https://sputnik.kg/20261011/1104223400.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жапаров Сүлүктү шаары жана Лейлек районунун эли менен жолукту. Президенттин сөзүнүн урунттуу учурларына токтолсок. Баткен облусунда 38 социалдык жана өндүрүш... 11.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-11T15:00+0600
2026-10-11T15:00+0600
2026-10-11T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0b/1104223233_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c1166075cf418b22e5dbc76369e511ef.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жапаров Сүлүктү шаары жана Лейлек районунун эли менен жолукту. Президенттин сөзүнүн урунттуу учурларына токтолсок. Баткен облусунда 38 социалдык жана өндүрүш объектисинин 30у курулду. Калган сегизи жыл соңуна чейин аяктайт. Ошондой эле 4116 батирлүү турак жай комплекстери курулууда Сүлүктүдө таза суу системасы жаңыланып, альтернативдүү жол жана поликлиника куруу пландалууда. Жер көчкү коркунучундагы үйлөрдү көчүрүү үчүн жер бөлүү маселеси каралат Лейлекте селден коргоочу дамбаларды куруу, таза жана сугат суу менен камсыздоо, социалдык объектилерди салуу пландалган Президент чек араны демаркациялоо иштери дээрлик аяктаганын белгилеп, жабыркаган үйлөргө кенемте төлөө жана турак жайларды бөлүштүрүү маселелери атайын комиссияда караларын билдирди.
Айыл чарба министрлиги чектөөнү 2027-жылдын 1-февралына чейин киргизүүнү сунуштап жатат. Максат — жергиликтүү багбандардын түшүмүн сатууга шарт түзүү. Документке ылайык, чектөө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга ташылып келе турган алмаларга тиешелүү болот. Быйыл өлкөдө 179 миң тоннадан ашык алма жыйналышы күтүлүүдө. Ал эми январь–август айларында 6,4 миң тонна алма импорттолгон.
Кадамжайда жол сакчылары кармаган мас айдоочу калаа мэри болуп чыкканы айтылууда. Маалыматка ылайык, Баткен облустук ЖКККБ кызматкерлери Кадамжайда автоунаалардын бирин токтотуп, спирт ичимдигинин жыты сезилген айдоочу наркологияга жеткирилгенин билдирди. Текшерүүдө анын ичип алганы тастыкталганы белгиленди. Ал арада блогер Эртай Искаков кармалган айдоочу Кадамжай шаарынын мэри экенин жазып, маалыматты Баткен облустук администрациясы тастыктады.
Непалда кайрадан сел жүрүп, 40тай үй, эки көпүрө бир заматта суу алдында калды. Бул тууралуу Чуманубри муниципалитенинин төрагасынын орун басарына таянуу менен Синьхуа жазды. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Катмандудан 100 чакырымдай аралыкта жер көчкү дарыянын нугун бөгөп, суу төмөн жактагы айылдарды каптаган. Төрт адам дайынсыз болууда. Август айында да Непалда суу катуу ташкындап, акыркы маалыматтар боюнча 1,4 миңден ашуун адам каза тапкан. Дагы 5 миңден ашуун киши дайынсыз болууда.
АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский Украинада шайлоо өткөрүшү керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Менимче, ал шайлоо өткөрүшү керек. Жаңжалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк көп эле болду. Эми шайлоо өткөрүүгө тийиш", — деди Трамп журналисттерге. Бир күн мурда ал Зеленскийди АКШнын Россиядагы мунай иштетүүчү заводдорго сокку урбоо өтүнүчүн этибарга албай жатат деп айыптаган. Ошондой эле Украинага Москва менен келишим түзө ала турган жаңы лидер керектигин билдирген. Трамп бул билдирүүсүн жума күнү Майамиде өткөн америка менен украин тараптын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү өтүп жатканда жасады. ЖМКлардын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр башында эки күнгө созулары күтүлгөн, бирок ага жетпей аяктаган. Буга АКШ президенти Трамптын Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин жарыялаган дизель майы боюнча келишими себеп болгону айтылууда. Зеленскийдин президенттик ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2024-жылдын 20-майында аяктаган. Ошол учурда Украинадагы президенттик шайлоо аскердик абалга жана жалпы мобилизацияга байланыштуу өткөрүлгөн эмес. Зеленский шайлоо өткөрүү азырынча "эрте" экенин билдирип келген.
