00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
5 мин
Ачык кеп
Мамлекет субсидия бербесе, бензин 120 сомго чыкмак. Баа дагы канчага чейин кармалат?
15:07
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка баргандарды эч ким куткара албасын айтты. Бул тууралуу ал Баткенде эл менен жолугушууда билдирди. Жергиликтүү жашоочу президенттен абакта отурган тууганына ырайым берүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, дудук, багууга муктаж кайнежесинин 23 жаштагы баласы 16 жашар өспүрүм кыз менен жакындаша коюп, Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси ("Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") менен камалып кеткен. Бирок кыз да, анын ата-энеси да милицияга арыз жазган эмес.
Кыргызстан эл аралык жүк ташууларды электрондук форматка өткөрүп, бажы тармагына жасалма интеллект технологияларын киргизүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Заманбап бажы" эл аралык форумунда билдирди. 2026-жылдын январь айынан тартып Кыргызстан Кытай менен жүк ташууга уруксаттарды электрондук форматта алмашып келет. Учурда мындай система Өзбекстан, Азербайжан жана Түркия менен болгон каттамдарда да колдонулууда. Амангелдиевдин айтымында, электрондук уруксаттар убакытты жана чыгымдарды кыскартып, кезектерди азайтууга жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө жардам берет. Белгилей кетсек, 2025-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 130 миң уруксат алмашылган. Мындан тышкары, өлкөдө мамлекеттик органдарды, жүк ташуучуларды жана логистикалык компанияларды бириктирген улуттук электрондук логистика системасын түзүү пландалууда. Жаңы технологиялар бажы жол-жоболорун тездетүүгө, сооданын ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана мыйзамсыз жүк ташууларга бөгөт коюуга багытталган.
Беларустун Витебск шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) "Бузулгус боордоштук-2026" жана "Барьер-2026" аталышындагы аскердик окуулары башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Жеңиш аянтында, Витебскини бошоткон советтик жоокерлерге арналган мемориалдык комплекстин алдында уюштурулду. Ошондой эле кыргыз жоокерлери машыгуунун алкагында улуттук маданият күнүн өткөрдү. "Бузулгус боордоштук-2026" — ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү катышкан командалык-штабдык окуу. Ал эми "Барьер-2026" машыгуусу уюмдун биргелешкен радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу (РХБ) күчтөрүнүн, ошондой эле медициналык камсыздоо түзүмдөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт. Белгилей кетсек, Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун "Бузулбас боордоштук - 2026" биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн Беларуска барышкан. Машыгуу 12-16-октябрь күндөрү өтөт.
Владимир Зеленский жаңжалды токтотууга саясий эрк көрсөтө албай, мындан улам Дональд Трамп Украинага жаңы лидер керектигин айтууда. Бул туурасында РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новостиге билдирди. "Трамп жаңы президенттин мезгили келди деп эсептейт. Себеби эмнеде? Анткени Украинанын президенти согушту токтотуу үчүн өтө жооптуу жана татаал чечимдерди кабыл алышы керек. Зеленский же бул жоопкерчиликти өзүнө алып, саясий эркин көрсөтөт, же эч нерсе кылбай отура берет", — деди Песков. Кремлдин өкүлү азырынча Зеленскийдин чечкиндүү кадамга барууга ниети жок экенин айтты. Буга чейин Трамп журналисттерге Зеленский орус-украин чатагын жөнгө салууга бир нече жолу мүмкүнчүлүк алса да, аны пайдаланбай койгонун билдирген. АКШ лидеринин пикиринде, Украинага Россия менен сүйлөшүүгө бара алчу жаңы лидер керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0