00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров "Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Документте салыгын жашыргандардын реестрин түзүү, жасалма электрондук эсеп-фактураларды пайдалануу жана бизнести башка адамдардын атына каттоо үчүн жоопкерчилик каралган. Жарандарга өз атына компанияларды жана жеке ишкерлерди каттоого тыюу салууга мүмкүндүк берген "өзүн-өзү тыюу" механизминин киргизилиши пландалууда. Ошондой эле ишеним каттарды жана электрондук кол тамганы пайдаланууга көзөмөл күчөтүлөт. Ишкерлерди укук коргоо органдарынын негизсиз кийлигишүүсүнөн коргоого өзгөчө көңүл бурулган. Бул үчүн прокурордук жана ведомстволор аралык көзөмөлдү күчөтүү каралганы айтылды.
Адылбек Касымалиев өлкөдө балык тоютун өндүргөн төрт ишкананын жылдык кубаттуулугу 67-73 миң тонна болсо, быйыл тогуз айда алар 5 500 тонна гана тоют чыгарганын белгиледи. Ал жергиликтүү жана импорттук тоюттардын үлгүлөрү Алматыда экспертизадан өткөрүлүп, сапаты боюнча айырма табылбаганын билдирди. Ошол эле учурда Кыргызстанда өндүрүлгөн тоюттун 25 пайызы гана жергиликтүү чийки заттан, калган 75 пайызы импорттук кошулмалардан турарын белгиледи. Касымалиев балык өндүрүүчүлөрдү ата мекендик тоютту алууга чакырды.
Бишкекте трамвай жолдорун куруу, метробус системасын киргизүү жана метро куруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушкан. Ага Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү да катышкан. Тараптар борбор калаанын коомдук транспортун өнүктүрүү жана транспорттук инфраструктураны жаңылоо маселелерин карашкан. “Жолугушууда транспорттук долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жана аларды ишке ашыруунун жол картасын иштеп чыгуу сунушталган. Франция тарап бул иштерди каржылык жактан колдоого даяр экенин билдирген”, – деп айтылат маалыматта. Азырынча бул долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акыркы чечим кабыл алынганы айтылган жок.
Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн алма ташып келүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору ата мекендик багбандарга жыйналган түшүмдү сатууга шарт түзүү максатын көздөйт. Документке ылайык, чектөө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга ташылып келе турган алмаларга тиешелүү болот. Министрликтин маалыматына караганда, учурда республика боюнча алма бактарынын жалпы аянты 26 миң 324 гектарды түзөт. Быйыл алманын түшүмү 179 миң 393 тоннага жетери болжолдонууда. Ошол эле учурда быйыл январь–август айларында өлкөгө 6 миң 438,9 тонна алма импорттолгон. Бул былтыркы жалпы импорттун көлөмүнөн 2 эсе көп. Алма негизинен Польша, Кытай жана Өзбекстандан ташылып келген
Жаңылыктар түрмөгү
0