https://sputnik.kg/20261011/1104225819.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Максатыбыз — аймактарды республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга гана көз каранды кылбастан, өз кирешелерин көбөйтүү. Бул тууралуу Садыр Жапаров Баткен... 11.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-11T17:00+0600
2026-10-11T17:00+0600
2026-10-11T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0b/1104225653_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_397c18426cadd4c1aedbf496b8b8088c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Максатыбыз — аймактарды республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга гана көз каранды кылбастан, өз кирешелерин көбөйтүү. Бул тууралуу Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Президентти айтымында, 2020-жылы Баткендин кирешеси 905 миллион сомду түзсө, быйыл тогуз айда 1,6 миллиард сомго жеткен. Мындан тышкары, быйыл облуска республикалык казынадан кошумча 4 миллиард 517 миллион сом бөлүнгөн. Жапаров Баткен облусунда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 2021-жылдагы 3,9 миллиард сомдон 2025-жылы 8,3 миллиард сомго жеткенин белгиледи. "100 өнөр жай ишканасы" долбоорунун алкагында 2024-жылы 11, былтыр 13 ишкана ачылган. Быйыл дагы жети өнөр жай объектисин ишке киргизүү пландалууда.
Кыргызстанда жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Ички иштер министрлиги 2030-жылга чейинки жол коопсуздугунун жаңы программасын иштеп чыкты. Жол эрежесин бузгандарды дрондор аркылуу аныктоо күчөтүлүп, кооптуу тилкелерге жана мектептердин жанына камералар орнотулат. Инспекторлор айдоочулардын баңгизат колдонгонун текшерүүчү экспресс-тесттер менен камсыздалат. Бишкек — Ысык-Көл жолунда орточо ылдамдыкты автоматтык эсептөөчү система ишке киргизилет. Эрежени такай бузган айдоочулар унаа башкаруу укугунан ажыратылып, кайра сынак тапшырат. Велосипед, мопед жана скутер айдагандарга туулга кийүү талабы коюлат. Ижарадагы электр самокаттары этап-этабы менен алынып, ордуна велосипеддер сунушталат.
Бишкекте эң узун чучук жасалды. Анын узундугу 128 метрди түздү. Улуттук даам Эски аянтта өтүп жаткан Чүй облусунун 100 жылдыгын белгилөө салтанатынын алкагында даярдалды. Андан соң чучук майрамдын катышуучулары менен көрүүчүлөрүнө таратылат. Буга чейинки рекорд 2018-жылы жасалган 117 метрлик чучукка таандык эле.
АКШнын Россия менен дизель майын алуу боюнча келишими Евробиримдик жетекчилигинин алысты көрө билбестигин ачыктады, эми Европа өзүнүн кас саясаты үчүн дизелди кымбат алып же анын таңсыктыгына туш болот. Бул тууралуу Словакия премьер-министри Роберт Фицо билдиргенин РИА Новости жазды. Эскерте кетсек, буга чейин АКШ лидери Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин менен сүйлөшүп, дизель отунун алууну макулдашканын билдирген болчу. "Владимир Путин менен Дональд Трамптын АКШга Россиядан дизель майын ташуу боюнча макулдашуусу Евробиримдик жетекчилигинин алысты көрө билбегенин айгинеледи. Америка арзан дизель алса, Россиянын бюджетине акча түшөт. Ал эми биз, Европа биримдигиндегилер, өзүбүздүн кастык саясатыбыз, киргизген саянкцияларыбыз үчүн дизель майын үч евродон алып отура беребиз, балким, анын тартыштыгына да дуушар болушубуз ыктымал", — деп жазды Фицо соцбаракчасына. Премьер аталган келишим Словакиянын бардык тарап менен кызматташууга даяр болгон жана респубиканын кызыкчылыгын көздөгөн тышкы саясатынын туура нукта экенин көрсөтөрүн белгиледи.
Максатыбыз — аймактарды республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга гана көз каранды кылбастан, өз кирешелерин көбөйтүү. Бул тууралуу Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Президентти айтымында, 2020-жылы Баткендин кирешеси 905 миллион сомду түзсө, быйыл тогуз айда 1,6 миллиард сомго жеткен. Мындан тышкары, быйыл облуска республикалык казынадан кошумча 4 миллиард 517 миллион сом бөлүнгөн. Жапаров Баткен облусунда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 2021-жылдагы 3,9 миллиард сомдон 2025-жылы 8,3 миллиард сомго жеткенин белгиледи. "100 өнөр жай ишканасы" долбоорунун алкагында 2024-жылы 11, былтыр 13 ишкана ачылган. Быйыл дагы жети өнөр жай объектисин ишке киргизүү пландалууда.Кыргызстанда жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Ички иштер министрлиги 2030-жылга чейинки жол коопсуздугунун жаңы программасын иштеп чыкты. Жол эрежесин бузгандарды дрондор аркылуу аныктоо күчөтүлүп, кооптуу тилкелерге жана мектептердин жанына камералар орнотулат. Инспекторлор айдоочулардын баңгизат колдонгонун текшерүүчү экспресс-тесттер менен камсыздалат. Бишкек — Ысык-Көл жолунда орточо ылдамдыкты автоматтык эсептөөчү система ишке киргизилет. Эрежени такай бузган айдоочулар унаа башкаруу укугунан ажыратылып, кайра сынак тапшырат. Велосипед, мопед жана скутер айдагандарга туулга кийүү талабы коюлат. Ижарадагы электр самокаттары этап-этабы менен алынып, ордуна велосипеддер сунушталат. Бишкекте эң узун чучук жасалды. Анын узундугу 128 метрди түздү. Улуттук даам Эски аянтта өтүп жаткан Чүй облусунун 100 жылдыгын белгилөө салтанатынын алкагында даярдалды. Андан соң чучук майрамдын катышуучулары менен көрүүчүлөрүнө таратылат. Буга чейинки рекорд 2018-жылы жасалган 117 метрлик чучукка таандык эле.АКШнын Россия менен дизель майын алуу боюнча келишими Евробиримдик жетекчилигинин алысты көрө билбестигин ачыктады, эми Европа өзүнүн кас саясаты үчүн дизелди кымбат алып же анын таңсыктыгына туш болот. Бул тууралуу Словакия премьер-министри Роберт Фицо билдиргенин РИА Новости жазды. Эскерте кетсек, буга чейин АКШ лидери Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин менен сүйлөшүп, дизель отунун алууну макулдашканын билдирген болчу. "Владимир Путин менен Дональд Трамптын АКШга Россиядан дизель майын ташуу боюнча макулдашуусу Евробиримдик жетекчилигинин алысты көрө билбегенин айгинеледи. Америка арзан дизель алса, Россиянын бюджетине акча түшөт. Ал эми биз, Европа биримдигиндегилер, өзүбүздүн кастык саясатыбыз, киргизген саянкцияларыбыз үчүн дизель майын үч евродон алып отура беребиз, балким, анын тартыштыгына да дуушар болушубуз ыктымал", — деп жазды Фицо соцбаракчасына. Премьер аталган келишим Словакиянын бардык тарап менен кызматташууга даяр болгон жана респубиканын кызыкчылыгын көздөгөн тышкы саясатынын туура нукта экенин көрсөтөрүн белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0b/1104225653_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e4363ef78701b469e3b30bd80de3057a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио