Эмгеги бийик зор тоодой. Олимпиадада медаль алгандарды таптаган устаттар

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Kadir CaliskanКыргызстан балбаны Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен. Архив
Кыргызстан балбаны Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандын спортчулары 2008-жылдан бери Олимпиада оюндарында мындай ийгиликтерге жетише элек болчу. Бул жолу оомат келип өлкө куржунуна эки медаль түштү.

Кыргыз өкмөтү буга чейин Олимпиададан байге алган спортчуларга жана алардын устаттарына ири суммада сый акы берилерин убадалаган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы медаль алган спортчулардын машыктыруучулары тууралуу материал даярдады.

Алгач грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш байге утса, анын артынан эле эркин күрөштөн Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду. Жуманазарова Кыргызстандын тарыхында алгач ирет медаль алган балбан кыз. Эми коомчулук демин ичине катып Айсулуу Тыныбекованын финалдагы беттешин күтүүдө.

Акжол Махмудовду машыктыргандар

Олимпиадага грек-рим күрөшү боюнча курама команданы башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев менен улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жетектеп кеткен.

Эркимбаев 2018-жылдын 1-апрелинде аталган күрөштүн түрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын жетекчиси болуп дайындалган.

Ал эми улук машыктыруучусу Улукбек Карачолоков 1982-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында туулган. Ал дагы 2018-жылдан бери Кыргызстан курама командасынын грек-рим күрөшү боюнча улук машыктыруучусу болуп иштеп келет.

Ал эми Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов Токиодогу Олимпиада-2020да эл аралык деңгээлдеги калыстык милдетти аткарып жүрөт. Анын иш учурундагы сүрөтүн КРдин Күрөш федерациясы социалдык тармактагы баракчасына чыгарды.

2-августта Ахметов грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта беттешкендердин финалын башкы калыс катары тейлеген. Мындан сырткары, 77 килограмм салмактагы өзүнүн шакиртинин (Акжол Махмудов - ред.) атаандаштары болгон ирандык Мухаммедали Гераи менен кубалык Йосванис Пена Флорестин кармашына калыстык кылды.

© Sputnik / Табылды КадырбековАкжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов
Эмгеги бийик зор тоодой. Олимпиадада медаль алгандарды таптаган устаттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов

Ахметов Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу болгону менен алтын үчүн беттешинде балбанды сүрөй алган жок. Себеби спорттогу эрежелерге ылайык, арбитр өзүнүн шакиртине кеп-кеңеш айтып, багыт бере албайт.

Акжол Махмудов ЖМКлардын бирине өзүнүн алгачкы машыктыруучулары тууралуу айтып берген.

"Мен күрөш менен Ошто машыга баштагам. Спорттогу алгачы устаттарымдын бири болуп жаш балбан Айбек  саналат. Андан кийин Акбаралы агайдан таалим-тарбия алдым. Алтынчы класста Бишкек шаарына көчүп келип, Дене тарбия жана спорт комплексинде Жеңиш Сатыбалдиев агайда машыга баштадым. Ал мага күрөшүүнүн сырларын, ыкмаларын үйрөткөн. Мен аны биринчи машыктыруучум деп эсептейм. РУОРго сегизинчи классымда кабыл алынгам. Ошондон бери Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Мейрамбек Ахметовдон таалим-тарбия алып келем. Ал — өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан атактуу балбандар Канатбек Бегалиев, Арсен Эралиев, Каныбек Жолчубеков жана башкалардын да устаты", — деп билдирген.

Махмудов Олимпиадада күмүш медаль алганына байланыштуу биринчи машыктыруучу Жеңиш Сатыбалдиевге 700 миң сом, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевге 2,1 миллион сом, улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков менен жеке машыктыруучу Мейрамбек Ахметовго 1, 75 миллион сомдон берилери айтылды.

Мээрим Жуманазарованы машыктыргандар

Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарованын башкы машыктыруучусу — Нурбек Изабеков. Ал алгач ирет Кыргызстандын тарыхында кыздардын олимпиадада байгеге жетишүүсүнө жол ачкан машыктыруучу катары жакшы таанымал. Изабеков бир эмес үч кызды тарбиялап, шакирттери грек-рим күрөшү боюнча бир катар эл аралык мелдештерде баш байгени багынтып келишүүдө. Бул ирет Мээримдин ийгилиги үчүн башкы машыктыруучу 1,5 миллион сом менен сыйланары күтүлүүдө.

© Sputnik / Досхан НусубековМээрим Жуманазарованын башкы машыктыруучусу — Нурбек Изабеков
Эмгеги бийик зор тоодой. Олимпиадада медаль алгандарды таптаган устаттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Мээрим Жуманазарованын башкы машыктыруучусу — Нурбек Изабеков

Балбан кыздын улук машыктыруучусу — Байгазы Кенжебаев. Ал Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты жана КРдин кыз-келиндер күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти болуп эсептелинет. Ага Мээримдин жеңиши үчүн мамлекет 1,25 миллион сом ыйгарат.

© Фото / Байгазы КенжебаевБалбан кыздын улук машыктыруучусу — Байгазы Кенжебаев (ортодо)
Эмгеги бийик зор тоодой. Олимпиадада медаль алгандарды таптаган устаттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Балбан кыздын улук машыктыруучусу — Байгазы Кенжебаев (ортодо)

Жуманазарованын жеке машыктыруучусу Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнөнүн эки жолку чемпиону жана бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. 1970-жылы Талас облусунда туулган жана машыктыруучу Нурбек Изабековдун жакын тууганы экени айтылат.

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖуманазарованын жеке машыктыруучусу Чынарбек Изабеков
Эмгеги бийик зор тоодой. Олимпиадада медаль алгандарды таптаган устаттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жуманазарованын жеке машыктыруучусу Чынарбек Изабеков

Кыргызстандын эркин күрөш менен кыздар күрөшүнүн курама командалары Чынарбек Изабековдун менчик спорттук залында машыгат. Жуманазарованын коло медалы үчүн жеке машыктыруучусуна мамлекет 1,25 миллион сом сый акы берери айтылууда.

Ал эми Мээримдин алгачкы машыктыруучусу өзүнүн атасы Рахмадил Жуманазаров болуп эсептелинет. Мээрим 6-класстан баштап Талас облусундагы айылдык мектептин спорт залында машыга баштаган. Спортко жол көргөзгөн, күрөштө алгачкы ыкмаларды үйрөткөн машыктыруучу катары Рахмадил мырзага мамлекет 500 миң сом сыйлык ыйгарат.

© Фото / Кыялбек БайболотовАл эми Мээримдин алгачкы машыктыруучусу өзүнүн атасы Рахмадил Жуманазаров
Эмгеги бийик зор тоодой. Олимпиадада медаль алгандарды таптаган устаттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Ал эми Мээримдин алгачкы машыктыруучусу өзүнүн атасы Рахмадил Жуманазаров

Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу

Токио Олимпиадасында кыз-келиндер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча  алгач ирет алтын алууга кыргызстандыктардын үмүтүн жандырган спортчунун башкы машыктыруучусу да, жеке машыктыруучусу да Нурбек Изабеков.

Изабеков Айсулууну алгач 2009-жылы Кыргыз улуттук университетинин машыгуу залында көргөн. Күрөш ыкмаларын үйрөнүүгө куштар, спортто өз жолун издеп жүргөн 17 жаштагы Айсулуу алгач машыктыруучусунун жанына барып өзү суранган. Жаш кыздын шагын сындырбай бир-эки ыкма үйрөтүп койгону менен Изабеков ага чейин кыздарды машыктырып көргөн эмес.

© Фото / Айсулуу ТыныбековаКыргызстан балбаны Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен
Эмгеги бийик зор тоодой. Олимпиадада медаль алгандарды таптаган устаттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Кыргызстан балбаны Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен

Изабеков шакирти менен алгач кезиккенин: "Университетте чарба бөлүмүнүн кызматкери Сабыр деген киши Айсулууга "күрөшкүң келсе тигил жакта жүргөн агайдын (Изабеков — ред.) бутун кучактайсыңбы, билбейм, ошо кишиге жабыша берсең эле ал мүмкүн сенден бир нерсе чыгарар, бирок машыктырбай дагы коюшу ыктымал, ал өзүңдөн" дептир. Анан мага келип жатканы ошондон экен. Отургузуп алып каяктан келгенин, эмне болгон кыз экенин сурадым. Мектепте орус класста окуп, класском болуп жүрүптүр. Химия, математика сабактарынан олимпиадаларга барчу экен. Андан тышкары, дене тарбия сабагында волейбол, баскетболду, футболду жакшы ойноптур. Жүгүргөндө дагы биринчи келчү экен. Кийин ошол жакка каратэ секциясы ачылып, ал жакка дагы жазылыптыр. Кыскасы, изденип жүргөн убагы экен. Нарында аялдар күрөшү боюнча облустук мелдешти утуп алыптыр. Ошондон тарта күрөшкө болгон кызыгуусу артат. Бишкекке келгендигинин себеби ушул экен. Эгер мага Айсулуу жолугуп калбаса, аялдар күрөшүнө машыктыруучу болот белем, билбейм. Айсулууну көрүп келечекте чоң ийгилик жарата аларына көзүм жетти, ишендим. Бирок ага башында спорттун жолу оор экендигин түшүндүрсөм, "агай, мен чыдайм, ушул нерселерди эңсеп келгем, окубайм дагы" деди. Бир жылдан кийин Таиландда өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында коло медаль алды", — деп эскерген.

Изабеков Sputnik агенттигине курган маегинде кайрадан машыктыруучу катары спортко кайтышына, болгондо да кыз-келиндерди машыктырып калышына Тыныбекова чоң роль ойногонун айтып берген. Балбан кызыбыздын улук машыктыруучусу катары ЖКнын депутаты Байгазы Кенжебаевдин аты аталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0