Эң көп акча тапкан дүйнөлүк 10 тасма. Сүрөт түрмөк
Эң көп акча тапкан дүйнөлүк 10 тасма. Сүрөт түрмөк
Sputnik Кыргызстан
Рейтингди түзүүдө инфляция эске алынган. Бул тасмалардын айрымдарын азыркы кино сүйүүчүлөр билбеши да мүмкүн. Тизмеде айкын лидер жок, анткени инфляцияга... 31.12.2021, Sputnik Кыргызстан
Рейтингди түзүүдө инфляция эске алынган. Бул тасмалардын айрымдарын азыркы кино сүйүүчүлөр билбеши да мүмкүн. Тизмеде айкын лидер жок, анткени инфляцияга байланыштуу айрымдарынын АКШда прокатка берилгени боюнча гана маалыматтары бар.
"Титаник" (1997) фильми инфляцияны эске алганда Америкада прокаттан 1,2 миллиард доллар пайда ала алган. Бул дүйнөлүк кирешенин үчтөн бир бөлүгүн түзөт
"Звездные войны. Эпизод IV: новая надежда" (1977) чыгармасы өз доорунун эң популярдуу тасмасы болгон. Ал инфляцияны эске алганда 1,6 миллиард доллар киреше тапкан. Бул дүйнө боюнча кирешенин төрттөн бир бөлүгүн гана түзөт
Библиялык каарман Моисей жөнүндө баяндаган "Десять заповедей" (1956) тасмасынын кирешеси АКШда 65,5 миллион долларга жеткен. Инфляцияны эске алганда бул сумма 1,2 миллиард долларды түзөт
"Звездные войны: пробуждение силы" (2015) — легендарлуу кино дастандын жетинчи эпизоду АКШда эле 974 миллион доллар пайда тапкан. Бул дүйнөлүк прокаттын жарымынан азыраак