Каракталган 114 миң доллар жоголду. Кара-Суудагы күйгөн унаанын чоо-жайы

© Фото / Зульфия ТургуноваМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жазылуу
Милициянын билдиргенине караганда, унаа күйгөндөн кийин каракчылар үч тарапты көздөй качкан. Учурда тонолгон акча изделип жатат.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ош облустук милициясы Кара-Суу шаарында ишкердин 114 миң доллары каракталган окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берди.
Тергөөдө аныкталгандай, 13-декабрда Ош шаарынын 39 жаштагы тургуну С. Х., шериги К. экөө Honda Jazz автоунаасы менен 114 250 долларды М. аттуу жаранга алып бараткан. Анын 109 миң доллары Лю аттуу соодагерге (Кытай жараны), 5 250 доллары өздөрүнө таандык болгон. Аларды саат 10:00дөр чамасында Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө Daewoo Lacetti үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеден тороп чыккан. Ичинен медициналык бет кап тагынган үч киши түшүп, акча алып бараткан жарандардын бирин пневматикалык тапанча менен бутка атып, карактап кетишкен.

Кылмышкерлердин унаасы Алишер Навои көчөсүнө жеткенде белгисиз себептен улам күйүп кеткен. Мындан улам алар жол четинде токтоп турган Mercedes-Benz Sprinter айдоочусуна тапанча такап коркутуп, унаасын айдап кетүүгө аракет кылган. Ошол учурда милиция кызматкерлери келип кармаган. Учурда каракталган 114 миң 250 доллар кайда экени белгисиз болууда. Күйгөн машинанын ичинде калган эмес, кылмышкерлер көтөрүп жүргөн сумканын ичинен курал чыкты. Кармалган шектүүлөр качып баратып акчаны кайда таштаганын билбей калганын айтууда. Азыркы тапта тегерек четиндеги видеожазуулар алынып, акча изделип жатат", — деп билдирди облустук милициянын маалымат кызматы.

Ошондой эле кылмышкерлерди кармоо учурунда аз жерден милиционерди атып сала жаздашканы белгиленди.
"Кызматтык милдетин аткарып жүргөн Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү автоунаа күйүп жатканын көрүп жанына барышкан. Ал жерде тургандар "тоноп кетти" деп үч эркек кишини көрсөтүшкөн. Кармоо учурунда кылмышкер милиционердин маңдайына тапанча кезеген. Бирок колунан кармап өйдө көтөрүп жибергенде асманга эки ирет ок атылган. Ошол учурда жерге жыгып кармашкан", — деп айтылат маалыматта.
Бул кылмышка шектелип төмөнкү үч адам кармалган:
32 жаштагы Ш. М., мурда киши өлтүрүп жана куралды мыйзамсыз сактаганы үчүн соттолгон;
48 жаштагы А. У., мурда экстремизм үчүн соттолгон;
46 жаштагы Р. Д., мурда уурулук кылып соттолгон.
Аталган фактылар боюнча окуя болгон жерге Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Абитов жана Кара-Суу РИИБдин жетекчисинин милдетин аткаруучу Б.Молдоев ыкчам-тергөө тобу менен барган.
Жеринен кылмышка тиешеси бар буюм заттар алынган. Алар: 5,45 мм калибрлүү автомат жана 58 даана ок-дары эки ок кутучасы менен, 9 мм эки тапанча жана 24 ок-дарысы, №К-17 мылтыгы эки ок кутучасы менен, сары түстөгү эки ок жана бир гильза, кара түстөгү өндүрүшү белгисиз болгон эки рация, атайын алты бет кап жана калыңдатылган шым. Милициядан күйүп кеткен автоунаа да далил буюм катары эсептелерин айтышты.
Шектүүлөрдүн үйлөрүн тинткенде дагы курал, ок-дары, граната чыккан.
Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси боюнча иш козголуп, тергөө амалдары башталган.
Кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2021
Түркиялык ишкерди "Манастан" ары уурдап кетишкен. Шектүүнүн бири — милиционер
Жаңылыктар түрмөгү
0