Ош: талап-тоноого шектүүлөр кармалып, алардан куралдар табылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УВД Ошской областиОш облусунда курал менен кол салып, каракчылык кылып жүргөн кылмышка шектүүлөрдөн табылган курал жарак
Ош облусунда курал менен кол салып, каракчылык кылып жүргөн кылмышка шектүүлөрдөн табылган курал жарак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
Жазылуу
Кармалгандардын баары (шектүүлөр) мурда соттолгон кишилер экени анык болгон. Милиция алардын жанынан бир нече курал жана ок-дарылар табылгандыгын билдирди.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Ош облусунда курал менен кол салып, каракчылык кылып жүргөн кылмышка шектүү мурда соттолгон жарандар кармалды. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин интернетке жанынан тапанча, автомат жана ок-дары табылган эркек кишини кармап жаткан видео тараган.
© Фото / пресс-служба УВД Ошской областиОш облусунда курал менен кол салып, каракчылык кылып жүргөн кылмышка шектүү мурда соттолгон жарандар кармалды
Ош облусунда курал менен кол салып, каракчылык кылып жүргөн кылмышка шектүү мурда соттолгон жарандар кармалды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Ош облусунда курал менен кол салып, каракчылык кылып жүргөн кылмышка шектүү мурда соттолгон жарандар кармалды
© Фото / пресс-служба УВД Ошской областиОкуя болгон жерден жогорудагы кылмышка тиешеси бар буюм заттар алынган
Окуя болгон жерден жогорудагы кылмышка тиешеси бар буюм заттар алынган - Sputnik Кыргызстан
2/4
Окуя болгон жерден жогорудагы кылмышка тиешеси бар буюм заттар алынган
© Фото / пресс-служба УВД Ошской областиАлар: 5,45 мм калибрлүү автомат жана 58 даана ок-дары эки ок кутучасы менен; 9 мм эки тапанча жана 24 ок-дарысы; №К-17 мылтыгы эки ок кутучасы менен; сары түстөгү эки ок жана бир гильза; кара түстөгү өндүрүшү белгисиз болгон эки рация, атайын алты бет кап жана калыңдатылган шым
Алар: 5,45 мм калибрлүү автомат жана 58 даана ок-дары эки ок кутучасы менен; 9 мм эки тапанча жана 24 ок-дарысы; №К-17 мылтыгы эки ок кутучасы менен; сары түстөгү эки ок жана бир гильза; кара түстөгү өндүрүшү белгисиз болгон эки рация, атайын алты бет кап жана калыңдатылган шым - Sputnik Кыргызстан
3/4
Алар: 5,45 мм калибрлүү автомат жана 58 даана ок-дары эки ок кутучасы менен; 9 мм эки тапанча жана 24 ок-дарысы; №К-17 мылтыгы эки ок кутучасы менен; сары түстөгү эки ок жана бир гильза; кара түстөгү өндүрүшү белгисиз болгон эки рация, атайын алты бет кап жана калыңдатылган шым
© Фото / пресс-служба УВД Ошской областиМилициядан күйүп кеткен автоунаа да далил буюм катары эсептелерин айтышты.
Милициядан күйүп кеткен автоунаа да далил буюм катары эсептелерин айтышты. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Милициядан күйүп кеткен автоунаа да далил буюм катары эсептелерин айтышты.
1/4
Ош облусунда курал менен кол салып, каракчылык кылып жүргөн кылмышка шектүү мурда соттолгон жарандар кармалды
2/4
Окуя болгон жерден жогорудагы кылмышка тиешеси бар буюм заттар алынган
3/4
Алар: 5,45 мм калибрлүү автомат жана 58 даана ок-дары эки ок кутучасы менен; 9 мм эки тапанча жана 24 ок-дарысы; №К-17 мылтыгы эки ок кутучасы менен; сары түстөгү эки ок жана бир гильза; кара түстөгү өндүрүшү белгисиз болгон эки рация, атайын алты бет кап жана калыңдатылган шым
4/4
Милициядан күйүп кеткен автоунаа да далил буюм катары эсептелерин айтышты.
Милициянын маалыматына караганда, 13-декабрда саат 10:05 чамасында Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө куралдуу топ талоончулук кылып жатканы боюнча Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө маалымат түшкөн. Кылмыштан кийин Daewoo автоунаасы өрттөнүп кеткен. Ошол эле күнү милицияга 39 жаштагы жаран кайрылып, саат 09:50лөр чамасында Mercedes-Benz Sprinter автоунаасында отурганда эки киши келип, тапанчаларын анын көкүрөгүнө такап, бустан түшүрүп салып, айдап качууга аракет кылганын айткан.
Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголгон. Куралды мыйзамсыз сактап жана аны пайдаланууга шектелип, төмөнкүлөр кармалган:
  • 32 жаштагы Ш. М., мурда киши өлтүрүп жана куралды мыйзамсыз сактаганы үчүн соттолгон;
  • 48 жаштагы А. У., мурда экстремизм үчүн соттолгон;
  • 46 жаштагы Р. Д., мурда уурулук кылып соттолгон.
Ок аткан тапанча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Үлпөт тойдо мылтыктан ок аткан бала Ысык-Атадан табылды. Видео
Мындан сырткары, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемасы чийилип, тасмага алынган. Окуя болгон жерден жогорудагы кылмышка тиешеси бар буюм заттар алынган. Алар: 5,45 мм калибрлүү автомат жана 58 даана ок-дары эки ок кутучасы менен; 9 мм эки тапанча жана 24 ок-дарысы; №К-17 мылтыгы эки ок кутучасы менен; сары түстөгү эки ок жана бир гильза; кара түстөгү өндүрүшү белгисиз болгон эки рация, атайын алты бет кап жана калыңдатылган шым. Милициядан күйүп кеткен автоунаа да далил буюм катары эсептелерин айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0