https://sputnik.kg/20261012/1104240261.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан товарлардын чек арадан өтүшүн тездетүү жана эл аралык соода байланыштарын өнүктүрүү максатында коңшу өлкөлөр менен бажы тармагындагы кызматташтыкты... 12.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-12T15:00+0600
2026-10-12T15:00+0600
2026-10-12T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0c/1104240095_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_efd1b1b28e56bf267fe255db025b9127.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан товарлардын чек арадан өтүшүн тездетүү жана эл аралык соода байланыштарын өнүктүрүү максатында коңшу өлкөлөр менен бажы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Заманбап бажы" эл аралык форумунда билдирди. Анын айтымында, чек арадагы жол-жоболорду шайкеш келтирүү, алдын ала маалымат алмашуу жана санариптик чечимдерди биргелешип колдонуу аймактык сооданы өнүктүрүүгө жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле бажы кызматтарынын, мамлекеттик органдардын жана ишкерлердин ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү, электрондук документ жүгүртүүнү кеңейтүү жана тобокелдиктерди башкаруунун заманбап механизмдерин киргизүү зарылдыгы белгиленди. Амангелдиев белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугу ишкерлер үчүн түшүнүктүү эрежелердин түзүлүшү, жол-жоболордун мөөнөттөрүнүн алдын ала белгилениши жана ашыкча административдик тоскоолдуктардын кыскарышы менен бааланышы керек. Бул чаралар товар жүгүртүүнү тездетүүгө, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана Кыргызстандын аймактык соодадагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Буга чейин сатып алынып, азыр каттап жаткан 1 600 автобус Бишкекке жетпей жатканын Айбек Жунушалиев УТРКга курган маегинде моюндады. "Коомдук транспортко болгон муктаждыкты толук жабуу үчүн жалпысынан 2,5 миңдин тегерегиндеги автобус керек. Азыр анын 1,5 миңден ашууну гана бар, калганын толукташыбыз керек", — деди Жунушалиев. Ал жаңы конуштарды транспорт менен камсыз кылуу жана аларды Чүй облусунун жакынкы айылдарына чейин узартуу маселеси бар экенин кошумчалады. Ошондой эле коомдук транспорт үчүн өзүнчө бөлүнгөн тилкелерди көбөйтүү керектигин айтты.
Кыргызстан Шакиранын концертинен 30 миллион доллардай киреше табышы мүмкүн. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысы Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, концертке 60 миң көрүүчү келери күтүлүүдө. Жарымы — чет элдик туристтер. Ар бир турист билетке, жатакана жана транспортко кеминде 940 доллар коротот деп болжолдонууда. "Бишкек аренага" келе турган 30 миң турист бир күндө 30 миллион долларга жакын каражат сарптайт", — деди Кубатов. Ал стадиондун ордуна завод куруу керек болчу дегендерге да жооп берди. "Эгер жыл сайын 15-20 ири иш-чара өткөрүлсө, арена 5-7 жылда өзүн актайт жана экономикага олуттуу салым кошот", — деди ал. Белгилей кетсек, дүйнөлүк ырчынын концерти 18-октябрга белгиленген.
Венгрия Украинага аскердик жардам көрсөтпөйт жана өз аймагы аркылуу курал-жарак ташууга дагы жол бербейт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Петер Мадьярдын Helsingin Sanomat гезитине курган маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды. "Биздин Украинага курал-жарак берүү ниетибиз жок жана курал транзитине жол бербейбиз", — деди ал. Ошондой эле Мадьяр Закарпатьедеги венгр азчылыгынын укуктарын коргоо маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, маселени жөнгө салуу боюнча буга чейин эле макулдашууга жетишкен. Белгилей кетсек, Мадьяр бийликке келгенден кийин Россия менен болгон энергетикалык байланышты сактап каларын айткан. Бирок анын саясаты Россияга каршы санкцияларга каршы чыккан мурдагы өкмөт башчы Виктор Орбандыкынан айырмаланып турат.
Кыргызстан товарлардын чек арадан өтүшүн тездетүү жана эл аралык соода байланыштарын өнүктүрүү максатында коңшу өлкөлөр менен бажы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Заманбап бажы" эл аралык форумунда билдирди. Анын айтымында, чек арадагы жол-жоболорду шайкеш келтирүү, алдын ала маалымат алмашуу жана санариптик чечимдерди биргелешип колдонуу аймактык сооданы өнүктүрүүгө жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле бажы кызматтарынын, мамлекеттик органдардын жана ишкерлердин ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү, электрондук документ жүгүртүүнү кеңейтүү жана тобокелдиктерди башкаруунун заманбап механизмдерин киргизүү зарылдыгы белгиленди. Амангелдиев белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугу ишкерлер үчүн түшүнүктүү эрежелердин түзүлүшү, жол-жоболордун мөөнөттөрүнүн алдын ала белгилениши жана ашыкча административдик тоскоолдуктардын кыскарышы менен бааланышы керек. Бул чаралар товар жүгүртүүнү тездетүүгө, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана Кыргызстандын аймактык соодадагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.Буга чейин сатып алынып, азыр каттап жаткан 1 600 автобус Бишкекке жетпей жатканын Айбек Жунушалиев УТРКга курган маегинде моюндады. "Коомдук транспортко болгон муктаждыкты толук жабуу үчүн жалпысынан 2,5 миңдин тегерегиндеги автобус керек. Азыр анын 1,5 миңден ашууну гана бар, калганын толукташыбыз керек", — деди Жунушалиев. Ал жаңы конуштарды транспорт менен камсыз кылуу жана аларды Чүй облусунун жакынкы айылдарына чейин узартуу маселеси бар экенин кошумчалады. Ошондой эле коомдук транспорт үчүн өзүнчө бөлүнгөн тилкелерди көбөйтүү керектигин айтты. Кыргызстан Шакиранын концертинен 30 миллион доллардай киреше табышы мүмкүн. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысы Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, концертке 60 миң көрүүчү келери күтүлүүдө. Жарымы — чет элдик туристтер. Ар бир турист билетке, жатакана жана транспортко кеминде 940 доллар коротот деп болжолдонууда. "Бишкек аренага" келе турган 30 миң турист бир күндө 30 миллион долларга жакын каражат сарптайт", — деди Кубатов. Ал стадиондун ордуна завод куруу керек болчу дегендерге да жооп берди. "Эгер жыл сайын 15-20 ири иш-чара өткөрүлсө, арена 5-7 жылда өзүн актайт жана экономикага олуттуу салым кошот", — деди ал. Белгилей кетсек, дүйнөлүк ырчынын концерти 18-октябрга белгиленген.Венгрия Украинага аскердик жардам көрсөтпөйт жана өз аймагы аркылуу курал-жарак ташууга дагы жол бербейт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Петер Мадьярдын Helsingin Sanomat гезитине курган маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды. "Биздин Украинага курал-жарак берүү ниетибиз жок жана курал транзитине жол бербейбиз", — деди ал. Ошондой эле Мадьяр Закарпатьедеги венгр азчылыгынын укуктарын коргоо маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, маселени жөнгө салуу боюнча буга чейин эле макулдашууга жетишкен. Белгилей кетсек, Мадьяр бийликке келгенден кийин Россия менен болгон энергетикалык байланышты сактап каларын айткан. Бирок анын саясаты Россияга каршы санкцияларга каршы чыккан мурдагы өкмөт башчы Виктор Орбандыкынан айырмаланып турат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0c/1104240095_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_70adf26da2f2ffbe0b1c0523f8e06224.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио