https://sputnik.kg/20211211/bishkek-turkiyalyk-ishkerdi-uurdagandar-karmaldy-1054941559.html
Түркиялык ишкерди "Манастан" ары уурдап кетишкен. Шектүүнүн бири — милиционер
Түркиялык ишкерди "Манастан" ары уурдап кетишкен. Шектүүнүн бири — милиционер
Sputnik Кыргызстан
Чет элдик ишкерди уурдоого "Манас" аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы да аралашканы айтылды. 11.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-11T18:40+0600
2021-12-11T18:40+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
урдоо
кармоо
ишкер
укмк
милиционер
https://sputnik.kg/img/101640/46/1016404619_0:178:3071:1905_1920x0_80_0_0_4b7e840378f06e08e0ccdbd9c6aa0b46.jpg
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Түркиялык ишкерди уурдап кетип үч миллион доллар талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Алардын ичинде Кыргызстандын жарандары, ИИМ кызматкерлери жана чет элдиктер бар. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.УКМК менен ИИМдин ички иликтөө кызматы биргеликте жүргүзгөн тергөөнүн натыйжасында, С. Д. аттуу түркиялык ишкерди уурдоону өзүнүн эле А.Б. аттуу досу жана бизнес өнөктөшү уюштурганы аныкталган.Ал эми уурдоону уюштурган А.Б. аттуу өнөктөшүн барымтага алып калгандай түр көрсөтүшкөн.Бул кылмышка шектүү катары Х.А.Д., А.Б., Ж.Б. жана Чүй облустук милициянын "Манас" аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы П.Т. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101640/46/1016404619_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_8cd6f707c4c3c98571e896f818f4ad7e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, урдоо, кармоо, ишкер, укмк, милиционер
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, урдоо, кармоо, ишкер, укмк, милиционер
Түркиялык ишкерди "Манастан" ары уурдап кетишкен. Шектүүнүн бири — милиционер
18:40 11.12.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Чет элдик ишкерди уурдоого "Манас" аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы да аралашканы айтылды.
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Түркиялык ишкерди уурдап кетип үч миллион доллар талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Алардын ичинде Кыргызстандын жарандары, ИИМ кызматкерлери жана чет элдиктер бар. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
УКМК менен ИИМдин ички иликтөө кызматы биргеликте жүргүзгөн тергөөнүн натыйжасында, С. Д. аттуу түркиялык ишкерди уурдоону өзүнүн эле А.Б. аттуу досу жана бизнес өнөктөшү уюштурганы аныкталган.
"С.Д. Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында учуп келген. Аны документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, аэропорттун милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан соң тапанча такап коркутуп, бардык (акча, саат, телефон, ноутбук ж.б.) баалуу буюмдарын алып, башына баштык кийгизип жеке менчик үйгө алып барып 5 күн кармашкан. Кийин уурдагандар А.Б. аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 400 миң доллар алууга макул болуп ишкерди коё беришкен", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми уурдоону уюштурган А.Б. аттуу өнөктөшүн барымтага алып калгандай түр көрсөтүшкөн.
Бул кылмышка шектүү катары Х.А.Д., А.Б., Ж.Б. жана Чүй облустук милициянын "Манас" аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы П.Т. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.