Сынынан кетпеген Моника Беллуччи 57 жашта. Актрисанын көз талдырган сүрөттөрү
17:28 03.10.2021 (Жаңыртылды: 14:04 16.12.2021)
Жазылуу
Италиялык актриса жана модель Моника Беллуччи 57 жашка чыкты. Сынынан кетпеген ажарлуу актрисанын жаш кезинен азыркы курагына чейинки сүрөттөрүн сунуштайбыз.
Моника Беллуччи 1964-жылы 30-сентябрда Италиянын Читта-ди-Кастелло шаарында жарыкка келген. Ал сүрөтчү менен транспорт компаниясынын кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлүп, жалгыз кыз болгон. Моделдик карьерасын окуу жайынын акысын төлөш үчүн студент кезинде эле баштаган. Маектеринин биринде Беллуччи ошол учурда эле өз алдынча болууга умтулганын айткан. Моделдик карьерасы ийгиликтүү башталган соң ал 1988-жылы Миланга кеткен. Эки жылдан кийин тасмаларга тартыла баштаган.
Беллуччи ондогон сыйлыктарга татып, болжол менен 70тей тасмада роль жараткан. Актёрлук карьерасын азыр да улантып жаткан кези. Эки ирет турмушка чыккан, эки баланын энеси.
© AFP / PIERRE GUILLAUDБеллуччинин жаш кези. 1993-жылы Парижде өткөн мода көрсөтмөсүндө
Беллуччинин жаш кези. 1993-жылы Парижде өткөн мода көрсөтмөсүндө
© AFP / SCOTT NELSONГолливуд, 2000-жылдын 12-декабры. "Малена" фильминин премьерасына барган актриса. Бул кинодо ал башкы ролду аткарган.
Голливуд, 2000-жылдын 12-декабры. "Малена" фильминин премьерасына барган актриса. Бул кинодо ал башкы ролду аткарган.
© AFP / OLIVIER LABAN-MATTEIЭкинчи жолдошу франциялык актёр Венсан Кассель менен Канн кинофестивалында. 2002-жылдын 24-майы.
Экинчи жолдошу франциялык актёр Венсан Кассель менен Канн кинофестивалында. 2002-жылдын 24-майы.
© AFP / PASCAL GUYOT2003-жылдын 15-майында өткөн Канн кинофестивалы. "Матрица: перезагрузка" премьерасында франциялык актёр Ламбер Вильсон менен.
2003-жылдын 15-майында өткөн Канн кинофестивалы. "Матрица: перезагрузка" премьерасында франциялык актёр Ламбер Вильсон менен.
© AFP / JEAN-LOUP GAUTREAUДагы бир тасманын, тагыраагы, "Тайные агенты" фильминин премьерасында
Дагы бир тасманын, тагыраагы, "Тайные агенты" фильминин премьерасында
© AFP / FILIPPO MONTEFORTEАктриса болжол менен 70тей тасмага тартылган. Анын ичинде "Братья Гримм" тасмасы дагы бар.
Актриса болжол менен 70тей тасмага тартылган. Анын ичинде "Братья Гримм" тасмасы дагы бар.
© AFP / ALBERTO PIZZOLIРимде өткөн "Я и Наполеон" фильминин премьерасында. Иш-чараны көрккө бөлөгөн Беллуччи.
Римде өткөн "Я и Наполеон" фильминин премьерасында. Иш-чараны көрккө бөлөгөн Беллуччи.
© AFP / SAMUEL KUBANIАктриса Women's World Awards сыйлыгын өөп жаткан учуру
Актриса Women's World Awards сыйлыгын өөп жаткан учуру
© AFP / ALBERTO PIZZOLIАктриса моделдик карьерасын да таштабай бир нече бренддин жарнамасына тартылган
Актриса моделдик карьерасын да таштабай бир нече бренддин жарнамасына тартылган
© AFP / TIZIANA FABIБританиялык актёр Дэниел Крейг менен
Британиялык актёр Дэниел Крейг менен
© AFP / ALBERTO PIZZOLIКанн кинофестивалынын ачылышында Моника Беллуччи бийлеп жатып франциялык комик Алекс Лутсту өпкөн
Канн кинофестивалынын ачылышында Моника Беллуччи бийлеп жатып франциялык комик Алекс Лутсту өпкөн
© AFP / GEOFFROY VAN DER HASSELT50дөн ашса да сынынан кетпеген Беллуччи
50дөн ашса да сынынан кетпеген Беллуччи
© AFP / LOIC VENANCEАл актрисалык карьерасын азыр да улантып жаткан кези
Ал актрисалык карьерасын азыр да улантып жаткан кези
© AFP / ANDER GILLENEAМоника Беллуччи эки ирет турмушка чыгып, эки балалуу болгон
Моника Беллуччи эки ирет турмушка чыгып, эки балалуу болгон