00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл сайын 1 млн көчөт: Кыргызстанда токойлорду калыбына келтирүү иши кандай жүрүүдө?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп кадр
Ар бир муун өз жазасын төлөйт: "Каргыш" мистикалык этно-хорор жарыкка чыкты
17:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
2026-жылы Чүй облусун өнүктүрүүгө Турукташтыруу фондунан 10 миллиард сом бөлүнгөн, каражат социалдык объектилерди курууга жана өндүрүш ишканаларын ачууга багытталууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Мамлекет башчы аймактын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Чүй облусу — Кыргызстандын экономикасындагы негизги аймактардын бири. Президент анын өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу, өнөр жайды жана инфраструктураны өнүктүрүүдөгү ролун өзгөчө белгиледи. Ошондой эле бийлик бир катар маданий долбоорлорду ишке ашырууну мерчемдөөдө. Алардын арасында — Токмок шаарындагы балдар үйүн калыбына келтирип, маданий-билим берүү мекемесине айландыруу, Чоң-Таш айылында Сүймөнкул Чокморовдун үй-музейин түзүү жана Төлөберди баатырга арналган илимий иш-чара өткөрүү бар. Жапаров Чүй өрөөнүнүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый ордун жана ар кыл этностордун башын бириктирген борбор катары маанисин баса белгиледи.
Башкы прокуратурасы мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов менен УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазовдун кармалышын саясатташтырбоого чакырды. Буга чейин эки шектүүгө тең пара талап кылуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып коюлганы кабарланган. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, буга чейин тараган видеодо УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 6-башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетов белгилүү ишкерден кечирим сурап, ага 150 миң долларын кайтарып берип жатканы чагылдырылган. Буга чейин Досмамбетов бул акчаны ишкерден кылмыш ишин козгойм деп коркутуу жолу менен алганы айтылды.
Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленди. Салтанаттуу иш-чара президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өттү. Көрүүчүлөргө облустун түптөлүшү жана өнүгүү тарыхы, анын чыгаан инсандары жана аймактын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жөнүндө театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү. Майрам ата мекендик эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен аяктады.
Майамиде 9-10-октябрга пландалган украин жана америкалык делегациялардын сүйлөшүүлөрү АКШ президенти Дональд Трамптын Россия менен дизелдик күйүүчү май жеткирүү боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин мөөнөтүнөн мурда аяктады. Бул тууралуу Financial Times басылмасы өздүк булактарына таянуу менен билдирди. Басылманын маалыматына караганда, Киевдин өкүлдөрү менен америкалык тараптын жолугушуусу жума күнү өткөн. Бирок Трамптын Россиянын президенти Владимир Путин менен келишимге жетишилгени тууралуу сөзү украин делегациясы үчүн күтүүсүз болуп, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө таасирин тийгизген. Буга чейин жолугушуу мөөнөтүнөн мурда аяктаганын Kyiv Post басылмасынын журналисти Алекс Рауфоглу да кабарлаган. Financial Times басылмасынын булактары ошондой эле АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен мамлекет башчысынын күйөө баласы Жаред Кушнер Киевге чалгындоо маалыматтарын берүү токтотулушу мүмкүн экенин эскертишкенин айтышууда. Алардын айтымында, эгер украин тарап Вашингтондун россиялык мунай иштетүүчү ишканаларга чабуулдарды токтотуу талабын аткарбаса, ушундай кадамга барышы ыктымал. Жума күнү Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшкөн. Андан соң АКШ лидери тараптар Россиядан АКШга дизелдик отун жеткирүү боюнча макулдашканын жарыялаган. Ал америкалык тарап бул ресурсту алууга кызыкдар экенин баса белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0