https://sputnik.kg/20261012/1104240530.html
Мамлекет субсидия бербесе, бензин 120 сомго чыкмак. Баа дагы канчага чейин кармалат?

Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда азыркы учурда абал туруксуз. Кыргыз Республикасынын тескемесине ылайык, бул багытка бюджеттен 11 млрд сом каражат... 12.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-12T15:05+0600
2026-10-12T15:05+0600
2026-10-12T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0c/1104240360_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7e00dd8f29c77fdd5cc8079a7cc89ac4.jpg
Мамлекет субсидия бербесе, бензин 120 сомго чыкмак. Баа дагы канчага чейин кармалат?
Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда азыркы учурда абал туруксуз. Кыргыз Республикасынын тескемесине ылайык, бул багытка бюджеттен 11 млрд сом каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкы адиси Бектур Бекташов билдирди.Анын айтымында, бул каражат жыл аягына чейин субсидиялоо механизмин ишке ашырууга жетет.“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бензиндин баасы 87 сом 90 тыйын, дизель майы 99 сом 90 тыйын, ал эми газдын баасы 48 сом 80 тыйын деп белгиленген. Аймактарда баалар транспорттук чыгымдарга жараша бир аз айырмаланышы мүмкүн. Субсидиялоо боюнча май, июнь жана июль айларында мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 144 млн сом жумшалды. Ал эми август айында алдын ала эсептөөлөр боюнча дагы 1 млрд сом каражат багытталды. Демек, мамлекет бир литр бензинге 31 сомго чейин, дизель майына 42 сомго чейин, газга 5,5 сомго чейин субсидия берип жатат. Эгер субсидиялоо механизми жана жөнгө салуу чаралары болбогондо, ошондой эле акциздик салыктын төлөө мөөнөтү жылдырылбаганда, май куюучу жайларда бензиндин баасы 120 сомго, дизель майы 140 сомго, газдын баасы 55 сомго чейин жетмек. Бул чаралар инфляцияны кармап турууга оң таасирин тийгизип жатат. Мисалы, күнүнө орточо 5 литр бензин керектеген айдоочу айына болжол менен 150 литр бензин коротот. Мындай учурда мамлекеттин эсебинен айдоочу айына болжол менен 4,6 миң сом үнөмдөйт. Август айынан бери дизель отунунун бир тоннасы 1 550–1 600 доллардан, ал эми АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 1 400–1 450 доллардан сатылып алынууда. Бул мурунку бааларга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өскөн”, — деди Бекташов.Адис учурда өлкөдө күйүүчү-майлоочу майлардын түрүнө жараша 1–1,5 айга жетерлик запас бар экенин кошумчалады.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0c/1104240360_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c3d81608450c84a838ea118274fe3fde.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Мамлекет субсидия бербесе, бензин 120 сомго чыкмак. Баа дагы канчага чейин кармалат?
15:05 12.10.2026 (Жаңыртылды: 15:16 12.10.2026) Коноктор
Бектур Бекташов, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкы адиси