"Коопсуз шаардын" экинчи этабы үчүн Мониторинг борбору даярдалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Министерства цифрового развития"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Мониторинг борбору үчүн имарат даярдалды
Коопсуз шаар долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Мониторинг борбору үчүн имарат даярдалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Экинчи этапта Кыргызстандын түндүк бөлүгүнө 306 жерге камера коюлат, анын ичинен стационардык — 266, жылып жүрө тургандары 40 даана болот.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Мониторинг борбору үчүн имарат даярдалды. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба Министерства цифрового развития"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Мониторинг борбору үчүн имарат даярдалды
Коопсуз шаар долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Мониторинг борбору үчүн имарат даярдалды - Sputnik Кыргызстан
1/3
"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Мониторинг борбору үчүн имарат даярдалды
© Фото / пресс-служба Министерства цифрового развитияБилдирүүгө ылайык, имараттын 700 чарчы метр аянты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнү белгиленет
Билдирүүгө ылайык, имараттын 700 чарчы метр аянты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнү белгиленет - Sputnik Кыргызстан
2/3
Билдирүүгө ылайык, имараттын 700 чарчы метр аянты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнү белгиленет
© Фото / пресс-служба Министерства цифрового развитияИчине туурасы 3,2, ал эми узуну 10 метрлик экран орнотулуп, өлкөнүн түндүк тарабындагы аппараттык-программалык комплекстерине кошулган.
Ичине туурасы 3,2, ал эми узуну 10 метрлик экран орнотулуп, өлкөнүн түндүк тарабындагы аппараттык-программалык комплекстерине кошулган.  - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ичине туурасы 3,2, ал эми узуну 10 метрлик экран орнотулуп, өлкөнүн түндүк тарабындагы аппараттык-программалык комплекстерине кошулган.
1/3
"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Мониторинг борбору үчүн имарат даярдалды
2/3
Билдирүүгө ылайык, имараттын 700 чарчы метр аянты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнү белгиленет
3/3
Ичине туурасы 3,2, ал эми узуну 10 метрлик экран орнотулуп, өлкөнүн түндүк тарабындагы аппараттык-программалык комплекстерине кошулган.
Билдирүүгө ылайык, имараттын 700 чарчы метр аянты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнү белгиленет. Ичине туурасы 3,2, ал эми узуну 10 метрлик экран орнотулуп, өлкөнүн түндүк тарабындагы аппараттык-программалык комплекстерине кошулган. Ошондой эле компьютер жана коммутациялык түзүлүштөр менен жабдылды.
Аталган платформа Кыргызстандын түндүк бөлүгүндөгү жол эрежесин бузууларын каттоого алары белгиленди. Ал жерге коюлган камералар бардык маалыматты түз эле  Мониторинг борборуна жөнөтөт.
Кыргызстандагы төрт шаардын көчө кесилиштерине орнотулган Коопсуз шаардын камерасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
"Коопсуз шаар — 2". Кыргызстандын төрт шаарына камера орнотулду
Операторлор транспортко жана жөө адамдарга, кандай ылдамдык менен айдагандыгын, жол чырактын белгилерин сактоого, туура эмес жерге токтотулган автоунааларга байкоо салат.
Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевдин айтымында, "Коопсуз шаардын" экинчи компонентинин негизги жумуштарын жыл соңуна чейин бүткөрүү пландалууда. Долбоорду даярдоо иштери август айында башталган.
"Коопсуз шаар" өлкөнүн бардык облустарын жана республикалык эки калааны, облустук маанидеги 15 шаарды жана 73 калктуу конушту камтыйт. Долбоордун экинчи этабын 2022-жылдын 10-мартына чейин бүткөрүү пландалган. Анын алкагында 306 жерге камера коюлат, анын ичинен стационардык — 266, жылып жүрө тургандары 40 даана болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0