Жапаров Сүлүктү шаары жана Лейлек районунун эли менен жолукту. Президенттин сөзүнүн урунттуу учурларына токтолсок. Баткен облусунда 38 социалдык жана өндүрүш объектисинин 30у курулду. Калган сегизи жыл соңуна чейин аяктайт. Ошондой эле 4116 батирлүү турак жай комплекстери курулууда Сүлүктүдө таза суу системасы жаңыланып, альтернативдүү жол жана поликлиника куруу пландалууда. Жер көчкү коркунучундагы үйлөрдү көчүрүү үчүн жер бөлүү маселеси каралат Лейлекте селден коргоочу дамбаларды куруу, таза жана сугат суу менен камсыздоо, социалдык объектилерди салуу пландалган Президент чек араны демаркациялоо иштери дээрлик аяктаганын белгилеп, жабыркаган үйлөргө кенемте төлөө жана турак жайларды бөлүштүрүү маселелери атайын комиссияда караларын билдирди. Айыл чарба министрлиги чектөөнү 2027-жылдын 1-февралына чейин киргизүүнү сунуштап жатат. Максат — жергиликтүү багбандардын түшүмүн сатууга шарт түзүү. Документке ылайык, чектөө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга ташылып келе турган алмаларга тиешелүү болот. Быйыл өлкөдө 179 миң тоннадан ашык алма жыйналышы күтүлүүдө. Ал эми январь–август айларында 6,4 миң тонна алма импорттолгон.Кадамжайда жол сакчылары кармаган мас айдоочу калаа мэри болуп чыкканы айтылууда. Маалыматка ылайык, Баткен облустук ЖКККБ кызматкерлери Кадамжайда автоунаалардын бирин токтотуп, спирт ичимдигинин жыты сезилген айдоочу наркологияга жеткирилгенин билдирди. Текшерүүдө анын ичип алганы тастыкталганы белгиленди. Ал арада блогер Эртай Искаков кармалган айдоочу Кадамжай шаарынын мэри экенин жазып, маалыматты Баткен облустук администрациясы тастыктады. Непалда кайрадан сел жүрүп, 40тай үй, эки көпүрө бир заматта суу алдында калды. Бул тууралуу Чуманубри муниципалитенинин төрагасынын орун басарына таянуу менен Синьхуа жазды. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Катмандудан 100 чакырымдай аралыкта жер көчкү дарыянын нугун бөгөп, суу төмөн жактагы айылдарды каптаган. Төрт адам дайынсыз болууда. Август айында да Непалда суу катуу ташкындап, акыркы маалыматтар боюнча 1,4 миңден ашуун адам каза тапкан. Дагы 5 миңден ашуун киши дайынсыз болууда.АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский Украинада шайлоо өткөрүшү керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Менимче, ал шайлоо өткөрүшү керек. Жаңжалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк көп эле болду. Эми шайлоо өткөрүүгө тийиш", — деди Трамп журналисттерге. Бир күн мурда ал Зеленскийди АКШнын Россиядагы мунай иштетүүчү заводдорго сокку урбоо өтүнүчүн этибарга албай жатат деп айыптаган. Ошондой эле Украинага Москва менен келишим түзө ала турган жаңы лидер керектигин билдирген. Трамп бул билдирүүсүн жума күнү Майамиде өткөн америка менен украин тараптын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү өтүп жатканда жасады. ЖМКлардын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр башында эки күнгө созулары күтүлгөн, бирок ага жетпей аяктаган. Буга АКШ президенти Трамптын Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин жарыялаган дизель майы боюнча келишими себеп болгону айтылууда. Зеленскийдин президенттик ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2024-жылдын 20-майында аяктаган. Ошол учурда Украинадагы президенттик шайлоо аскердик абалга жана жалпы мобилизацияга байланыштуу өткөрүлгөн эмес. Зеленский шайлоо өткөрүү азырынча "эрте" экенин билдирип келген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0b/1104223233_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_615fa5e0f5871c33310bc793be9ec46c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио