Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Мертинген бөбөктөр... Периштелер аллеясы эч бир шаарда болбосун!

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүДонецкидеги Периштелер аллеясы. Архив
Донецкидеги Периштелер аллеясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Жазылуу
Жүрөктөрдө одессалык Хатынь окуясы калтырган жара сегиз жылдан бери карттана да элек. РФ президенти айтмакчы, "тынч акциянын катышуучулары мыкаачылык менен өлтүрүлүп, тирүүлөй өрттөлгөн апаатты эстегенде жүрөк зырп этет".
Россиялык лидер: "Ошондой үрөй учурган кылмышты жасагандар жазаланган жок, аларды эч кимдин издегени да жок. Бирок биз алардын ар биринин атынан билебиз. Жазага тартылышы үчүн аларды таап, сотко өткөрөбүз" – деп билдиргени көпчүлүктү кайдыгер калтырган жок өңдөнөт. Ушундай ойлорунан бөлүшкөн серепчи Виктория Никифорованын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Россиялыктарга өткөн кылымдардагы сталиндик репрессия жөнүндө эстөө сунушталып, бирок жакындагы эле апааттарды эстөө саясий жактан натуура жана прогрессивдүү эмес деген тейдеги пикирлерин таңуулашат. Одессада, Донбасста украиналык неоулутчулдарынын жоруктарына Сталин жана анын заманындагылардын да үрөйү учмак.
2014-жылдын 2-майында украиналык фашисттик бандиттер Одессадагы Кесиптик бирлик үйүнө тынч акциянын катышуучуларын камап, аларды өрттөп салышкан. Интернетте баары бар, Молотов коктейлдерин көчөдө даярдаган кыздар-балдардын жүздөрү да көрүнөт. Ондогон адамдар Кесиптик бирлик үйүндө тирүүлөй өрттөлгөн. Көпчүлүгү жанын сактап калуу үчүн терезеден секиришкен. Аларды да кармап алып, сабап өлтүрүшкөн. Ошондогу жырткычтыктын даражасын элестетиш да кыйын. Бирок андай кылмыштын изи тааныш – дал ошондой идеяны кармангандар — бандеровчулар кезегинде беларустук кыштактардын жай тургундарын үйлөргө камап, тирүүлөй өрттөшкөнүн тарых тандырбайт.
Бирок 1940-жылдары бандеровчулардын арасында фейсбукчулар болгон эмес. Азыркылары адамдарды кыйнап, өлтүрүп гана токтобостон, ошончолук мыкаачылыктарын социалдык медиага жарыялап жатышты. Баарынан да алардын жарыялагандарын башкалар жек көрүүнүн ордуна жактырган белгилерди койгондор, мэмдерди да жасап чыгарышканы жүрөк тилди. Ал эми жергиликтүү интеллигенциянын Одессадагы ошол кайгылуу окуя боюнча ооз ачпаганы андан бетер кейиткен. Болбосо ага дейре үн кошуп, киевдик козголоңчуларды колдоп, улутчулдардын анабашы менен сүрөткө түшкөндөн айбыгышкан эмес. Украинада эч кандай фашизм жок деп айгай салышкан.
Ошол апаатта набыт болгондордун жакындары киевдик режимден адилеттүүлүктү күттү. Одесса чакан шаар, ошол кыргынды ким уюштурганы, ким шыкактаганын баары жакшы билген. Аларды таап, камакка алып, сотко өткөрүү кыйынга деле турмак эмес. Бирок андай аракет жасалган жок. Порошенко каза болгондордун энелерин, жубайларынын арыз-муңун тыңдап, бир нерселерди убада кылып, кабагын чытып коёт. Иш ошону менен аяктайт. Кылмышкерлер камалган жок, ал эми алардын Донбасстагы санаалаштары "болот экен" деген ишарат алгандай болушту.
Улуттук тууну кармап турган румын жоокери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Румыния да Европанын от күйгөн жерлеринин бирине айланып калабы?
Кызыгы, Германиядагыдай эле украиналык улутчулдарды да жапырт колдошпойт. Ал түгүл тийиштүү органда да көпчүлүк НАТОго каршы жана Россия менен жылуу алака үчүн добуш берип келишти. Бирок алардын оозун жабуу үчүн кемсинтүү аракеттери башталган. Бүгүн россиялык армия ошого чекит коюп жатпайбы. Украинада Россияга жылуу пикирдегилерди гана эмес, бөлөкчө ой жүгүртүүгө даагандарды деле чаламандын чак түшүндө мертинтип, Донбасста жай жашоочуларды жапырт кырып жатышты. Колго түшкөндөрдү кыйнап-сабап, ары-бери өткөндөргө ок чыгарып, үйлөрдү, мектептерди, троллейбус бекеттерин жардырышты. Донецкидеги Периштелер аллеясы террордун коркунучтуу эстелиги болуп калды. Мемориалдык тактага шаардын улутчулдардын колунан каза тапкан кичкинтай жашоочуларынын ысымдары чегилген. Киевдик режим Донбасстагы жүз кырк тогуз баланын өлүмүнө алып келди. Азыр көз алдыбыздагы окуялар – ошол сегиз жыл мурун башталган апааттын соңку акты.
Тилекке каршы, киевдик режимге жан тарткандар россиялыктардын арасында да жок эмес. Митингге чыккандар болууда. Жакында эле Москвада бир жаш кыз полиция кызматкерлерине Молотов коктейлин ыргытканы кабарланды. Ошол жаштардан Донецкидеги Периштелер аллеясындагы ысымдарга бир көз чаптырууну өтүнөр элем: "Орехов Женя, тогуз жаш", "Нестерук Ваня, беш жаш", "Мартынюк София, төрт жаш"...
Россиялык жоокерлер ошондой Периштелер аллеясы калааларда эч качан пайда болбосун деп бар күчүн жумшоодо. Одессалык кыргын экинчи кайталанбасын деп жан үрөөдө. Украиналык террордун уюштуруучулары сот жоопкерчилигине тартылсын деп бүгүн алар от кечүүдө.
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс геноцидине 8 жыл көз жумуп келгенсиңер. Путин Шольц менен сүйлөштү
Жаңылыктар түрмөгү
0