер болуу үчүн таланттан мурун кызыгуу болушу керек деп эсептейт. Ал бул тармакта бир нече жылдан бери иштеп, мода үйүн негиздеген. Окутуу борборун да ачып, алгылыктуу иштерди жасап келет.
Sputnik Кыргызстан редакциясында дизайнер, стилист Арзубек Аманов (Арзубек Вонама) мейманда болду. Биз кыргыз, казак жылдыздарын кийинткен баткендик жигиттин ийгилик сыры тууралуу маектештик.
© Sputnik / Табылды КадырбековАманов: Баткен шаарында төрөлүп-өсүп, окууну да ошол жактан аяктагам
Дизайнер одежды Арзубек Аманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Аманов: Баткен шаарында төрөлүп-өсүп, окууну да ошол жактан аяктагам
— Алгач өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз.
— Баткен шаарында төрөлүп-өсүп, окууну да ошол жактан аяктагам. Ал кезде дизайнерлик кесип Кыргызстанда анча жолго коюла элек болчу. Ошол себептен тандагам. Анткени эл көп аралаша элек тармакка барууну каалагам. Кичине кезимде хирург болууну самачумун, бирок көп жыл билим алуу керектигин угуп, оюмдан кайткам. Анан улуттук колориттеги кийимдерди башкаларга таанытып, кыргыздан чыккан дизайнер мырзалардын башында болгум келди.
— Мода дүйнөсүнө, дизайнга шыгыңыз бар экенин ага чейин эле байкадыңыз беле же кийин билдиңизби?
— Негизи жаш кезимден эле искусство адамымын. Кичине кезимде сүрөттү жакшы тартып, ырчылардын ырдаганына, бийлегенине кызыкчумун. Андыктан кол өнөрчүлүктү тандап, төрт-беш жыл ичинде дизайнга тиешелүү ар кандай багыттардын баарын окуп, толук өздөштүрдүм. Бул бардык адамдын колунан келе турган нерсе. Ар бир кесипти алып кетсе болот. Өзүм Кыргыз-Россия Славян университетинен билим алгам. Дизайнерлик боюнча окуу жайдын талабы күчтүү жана жакшы билим берет. Политехникалык университет жана Курулуш, Транспорт жана Архитектура университети (КГУСТА) да мыкты окутат, бирок алар көбүнчө кол өнөрчүлүккө көңүл бурат экен. Мындан тышкары, кийимди шөкөттөө, сырткы кийимди жасалгалоо өңдүү ар кандай багыттагы курстарды окуп чыктым. Магистратурада окуу үчүн чет мамлекетке кетишим керек эле, бирок ага убактым болгон жок. Учурда бизде деле беш-алты айлык мыкты курстар ачылды.
© Фото / предоставлено Арзубеком АмановымАманов: кол өнөрчүлүктү тандап, төрт-беш жыл ичинде дизайнга тиешелүү ар кандай багыттардын баарын окуп, толук өздөштүрдүм
Дизайнер одежды Арзубек Аманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Аманов: кол өнөрчүлүктү тандап, төрт-беш жыл ичинде дизайнга тиешелүү ар кандай багыттардын баарын окуп, толук өздөштүрдүм
— Өзүңүз да окутуп жатасыз да ээ?
— Ооба, айрымдар окутуу борборун акча табуу максатында гана ачышы мүмкүн. Менин көздөгөнүм — жаңы чыгып келе жаткан дизайнерлерге жардам этүү жана убагында тилегине жетпей, бала менен үйдө отуруп калган эжекелердин билим алуусуна шарт түзүп берүү. Кайсы бир кесипти алып кетүүдө устатың болсо алда канча жеңил. Ал сага жол ачып берип, багыт көрсөтүп турат. Убагында "мода кечесин өткөрсөң жакшы болот, мобу көйнөктү минтип койсо жарашып калат" деген устатым болгон эмес. Ошол себептен 1-2-курста абдан кыйналгам. Мугалимдериңдин жолу башка, ал эми устат дайыма шакиртине жан тартып күйүп турат. Мен ушундай устат болууну кааладым. Мага айылдан келген балдар кайрылат. Алар орусча билбегендиктен көбү өз оюн айтып бере албай тартынып жүрүп, эки-үч жыл убактысы жөн эле кетип калат. Ошондуктан университеттин программасына окшобогон жеке өзүмдүн көз карашым менен окутуу методикасын түзгөм. Анда ар бир шакиртим менен жекече иштешем жана теориялык жактан орусча да, кыргызча да түшүндүрүп берем. Мага "орусча түшүнбөйм, теорияда айтылгандарды практика жүзүндө көрсөтүп берсеңиз, талантым бар" деген жаштар көп чалышат.
Үч жылдын ичинде арбын ийгиликтерди багындырдык. Окуучуларым үч айда эле жыйынтык көрсөтө баштайт. Негизи бычканды, тиккенди билгендерди эмес, нөлдөн баштагандарды алам. Үч жыл мурун бүтүп кеткен окуучуларым да кеңеш сурап кайрылып турушат, мени социалдык тармакта насаатчысы катары белгилешет. Бул мен үчүн жагымдуу көрүнүш.
© Фото / Руслан МыктыевАманов: Түркияга, Миланга, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мода көргөзмөлөрүнө көп бардым
Дизайнер одежды Арзубек Аманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Аманов: Түркияга, Миланга, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мода көргөзмөлөрүнө көп бардым
— Мыкты окуучуларыңызды командаңызга алып калсаңыз керек. Дегеле алар азыр кайсы жаатта ийгилик жаратышууда?
— Алардын баары эле мен сыяктуу иштешет. Окуучуларыма "силер бир фабрикага барып технолог же директор болуп иштей албайсыңар. Анткени үч айлык курста алган билимиңер жетишсиз, дагы окушуңар керек" дейм. Дизайнер болуп иштеп жатышат. Өз оюндагы көйнөктү чыгарган адис болушкан. Баары эле буйрутмалар менен жакшы иштеп жатышат. Эгер жыйынтык көргөзүшпөсө, пайдасы жок окутуу борборун жаап салмакмын. Алар да өз окуучуларын чыгарып, жеке мода көргөзмөсүн уюштуруп жатышат.
— Атаңыз ушу кезге чейин бул кесипти тандап алганыңызды түшүнбөй келерин маектериңиздин биринде айтыптырсыз...
— Негизи мен бирөөнүн ою менен эсептешпейм. Өзүмдүн көз карашым бар. Ата-энем каршы болсо да туура деп эсептеген ишимди кылчумун. Башында каршы болсо, азыр унчугушпайт. Муну алардын кабыл алганы деп эсептейм.
© Фото / предоставлено Арзубеком АмановымАманов: биздикилер чет өлкөгө көбүнчө улуттук кийимдерди алып барышат. Мен бир эле жолу кыргыз кийимдерин көрсөткөм
Дизайнер одежды Арзубек Аманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Аманов: биздикилер чет өлкөгө көбүнчө улуттук кийимдерди алып барышат. Мен бир эле жолу кыргыз кийимдерин көрсөткөм
— Сиздин ылакап атыңыз — Арзубек Вонама. Вонама деген фамилияңыздын тескери окулушу экенин да билебиз. Дизайнерлер үчүн ушундай ылакап ат маанилүүбү?
— Бул ысым коомго таанылышыма да роль ойноду. Эсте кала тургандай ат болсо дароо угулуп, көрүнүп баштайсың. Аманов деген фамилиялуу адамдар көп. Ылакап ат мода жаатында да, дүйнөлүк аренага чыкканда да ыңгайлуу экен.
— Окууну бүткөндөн кийин жеке мода үйүңүздү канча убакытта түптөдүңүз?
— Мага келгендердин баары эле жашымды сурашат, айтсам "ай, балам турбайсыңбы" деп калышат. Мен 2016-жылы окууну бүтүп, 2017-жылы бир жылдай ар кайсы жерде эмгектенип, ар бир дизайнердин иштегенин көрдүм. Анан бирөөнүн колунда иштөөнү каалаган жокмун. "Эмнеси болсо да баштап көрөйүнчү" деп, апам алып берген кийим тигүүчү машина менен бир жерди ижарага алып ателье ачкам. Ал кезде Instagram өңдүү социалдык тармак өнүгө элек кез болчу. Ырчылар тикмечилерге эле кийим тиктирип кийишчү. Эми гана дизайнерди социалдык тармакта белгилеп жатышпайбы. Баары жаңыдан башталып жаткан эле. Ырчылар менен иштешип, бир жылдын ичинде элге тааныла алдым. Ишти бир эле машина менен баштагам, акырындан кошуп, жумушчу алып, улам кеңейтип отурдум. Баарын нөлдөн баштадым. Эч кандай колдоо болгон эмес. Тескерисинче, баары каршы болушкан. Бутка турган кезде демөөрчүлөр көбөйө баштайт экен. Булар башында кайда эле деп таң каласың. Бирөөнүн талантын байкап, убагында колдоо көрсөткөн алда канча жакшы деп эсептейм.
© Фото / Руслан МыктыевАманов: кайсы бир кесипти алып кетүүдө устатың болсо алда канча жеңил. Ал сага жол ачып берип, багыт көрсөтүп турат
Дизайнер одежды Арзубек Аманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Аманов: кайсы бир кесипти алып кетүүдө устатың болсо алда канча жеңил. Ал сага жол ачып берип, багыт көрсөтүп турат
— Көбүнчө кийимдин сапатына иштегениңиз байкалат. Бул жагы кирешелүү элеби?
— Мен негизи бир багытта эле иштейм. Ал — мода көргөзмөсү жана бирөөнүн табитине жараша стилин табуу. Бирок жакынкы аралыкта массалык маркетингди, башкача айтканда, бардык адамдарды кийинтүүнү колго алууну ойлонуштуруп жатам. Буга көп каражат кеткендиктен ишке ашырбай келгем. Бул багытта да иштегенге жараша сапатты кароо керек. Саны бар, сапаты жок кийимдерди чыгара бергендер да бар. Аны "самопошив" деп эл чанып коюшу мүмкүн. Ошол себептен күнүмдүк жашоодо кийилүүчү стилдүү кийимдерди чыгаруунун үстүндө иштеп жатам. Муну менен айымдарга жумуш ордун түзүп берүү максатым бар. Азыр башка мамлекеттер да жеңил өнөр жайына кызыгып жаткандыктан атаандаштык күч, ошол себептен биздикилер кийимдин сапатына басым жасап калышты. Кыргызстандын кийимдери рынокто алдыңкы сапта, чет өлкөлүктөр баалап кийишет. Экспортко жакшы чыгат.
— Жылдыздардын, казак ырчыларынын, белгилүү инсандардын жубайларынын да кийимин тигип берет экенсиз. Ушул адамдар эмне себептен сиздин кийимдериңизди тандады деп ойлойсуз?
— Бизде таланттуу дизайнерлер абдан көп. Бирок алар белгилүүлөр менен иштешип, өз талантын пиарлоону билишпейт. Менин максатым — жылдыздар аркылуу таанылып, эмгегимди элге көрсөтүү. Анын арты менен мени ар кандай кечелерге чакырып башташты. Ырчылар менен иштешкен жакшы. Аларга сен түзгөн образ жакса башкаларга да сунуштайт. Ушинтип отуруп эле ишеничке кире алдым. Бирөөнүн образын начар кылып койсоң жакшы эмес кеп тарайт. Ошондуктан кылдат иштейбиз. Учурда дайыма кайрылган белгилүүлөр көп.
© Фото / Руслан МыктыевАманов: мен негизи бир багытта эле иштейм. Ал — мода көргөзмөсү жана бирөөнүн табитине жараша стилин табуу
Дизайнер одежды Арзубек Аманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Аманов: мен негизи бир багытта эле иштейм. Ал — мода көргөзмөсү жана бирөөнүн табитине жараша стилин табуу. Архивдик сүрөт
— Кыргызстанда атаандаш дизайнерлериңиз барбы? Кимге карап түздөнөсүз?
— Кыргызстанда мыкты дизайнерлер абдан көп, болгону алар өзүн көрсөтүшпөйт. Ар бир дизайнердин багыты бар. Менин багытым — кооздук жана сахна. Айрымдар кеңсе кийимдерин, күнүмдүк кийимдерди чыгарып турушат. Ошентсе да "кардарларымды бирөө тартып кетет" деп коркпойм, анткени дайыма изденип, коллекциямды улам жаңылап турам. Ушул темпте иштесең эл оозунан түшпөйсүң. Белгилүү бренддер да өз продукцияларын дайыма жарнамалап турат. Акыркы кезде менин кийимдеримди окшоштуруп туурап чыгаргандар көбөйүп кетти.
— Бизде дизайнерлердин автордук укугу деген түшүнүк барбы?
— Негизи бар, бирок иштебейт. Өз брендин коргогондор жокко эсе. Мисалы, "Дилбар" мода үйүнүн коллекцияларын туурагандар көп, бирок алар белгилүү бренд болсо да эмгегин коргоого эч нерсе ойлоп таба элек. Менин деле кийимдеримди туурашат. Ошентсе да алар 100 пайыз сеникиндей кыла алышпайт.
© Фото / предоставлено Арзубеком АмановымАманов: жакынкы аралыкта массалык маркетингди, башкача айтканда, бардык адамдарды кийинтүүнү колго алууну ойлонуштуруп жатам
Дизайнер одежды Арзубек Аманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Аманов: жакынкы аралыкта массалык маркетингди, башкача айтканда, бардык адамдарды кийинтүүнү колго алууну ойлонуштуруп жатам
— Көргөзмөнү кайсы убакта уюштуруп турасыз?
— Жылына эки жолу чыгат. Мода көргөзмөсүнүн арты менен кийимдериңди жарнамалап, өзүңдү башка бир деңгээлге көтөрө аласың. Окуучуларымдын эмгегин жана өздөрүн да подиумга алып чыгам. Мода көргөзмөсүнө чыккан көйнөктөр көп коллекцияда чыкса жарымы сатылат. Жарымын чет мамлекеттердеги көргөзмөлөргө алып барам.
— Жаңы коллекцияны иштеп чыгууда эргүүнү кайдан аласыз, образ ойлоп табууга да атайын убакыт бөлөсүзбү же бул идея өзү келеби?
— Менин эки-үч коллекциям чет мамлекетте жаралган. Ага ошол мамлекеттин салты, кийимдери, жаратылышы таасир эткен. Белгилүү инсандын образына, стилине жараша чыгарган коллекциялар болгон. Эскиздерин ойлонууга, тигүүгө убакыт керек. Он күн же бир айлык мөөнөттө даяр болуп калат. Бул жамааттан да көз каранды. Алар сенин оюңду түшүнүп тигиши керек. Эскиздерин жана материалын өзүм даярдап, тандап берем. Тигүүчүлөр да сенин айтканың менен иштейт.
© Фото / Руслан Мыктыев

Аманов: азыр башка мамлекеттер да жеңил өнөр жайына кызыгып жаткандыктан атаандаштык күч, ошол себептен биздикилер кийимдин сапатына басым жасап калышты

Аманов: азыр башка мамлекеттер да жеңил өнөр жайына кызыгып жаткандыктан атаандаштык күч, ошол себептен биздикилер кийимдин сапатына басым жасап калышты - Sputnik Кыргызстан
1/4

Аманов: азыр башка мамлекеттер да жеңил өнөр жайына кызыгып жаткандыктан атаандаштык күч, ошол себептен биздикилер кийимдин сапатына басым жасап калышты

© Фото / Руслан Мыктыев

Дизайнер Арзубек Аманов ойлоп тапкан кийиминдеги моделдер

Дизайнер Арзубек Аманов ойлоп тапкан кийиминдеги моделдер - Sputnik Кыргызстан
2/4

Дизайнер Арзубек Аманов ойлоп тапкан кийиминдеги моделдер

© Фото / Руслан Мыктыев

Дизайнер Арзубек Аманов ойлоп тапкан кийиминдеги моделдер

Дизайнер Арзубек Аманов ойлоп тапкан кийиминдеги моделдер - Sputnik Кыргызстан
3/4

Дизайнер Арзубек Аманов ойлоп тапкан кийиминдеги моделдер

© Фото / Руслан Мыктыев

Дизайнер Арзубек Аманов ойлоп тапкан кийиминдеги моделдер

Дизайнер Арзубек Аманов ойлоп тапкан кийиминдеги моделдер - Sputnik Кыргызстан
4/4

Дизайнер Арзубек Аманов ойлоп тапкан кийиминдеги моделдер

1/4

Аманов: азыр башка мамлекеттер да жеңил өнөр жайына кызыгып жаткандыктан атаандаштык күч, ошол себептен биздикилер кийимдин сапатына басым жасап калышты

2/4

Дизайнер Арзубек Аманов ойлоп тапкан кийиминдеги моделдер

3/4

Дизайнер Арзубек Аманов ойлоп тапкан кийиминдеги моделдер

4/4

Дизайнер Арзубек Аманов ойлоп тапкан кийиминдеги моделдер

— Чет өлкөгө болгон сапарлар, сыйлыктарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
— Мен ушул беш жыл ичинде эс алуудан тышкары сынакка катышууга беш өлкөгө барып келдим. Алгач Россиядагы КМШ мамлекеттеринин арасында өткөн чыгармачыл адамдардын "олимпиадасына" катыштым. Бизге күн сайын ар кандай тапшырмаларды берип, этаптардан өтүп турдук. Ошондо 23 мамлекеттин ичинен үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль алгам. Андан кийин имидждик көргөзмөлөргө баргам. Азыр конкурстарга бара албайм. Анткени менин эмгектерим бренд деп эсептелинет. Тажрыйбам бар болгондуктан алышпайт. Тескерисинче, өзүңдү жарнамалай ала турган көргөзмөлөргө чакырышат. Түркияга, Миланга, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мода көргөзмөлөрүнө көп бардым. Мындай чакыруулар стимул берет. Себеби тажрыйба алмашасың. Кээ бир дизайнерлердин иши менен таанышып, эргүү алып, дагы бир коллекцияны иштеп чыгасың.
— Борбор Азия дизайнерлерине Европа өлкөлөрү кандай баа берет?
— Биздикилер көбүнчө улуттук кийимдерди алып барышат. Мен бир эле жолу кыргыз кийимдерин көрсөткөм. Калгандары европалашкан кийимдер эле. Жакшы коллекция болсо баары эле жакшы кабыл алышат. Казань шаарындагы этника тармагындагы көргөзмөгө кыргыздын унутулуп бараткан кийимдерин алып барып Миланга жолдомо алгам.
© Фото / Руслан МыктыевАманов: Кыргызстандын кийимдери рынокто алдыңкы сапта, чет өлкөлүктөр баалап кийишет. Экспортко жакшы чыгат
Дизайнер одежды Арзубек Аманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Аманов: Кыргызстандын кийимдери рынокто алдыңкы сапта, чет өлкөлүктөр баалап кийишет. Экспортко жакшы чыгат
— Канча адамды иш менен камсыздадыңыз?
— Мен негизи жакындарымды, тааныштарды жумушка алгым келбейт. Сый эле болууну каалайм. Азыр менде 15 адам, алардын 10у туруктуу иштешет.
— Кыргызстанда брендиңизди тааныта алдыңыз, эми дүйнөлүк аренага качан чыгасыз?
— Буюрса 30 жашка чейин КМШга чыгышым керек деген максатым бар. Мында талант гана эмес, каражат да керек. Ошол себептен чөнтөктү кампайтуунун үстүндө иштеп жатам. Азыр бут кийим чыгаруу жагына да өткөм. Товар Түркиядан тигилип келет. Дизайнерлердин каражаты, фантазиясы болсо сумка, косметикага чейин чыгарып жатышат. Мисалы, Armani, Versace бренддеринин мейманканалары бар. Алар кийим эмес, үйүңдүн дизайнына чейин жасап беришет.
Учурда Ошто жана Бишкекте мода үйүм бар. Эми башка өлкөгө ачууну пландап жатам. Дизайнерге талант жетишсиз, кызыгуу да болушу керек. Талант бар, кызыгуу жок болсо бирөөнүн кол алдында гана иштеп каласың. Эгер кызыгуу болсо команда түзүп, башка жакка чыгууга мүмкүнчүлүк болот. Адам кыялданышы керек жана ага умтулуу зарыл.
Стилист Тилек Бекболотов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2022
Чач боюнча стилист Бекболотов: табигый сулуулук трендге айланып бара жатат
Эл аралык деңгээлдеги бокс калысы Жамилия Боркоева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Бокс калысы Жамилия: үч жылдыздуу калыс болуу кол жеткистей сезилчү
Жаңылыктар түрмөгү
0