17-сентябрда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековОтключение света в Бишкеке
Отключение света в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Электр жарыгы өчүрүлө турган райондордун ичинде шаардан алыс жайгашкан жаңы конуштар, калаанын чок ортосундагы көчөлөр дагы бар.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы 17-сентябрда убактылуу жарыгы өчүрүлө турган көчөлөрдүн тизмесин жарыялады.

Жарык жок боло турган көчө, райондор:

  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Калык Акиев көчөсү, Жаш гвардия жана Чүй проспектилеринин айрым бөлүктөрү;
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Рыскулов көчөсү № 10 үй;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Арча-Бешик жаңы конушу (Чортеков, Ак-Марал, Керме-Тоо, Тулпар-Таш, Алты-Түтүн, Жайыл баатыр, Кривоносов көчөлөрү), Ак-Босого конушу (Чүй, 29-34, Профессор Зима көчөлөрү), Ак-Ордо (Алыкулов, Кырчын, Ак-Ордо, Бек-Дөөлөт көчөлөрү), Алтын-Бешик, Көлмө (Медина, Ак-Жол, Республиканская көчөлөрү), Чоң-Арык айылы (Волоколамская, Подольская, Садырбаев көчөлөрү);
  • 9:30дан 18:30га чейин — Кара-Жыгач жаңы конушунун түндүк-чыгыш бөлүгү;
  • 9:30дан 19:00гө чейин — Үсөнбаев, Күрөңкеев көчөлөрү, Чүй проспектиси боюнча Чыгыш-5 кичи району (№ 30, 32, 34, 36, 36/1, 33а, 32а үйлөрү).
Жаңылыктар түрмөгү
0