https://sputnik.kg/20261012/1104247415.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
"Газпром Кыргызстан" жана казакстандык QazaqGaz компаниялары узак мөөнөттүү технологиялык жана интеллектуалдык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол коюшту... 12.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-12T17:00+0600
2026-10-12T17:00+0600
2026-10-12T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0c/1104247249_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_856c8c4b6e9905b8b58e58de1e7919ef.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
"Газпром Кыргызстан" жана казакстандык QazaqGaz компаниялары узак мөөнөттүү технологиялык жана интеллектуалдык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол коюшту. Документ Бишкек шаарында "Газпром" ААКсы менен Казакстандын Энергетика министрлигинин биргелешкен координациялык кеңешинин жыйынында кабыл алынды. 2025-жылы түзүлгөн биргелешкен координациялык кеңеш эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Алгачкы жыйыны 2025-жылдын май айында Санкт-Петербург шаарында, экинчиси 2026-жылдын январында Алматы шаарында өткөн. "Газпром Кыргызстан" компаниясынын маалыматына ылайык, бул жолку жолугушууга кабыл алуучу тараптын да катышуусу кызматташтыктын жаңы баскычка чыгышына өбөлгө түздү. Борбор Азияда жаратылыш газын керектөөнүн өсүшүнө өнөр жайдын өнүгүшү, экономикалык өсүш, калктын көбөйүшү жана газдаштыруу иштеринин кеңейиши таасир этүүдө. Компаниянын маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери "Газпром" ААКсынын Казакстанга, Өзбекстанга жана Кыргызстанга жаратылыш газын жеткирүүсүнүн жалпы көлөмү дээрлик 70 пайызга өскөн. Жыйындын жүрүшүндө биргелешкен координациялык кеңеш стратегиялык диалог жүргүзүүчү туруктуу аянтча катары өзүнүн маанисин тастыктады.
Кыргызстанга мээдеги шишикти операциясыз дарылоочу “Гамма-бычак” аппараты алынды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан кабарлашты. Окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова аппаратты сатып алууга президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөнүн айтты. “Гамма-бычак” мээдеги шишиктерди операциясыз гамма-нурлар аркылуу дарылоого мүмкүндүк берет. Буга чейин муктаждар чет өлкөлөргө барууга аргасыз болуп келишкен”, — деп айтылат билдирүүдө. Гамма-бычак мээдеги шишиктерди жана айрым башка ооруларды баш сөөктү ачпастан, терини кеспестен дарылоочу жабдуу.
Январь-июлда 27,4 миң тонна буурчак өсүмдүктөрү экспорттолгон. Негизги кардар ЕАЭБге мүчө Россия болуп, ал жакка 7,6 миң тонна сатылган. Экинчи орунда 6,7 миң тонна менен Иран турат. Бир жыл мурун Иран 8,6 миң тонна сатып алып, башкы кардар болгон. Миң тоннадан ашык сатып алгандардын катарында Түркия, Сербия, Индия, Өзбекстан жана Казакстан турат. Дагы 11 өлкө буурчак өсүмдүктөрүн чаканыраак көлөмдө сатып алган.
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 2027-жылы жасалма интеллектинин жардамы менен жасалган киберчабуулдар көбөйөрүн айтты. Бул тууралуу анын CNN телеканалына курган маегине шилтеме берип РИА Новости жазды. "Жакынкы убакта киберчабуулдар абдан көбөйөт. Бул тармакта бизди көп жагымсыз нерселер күтүп турат", — деди Гейтс. Ишкердин пикиринде, негизги коркунуч жасалма интеллектинин көзөмөлдөн чыгып кетишинде эмес, аны кылмышкерлердин пайдаланып кетишинде болуп турат. OpenAI компаниясынын башчысы Сэм Альтман коркунучтардан улам 2026-жылы компаниясын биржага чыгарбай турганын айткан. Ал эми өнүккөн жасалма интеллектини түзүүчүлөрдүн бири Дарио Амодей кубаттуу программалар адамдардын аларды токтотуу аракеттерине көнбөй, четке кагып салышы мүмкүн экенин эскерткен.
