00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
5 мин
Күн башат
Бишкекте бир нече аймактар ЖЭБден ажыратылат
13:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Садыр Жапаров Баткендин Лейлек районунун тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып, учурда өлкөдө жылына 1,5 миң км жолго асфальт төшөлүп жатканын билдирди. “Ар бир айылга, курорттук аймакка, керек болсо алыскы жайлоолорго чейин асфальт жеткиребиз. Бул 10–15 жылда бүтө турган иш. Жыл сайын 1500 чакырымдан асфальт төшөп турсак, ушул мөөнөттө толук бүтүрөбүз”, — деди президент. Ошондой эле ал 2027-жылдын аягына чейин мектеп көйгөйү чечилсе, 2028-жылдан тартып өлкөдөгү 4 миңге жакын айылдын баарына бала бакча куруу иштери башталарын белгиледи.
Кыргызстан Эр-Рияд шаарындагы аэропортко ракеталык чабуул жасалышын кескин сындайт. Соккудан кеминде 12 адам каза болуп, дагы 309 киши жаракат алган. Арасында абалы оор бейтаптар бар. Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө жарандык жана авиациялык инфраструктура объектилерине кол салууну эл аралык укук нормаларынын одоно бузулушу жана авиакаттамдардын коопсуздугу үчүн чоң коркунуч катары баалай турганы белгиленген. Мындай аракеттер абалды курчутуп, жалпы дүйнөдө жана Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракеттерин жокко чыгарары айтылды. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Кыргызстан тараптарды сабырдуулукка, аскердик аракеттерди токтотууга жана жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. Ал арада Al Jazeera басылмасы аэропорттун терминалына дагы сокку урулуп, өрт чыкканын билдирди. Чабуулдар хуситтер менен Сауд Арабиясынын мамилеси курчуп турган маалда жасалууда.
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Токтогул гидроэлектр станциясынын 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Токтогул ГЭСин модернизациялоо иштеринин алкагында төрт гидроагрегат толугу менен жаңыланды. Натыйжада ар бир агрегаттын кубаттуулугу 300 мегаваттан 360 мегаватка чейин жогорулатылды. Модернизациянын натыйжасында станциянын жалпы кубаттуулугу 1200 мегаваттан 1440 мегаватка жетти. Бул өлкөнүн энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана электр энергиясын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле министр Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштери менен таанышты. Жумушчу сапардын жыйынтыгында энергетикалык объектилердин жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилип, алдыдагы күз-кыш мезгилинде энергетикалык системанын туруктуу иштешин камсыз кылуу маселелерине көңүл бурулду.
Ормуз кысыгында Иран бийлиги менен макулдашылбаган каттам менен бараткан дагы бир танкер деңиз минасына жарылып, артынан өрт чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Кемеге 750 миң баррель мунай жүктөлгөн. Жарылуудан кийин кыймылдаткыч бөлүгүндө өрт чыккан. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) танкер өзүнүн навигациялык системаларын өчүрүп салганын белгилейт. "Жума күнү Иран Ормуз кысыгында кеме кыймылына тыюу салынган аймакты белгилеп, андан өтүү үчүн уруксат алуу керектигин эскерткен. Бул акыркы күндөрү минага кабылган үчүнчү танкер болуп калды", — деп айтылат маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0