Кыргыз киносунун багын ачкан чолпон жылдыздар. Генийлердин сүрөттөрү
Кыргыз киносунун багын ачкан чолпон жылдыздар. Генийлердин сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн ата мекендик кинематография 80 жылдыгын белгилеп жатат. Анын башында турган киночулардын кызыктуу ирмемдерин Sputnik Кыргызстан агенттиги сунуштайт. 17.11.2021, Sputnik Кыргызстан
Өткөн кылымдын 60-70-жылдары кыргыз киночулары киношедеврлерди сунуштап "кыргыз кереметин" жараткан.СССРдин эл артисти Төлөмүш Океевдин дипломдук иш болгон "Бакайдын жайыты" тасмасы Италиянын Триест, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында, Ленинград, Душанбедеги фестивалдарда сыйлык алып, дүйнөнүн 100 мыкты киносунун катарына кирген.Андан сырткары, анын "Көк серек" фильми СССРдин атынан "Оскар" сыйлыгына "Чет элдик мыкты тасма" номинациясы боюнча көрсөтүлгөн.КРдин эл артисти Геннадий Базаровдун кылмыштуулук, басмачылар, чекисттердин өткөн кылымдын 20-жылдарындагы турмушу баяндалган кинокартинасы биринчи кыргыз блокбастери аталган. Кинофильм 60-жылдардын соңунда СССРде көрүүчүсү көп кинокартиналардын сап башына чыккан.Ал эми СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин "Бөрү зындан" криминалдык драмасы прокаттан мамлекеттик казынага 100 миллион доллар алып келген. Ал кинематографисттердин эмгектери азыр алтын фондуда сакталып турат.Союз учурунда Кыргызстанда жылына 15-20 кинокартина жарыкка чыккан.
Бүгүн ата мекендик кинематография 80 жылдыгын белгилеп жатат. Анын башында турган киночулардын кызыктуу ирмемдерин Sputnik Кыргызстан агенттиги сунуштайт.
Өткөн кылымдын 60-70-жылдары кыргыз киночулары киношедеврлерди сунуштап "кыргыз кереметин" жараткан.
СССРдин эл артисти Төлөмүш Океевдин дипломдук иш болгон "Бакайдын жайыты" тасмасы Италиянын Триест, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында, Ленинград, Душанбедеги фестивалдарда сыйлык алып, дүйнөнүн 100 мыкты киносунун катарына кирген.
Андан сырткары, анын "Көк серек" фильми СССРдин атынан "Оскар" сыйлыгына "Чет элдик мыкты тасма" номинациясы боюнча көрсөтүлгөн.
КРдин эл артисти Геннадий Базаровдун кылмыштуулук, басмачылар, чекисттердин өткөн кылымдын 20-жылдарындагы турмушу баяндалган кинокартинасы биринчи кыргыз блокбастери аталган. Кинофильм 60-жылдардын соңунда СССРде көрүүчүсү көп кинокартиналардын сап башына чыккан.
Ал эми СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин "Бөрү зындан" криминалдык драмасы прокаттан мамлекеттик казынага 100 миллион доллар алып келген. Ал кинематографисттердин эмгектери азыр алтын фондуда сакталып турат.
Союз учурунда Кыргызстанда жылына 15-20 кинокартина жарыкка чыккан.
"Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Сүйүү закымдары", "Ак кеме", "Эл арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер" жана "Фудзиямага чыгуу" тасмаларын жараткан Болот Шамшиев