"Газпром Кыргызстан" жана казакстандык QazaqGaz компаниялары узак мөөнөттүү технологиялык жана интеллектуалдык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол коюшту. Документ Бишкек шаарында "Газпром" ААКсы менен Казакстандын Энергетика министрлигинин биргелешкен координациялык кеңешинин жыйынында кабыл алынды. 2025-жылы түзүлгөн биргелешкен координациялык кеңеш эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Алгачкы жыйыны 2025-жылдын май айында Санкт-Петербург шаарында, экинчиси 2026-жылдын январында Алматы шаарында өткөн. "Газпром Кыргызстан" компаниясынын маалыматына ылайык, бул жолку жолугушууга кабыл алуучу тараптын да катышуусу кызматташтыктын жаңы баскычка чыгышына өбөлгө түздү. Борбор Азияда жаратылыш газын керектөөнүн өсүшүнө өнөр жайдын өнүгүшү, экономикалык өсүш, калктын көбөйүшү жана газдаштыруу иштеринин кеңейиши таасир этүүдө. Компаниянын маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери "Газпром" ААКсынын Казакстанга, Өзбекстанга жана Кыргызстанга жаратылыш газын жеткирүүсүнүн жалпы көлөмү дээрлик 70 пайызга өскөн. Жыйындын жүрүшүндө биргелешкен координациялык кеңеш стратегиялык диалог жүргүзүүчү туруктуу аянтча катары өзүнүн маанисин тастыктады. Кыргызстанга мээдеги шишикти операциясыз дарылоочу “Гамма-бычак” аппараты алынды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан кабарлашты. Окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова аппаратты сатып алууга президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөнүн айтты. “Гамма-бычак” мээдеги шишиктерди операциясыз гамма-нурлар аркылуу дарылоого мүмкүндүк берет. Буга чейин муктаждар чет өлкөлөргө барууга аргасыз болуп келишкен”, — деп айтылат билдирүүдө. Гамма-бычак мээдеги шишиктерди жана айрым башка ооруларды баш сөөктү ачпастан, терини кеспестен дарылоочу жабдуу.Январь-июлда 27,4 миң тонна буурчак өсүмдүктөрү экспорттолгон. Негизги кардар ЕАЭБге мүчө Россия болуп, ал жакка 7,6 миң тонна сатылган. Экинчи орунда 6,7 миң тонна менен Иран турат. Бир жыл мурун Иран 8,6 миң тонна сатып алып, башкы кардар болгон. Миң тоннадан ашык сатып алгандардын катарында Түркия, Сербия, Индия, Өзбекстан жана Казакстан турат. Дагы 11 өлкө буурчак өсүмдүктөрүн чаканыраак көлөмдө сатып алган.Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 2027-жылы жасалма интеллектинин жардамы менен жасалган киберчабуулдар көбөйөрүн айтты. Бул тууралуу анын CNN телеканалына курган маегине шилтеме берип РИА Новости жазды. "Жакынкы убакта киберчабуулдар абдан көбөйөт. Бул тармакта бизди көп жагымсыз нерселер күтүп турат", — деди Гейтс. Ишкердин пикиринде, негизги коркунуч жасалма интеллектинин көзөмөлдөн чыгып кетишинде эмес, аны кылмышкерлердин пайдаланып кетишинде болуп турат. OpenAI компаниясынын башчысы Сэм Альтман коркунучтардан улам 2026-жылы компаниясын биржага чыгарбай турганын айткан. Ал эми өнүккөн жасалма интеллектини түзүүчүлөрдүн бири Дарио Амодей кубаттуу программалар адамдардын аларды токтотуу аракеттерине көнбөй, четке кагып салышы мүмкүн экенин эскерткен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0c/1104247249_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e116c781cad2042775c594df050f1f9f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио