https://sputnik.kg/20261009/1104184248.html
Жыл сайын 1 млн көчөт: Кыргызстанда токойлорду калыбына келтирүү иши кандай жүрүүдө?

Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда токойлорду калыбына келтирүү жана жаңы токой аянттарын түзүү иштери жыл сайын жүргүзүлүп келет. Өлкөдө жыл сайын эки миң гектардан ашык аянтта... 09.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-09T11:04+0600
2026-10-09T11:04+0600
2026-10-09T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104184078_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d400652f68c9de311c08d3dfcc1d3be3.jpg
Жыл сайын 1 млн көчөт: Кыргызстанда токойлорду калыбына келтирүү иши кандай жүрүүдө?
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда токойлорду калыбына келтирүү жана жаңы токой аянттарын түзүү иштери жыл сайын жүргүзүлүп келет. Өлкөдө жыл сайын эки миң гектардан ашык аянтта токой өстүрүлүп, болжол менен бир миллион көчөт отургузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Токой кызматынын директору Нургазы Чодоев билдирди.Анын айтымында, мамлекеттик токой фондунун аймагында жыл сайын 3 миң килограммга жакын токой үрөнү себилет. Бул иштер токой ресурстарын көбөйтүү менен катар экосистемаларды калыбына келтирүүгө багытталган.“Кыргызстандагы токойлордун жалпы аянты учурда 1 миллион 273 миң гектарга жетти. Ал эми мамлекеттик токой фондунун жалпы аянты 2 миллион 540 миң гектарды түзөт, анын 799,5 миң гектары токой менен капталган. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында 140 миң гектар, 335 миң гектардан ашык башкаруусу жок токой аянттары бар. 1993-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 506 миң гектарга көбөйгөн. Ошол эле учурда токойлорду сактоо багытында бир катар көйгөйлөр бар. Алардын арасында токой өрттөрү, зыянкечтер жана оорулар, мыйзамсыз кыюу, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланышкан тобокелдиктер бар. Токой өрттөрүнүн алдын алуу үчүн токой чарбаларында ыкчам топтор түзүлүп, алар керектүү шаймандар жана жабдуулар менен камсыздалууда. Ошондой эле өрттү эрте аныктоо жана өз убагында өчүрүү боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлөт. Токойлордун оорулары жана зыянкечтери менен күрөшүүдө Кыргызстанда негизинен биологиялык ыкмалар колдонулат. Бул ыкма экосистемага тийгизген терс таасирди азайтып, токойдогу табигый тең салмактуулукту сактоого багытталган. Быйыл май айында токой чарбаларына көчөт өстүрүү жана экосистемаларды калыбына келтирүү үчүн 161,8 миллион сомдук техника жана жабдуулар берилген. Бул каражат токой чарбаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана калыбына келтирүү иштерин кеңейтүүгө багытталган,” — деди Чодоев.Ал токойлорду сактоо жана көбөйтүү Кыргызстан үчүн экологиялык гана эмес, климаттык жактан да маанилүү экенин кошумчалады.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/09/1104184078_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_82e94aa131a299f5fa40a190cd224740.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Жыл сайын 1 млн көчөт: Кыргызстанда токойлорду калыбына келтирүү иши кандай жүрүүдө?
11:04 09.10.2026 (Жаңыртылды: 11:16 09.10.2026) Коноктор
Нургазы Чодоев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Токой кызматынын директору