https://sputnik.kg/20261011/1104221238.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Ички иштер министрлигинин... 11.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-11T13:00+0600
2026-10-11T13:00+0600
2026-10-11T13:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0b/1104221072_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5a91ab7c341f21e91bde77749e941600.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, видеокамералар кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоого, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөгө жардам берет. Долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Анын негизги максаты — коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жол коопсуздугун жогорулатуу. Жаңы видеобайкоо системасы өлкө аймагындагы коопсуздукту чыңдоого жана укук бузууларга өз убагында чара көрүүгө багытталган.
Кочкор темир жол бекетинен Бишкек ЖЭБине көмүр жөнөтүлө баштады. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 10-октябрда. Кочкордун Теңдик айылындагы бекеттен 15 миң тонна көмүр жүктөлгөн. "Бул Кыргызстандын темир жол тармагы үчүн тарыхый окуя. Ал жүк ташууну өнүктүрүүгө жана темир жол инфраструктурасын мындан ары натыйжалуу пайдаланууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эми Бишкек шаарына жөнөтүлүүчү көмүр Кочкор темир жол бекетинде вагондорго жүктөлөт. Көмүрдү темир жол менен ташуу Ысык-Көлдүн экологиясын сактоого, автоунаа жолдорунун эскиртпей, көмүрдү Бишкекке кыска убакытта коромжу кылбай коопсуз жеткирүүгө багытталган", — деп жазылган маалыматта. Эске салсак, Балыкчы — Кочкор темир жолу 25-июлда Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган. Буга чейин эмдиги жылдан тартып Бишке ЖЭБине көмүр темир жол аркылуу Кочкордон тартылары кабарланган.
"Манас" улуттук академиясы улуу "Манас" эпосун мамлекеттик мекемелерде таанытуу долбоорун ишке киргизди. Академиянын маалыматына ылайык, долбоордун алгачкы иш-чарасы Коргоо министрлигинде өткөрүлдү. Демилгенин негизги максаты — мамлекеттик кызматкерлерди "Манас" эпосунун мазмуну, тарыхый мааниси жана улуттук баалуулуктары менен кеңири тааныштыруу. Иш-чаранын алкагында санариптик музейлер, даректүү тасмалар жана Коргоо министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланышкан темалар боюнча презентациялар көрсөтүлдү. Мындан тышкары, "Манас" улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы долбоордун максаттары тууралуу маалымат берип, академия тарабынан чыгарылган китептерди министрликке тапшырды. Долбоор мындан ары башка министрликтерде жана мамлекеттик агенттиктерде да улантылат.
Йемендеги "Ансар Алла" кыймылынын хуситтери Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддагы падыша Халид атындагы эл аралык аэропортко ракеталык чабуул жасады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Акыркы маалымат боюнча, соккудан кеминде 12 адам каза болуп, дагы 309 киши жаракат алган. Арасында абалы оор бейтаптар бар. Маалыматтарга караганда, ракеталар аэропорттун №3 жана №4 терминалдарына тийип, олуттуу зыян келтирген. Чабуулдан кийин аба майдандын иши убактылуу токтотулуп, бир катар каттамдар учпай же башка аэропортторго багытталган. Мындан тышкары, Сауд Арабиясынын чыгышындагы Даммам шаарында жайгашкан эл аралык аэропорттун аймагына да снаряд түшкөн. Ал жакка бараткан айрым учактар күтүү аймагында айланып турганы кабарланды. Араб коалициясынын өкүлү Турки аль-Малики чабуулдун жоопкерчилигин хуситтерге жүктөп, адам өмүрүн алган окуяны жоопсуз калбай турган аскердик кылмыш деп атады. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп аэропортко чабуул жол берилгис кадам экенин белгилеген. Нааразычылыгын мамлекеттик катчы Марко Рубио менен БУУнун баш катчысы Антониу Гуттереш да билдирди.
Кыргызстанда "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, видеокамералар кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоого, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөгө жардам берет. Долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Анын негизги максаты — коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жол коопсуздугун жогорулатуу. Жаңы видеобайкоо системасы өлкө аймагындагы коопсуздукту чыңдоого жана укук бузууларга өз убагында чара көрүүгө багытталган.Кочкор темир жол бекетинен Бишкек ЖЭБине көмүр жөнөтүлө баштады. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 10-октябрда. Кочкордун Теңдик айылындагы бекеттен 15 миң тонна көмүр жүктөлгөн. "Бул Кыргызстандын темир жол тармагы үчүн тарыхый окуя. Ал жүк ташууну өнүктүрүүгө жана темир жол инфраструктурасын мындан ары натыйжалуу пайдаланууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эми Бишкек шаарына жөнөтүлүүчү көмүр Кочкор темир жол бекетинде вагондорго жүктөлөт. Көмүрдү темир жол менен ташуу Ысык-Көлдүн экологиясын сактоого, автоунаа жолдорунун эскиртпей, көмүрдү Бишкекке кыска убакытта коромжу кылбай коопсуз жеткирүүгө багытталган", — деп жазылган маалыматта. Эске салсак, Балыкчы — Кочкор темир жолу 25-июлда Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган. Буга чейин эмдиги жылдан тартып Бишке ЖЭБине көмүр темир жол аркылуу Кочкордон тартылары кабарланган. "Манас" улуттук академиясы улуу "Манас" эпосун мамлекеттик мекемелерде таанытуу долбоорун ишке киргизди. Академиянын маалыматына ылайык, долбоордун алгачкы иш-чарасы Коргоо министрлигинде өткөрүлдү. Демилгенин негизги максаты — мамлекеттик кызматкерлерди "Манас" эпосунун мазмуну, тарыхый мааниси жана улуттук баалуулуктары менен кеңири тааныштыруу. Иш-чаранын алкагында санариптик музейлер, даректүү тасмалар жана Коргоо министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланышкан темалар боюнча презентациялар көрсөтүлдү. Мындан тышкары, "Манас" улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы долбоордун максаттары тууралуу маалымат берип, академия тарабынан чыгарылган китептерди министрликке тапшырды. Долбоор мындан ары башка министрликтерде жана мамлекеттик агенттиктерде да улантылат. Йемендеги "Ансар Алла" кыймылынын хуситтери Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддагы падыша Халид атындагы эл аралык аэропортко ракеталык чабуул жасады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Акыркы маалымат боюнча, соккудан кеминде 12 адам каза болуп, дагы 309 киши жаракат алган. Арасында абалы оор бейтаптар бар. Маалыматтарга караганда, ракеталар аэропорттун №3 жана №4 терминалдарына тийип, олуттуу зыян келтирген. Чабуулдан кийин аба майдандын иши убактылуу токтотулуп, бир катар каттамдар учпай же башка аэропортторго багытталган. Мындан тышкары, Сауд Арабиясынын чыгышындагы Даммам шаарында жайгашкан эл аралык аэропорттун аймагына да снаряд түшкөн. Ал жакка бараткан айрым учактар күтүү аймагында айланып турганы кабарланды. Араб коалициясынын өкүлү Турки аль-Малики чабуулдун жоопкерчилигин хуситтерге жүктөп, адам өмүрүн алган окуяны жоопсуз калбай турган аскердик кылмыш деп атады. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп аэропортко чабуул жол берилгис кадам экенин белгилеген. Нааразычылыгын мамлекеттик катчы Марко Рубио менен БУУнун баш катчысы Антониу Гуттереш да билдирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0b/1104221072_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bfd215592a06ff40e8075d9a34ca606a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио