Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз

© Sputnik / Досхан НусубековКыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабеков
Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекованын атак-даңкы дагы да артып турган чагы. Аны бийиктикке жетелеген машыктыруучусу Нурбек Изабеков экендиги талашсыз.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 14-22-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өттү. Анда курама командадан Айсулуу Тыныбекова жалгыз алтын байге ала алды. Муну менен ал Кыргызстандын тарыхында чоңдор арасында алгачкы дүйнө чемпиону аталды. Атактуу балбанды Кыргызстан татыктуу эле тосуп алгандай болду. Президент ага үч бөлмөлүү үй, ал эми машыктыруучусуна акчалай сыйлык тапшырды. Мындан тышкары, балбанга жеке ишкерлер тарабынан баалуу белектер берилүүдө.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Нурбек Изабеков менен маек курду. Ал Айсулуу менен кантип таанышып, машыктырып калганын, балбан кыздын ийгилик сыры, жашоодо кандай адам экендиги, жеке турмушу жана алдыдагы пландары тууралуу кеп кылып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековНурбек Изабеков: мен жаңы көргөндө Айсулуу 17 жашта, изденип жүргөн убагы экен. Эгер мага Айсулуу жолугуп калбаса аялдар күрөшүнө машыктыруучу болот белем билбейм. Айсулууну көрүп келечекте чоң ийгилик жарата аларына көзүм жетти, ишендим.
Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз - Sputnik Кыргызстан
Нурбек Изабеков: мен жаңы көргөндө Айсулуу 17 жашта, изденип жүргөн убагы экен. Эгер мага Айсулуу жолугуп калбаса аялдар күрөшүнө машыктыруучу болот белем билбейм. Айсулууну көрүп келечекте чоң ийгилик жарата аларына көзүм жетти, ишендим.

— Айсулуу менен таанышкан күн эсиңиздеби?

— Айсулуу 2009-жылы Кочкор районунун Теңдик айылынан 10-классты бүтүрүп, акыркы классты окубай эле шаардагы эжесиникине спортчу болом деп келиптир. Эжеси аны Улуттук университеттин дене тарбия кафедрасынын машыктыруучусу Түгөлбай Базакечовго тапшырат. Ал жакта жарым жылдай жүрүптүр. Спортко кызыккандар дагы кайсы жактан машыксам экен деп изденүүдө жүрөт эмеспи. Анан өзү окуган Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин дене тарбия кафедрасында тарбияланып калат. Ал кафедранын жетекчиси Таалай Каюмов аялдар күрөшүн өнүктүрүү үчүн зал ачып, кыздарды машыктырып турган.

Чоң спортто жүргөндөн кийин убактыма карап техникалык университетке барып турчумун. Айсулууну ошол жактан биринчи жолу көрдүм. Эки чачы өрүлгөн, арык чырай, балбандарга окшобогон кыз экен. Жеңил атлетикага ыңгайлуураак болчу. Бирок колу-буту узун, атлетикалык дене мүчөгө ээ экен. Айсулуу өзү келип: "Агай, мага ыкма үйрөтүңүзчү",- десе карап калыпмын. Ал кезде кыздарды машыктырам же үйрөтөм деген ниетим дагы жок болчу. Жаш кыздын шагы сынбасын деп бир ыкма үйрөтүп койдум. Жумасына эки жолу университетке барам, кайрадан эле баягы кыз келип ыкма үйрөтүңүзчү дейт. Ошону менен үч-төрт жолу жаныма келди. Бул кыз эмне эле мага келип жатат деп таң калдым.

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Ошол 7 секунд улам элестей берди. Айсулуу Тыныбекованын агынан жарылган маеги
Аябай эле жабышып алды. Себебин кийин билип жатпаймынбы. Университетте чарба бөлүмүнүн кызматкери Сабыр деген киши Айсулууга: "Күрөшкүң келсе тигил жакта жүргөн агайдын (Изабеков — ред.) бутун кучактайсыңбы, билбейм, ошо кишиге жабыша берсең эле ал мүмкүн сенден бир нерсе чыгарар, бирок машыктырбай дагы коюшу ыктымал, ал өзүңдөн",- дептир. Анан мага келип жатканы ошондон экен.

Отургузуп алып каяктан келгенин, эмне болгон кыз экендигин сурадым. Ою эмнеде экенин билейин дедим, ар кандай ойлор кетет да. 17 жашта экен. Мектепте орус класста окуп, класском болуп жүрүптүр. Химия, математика сабактарынан олимпиадаларга барчу экен. Кичинекейинен талаада иштеп, картошка тигип, мал багыптыр. Андан тышкары, дене тарбия сабагында волейбол, баскетболду, футболду жакшы ойноптур. Жүгүргөндө дагы биринчи келчү экен. Кийин ошол жакка каратэ секциясы ачылып, ал жакка дагы жазылыптыр. Кыскасы өзүнүн изденип жүргөн убагы экен. Нарында аялдар күрөшү боюнча облустук мелдешти утуп алыптыр. Ошондон тарта күрөшкө болгон кызыгуусу артат. Бишкекке келгендигинин себеби ушул экен.

Эгер мага Айсулуу жолугуп калбаса, аялдар күрөшүнө машыктыруучу болот белем, билбейм. Айсулууну көрүп келечекте чоң ийгилик жарата аларына көзүм жетти, ишендим. Бирок ага башында спорттун жолу оор экендигин түшүндүрсөм, "агай, мен чыдайм, ушул нерселерди эңсеп келгем, окубайм дагы" деди. Бир жылдан кийин Таиландда өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында коло медалды алып келди. Анда ыкмаларды деле жакшы үйрөнө элек болчу, эрки менен эптеп-септеп күрөштү. Биринчи жеңиши ишеним жаратты. Кийинчерээк федерацияга кайтып, кайрадан машыктыруучу катары иштей баштадым.

© Sputnik / Досхан НусубековНурбек Изабеков: Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгон убакта эл катары экономикалык, социалдык жактан кыйынчылыктар болду. Бул спортко дагы таасирин тийгизди. Бийиктиктерди багынтсам деген көксөөмө жетпей калдым. Ичимде эмнегедир ушул нерсе калып калды...
Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз - Sputnik Кыргызстан
Нурбек Изабеков: Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгон убакта эл катары экономикалык, социалдык жактан кыйынчылыктар болду. Бул спортко дагы таасирин тийгизди. Бийиктиктерди багынтсам деген көксөөмө жетпей калдым. Ичимде эмнегедир ушул нерсе калып калды...

— Эркек балага салыштырмалуу кыз киши менен иштешүү кыйын экендиги айтылат. Сизде дагы бул жагынан оорчулуктар барбы?

— Негизинен кыздардын мыйзам-ченемдүүлүктөрүн эске алуу керек. Эч качан кол көтөргөнгө, жаман сөз айтканга, сөккөнгө болбойт. Намысына тийген сөздөр кээде айтылууга тийиш. Аялзаты укканды жакшы көрөт, кооз айтсаң дагы ишенет. Кыздарды мактап турсаң, кубанып, шерденип ийгиликтерди жарата алат. Ошол нерсени пайдаланабыз. Машыктыруучу катары мен дагы он жылда өстүм. Вице-президентибиз Байгазы Кенжебаев психологиялык, этикалык жактан иш алып барат. Машыгуудан сырткары дагы кыздарга жашоодо кандай болушу керек, интеллектуалдык жактан кандай өсүштөр болушу керек, көңүл бурабыз. Себеп дегенде, сабаттуу болбосо ийгиликке жете албайт. Президентибиз Динара Исаева эжекебиз кыздарды кез-кезде чет өлкөгө алып барганда дүкөндөрдү кыдыртып, жалтырак-жултурактарды алып берип, көңүлдөрүн ачып турат.

— 2012-жылы Айсулуу Олимпиада оюндарына барарда бир кызга кол көтөрдү деп ызы-чуу чыкканы эсимде. Бул далилденгенби?

— Анда Айсулуу болгону 19 жаштагы кыз болчу. Адамдар ар кандай болот экенбиз. Жаштар ортосунда сөздөн сөз чыгып, бири-бири менен түртүшүп кетиптир. Жабыркаган кыз Айсулууну туура эмес түшүнүп алган экен. Эгер Айсулуу кирди-чыкты бирөө болсо, сот процесстери дагы жүрбөйт эле. Бизден акча өндүргүлөрү келдиби, билбейм, көпкө чейин сүйрөштү. Апасына Айсулуу өсө турчу кыз экендигин айтып, федерациянын атынан 100 миң сом акча берели дегенбиз. Болбой сотко чейин жеткирип, Айсулуу бир жыл шарттуу түрдө кесилген. Мен окуучума: "Ызаланба! Жашоодо ким экениңди көрсөтө турчу убакыт келет",- дегем. Биз ал кезди эстегибиз дагы келбейт. Өткөн нерсе өттү, биз алдыны көздөй умтулуп жашайбыз.

© Фото / Айсулуу ТыныбековаМашыктыруучу: Рио Олимпиадасында, биринчиден, Айсулуу жаш болду, тажрыйбасы жетпей калды, экинчиден, психологиялык жактан катачылык кетирдик. Учурунда даярдай албак калдык. Аягында өзүнө ишенип-ишенбей алдырып жиберди. Мен деле машыктыруучу катары өсүп жаткан болчумун.
Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз - Sputnik Кыргызстан
Машыктыруучу: Рио Олимпиадасында, биринчиден, Айсулуу жаш болду, тажрыйбасы жетпей калды, экинчиден, психологиялык жактан катачылык кетирдик. Учурунда даярдай албак калдык. Аягында өзүнө ишенип-ишенбей алдырып жиберди. Мен деле машыктыруучу катары өсүп жаткан болчумун.

— 2016-жылы Рио Олимпиадасында коло байге үчүн күрөштө тактика кандай болгон?

— Андан бери үч жыл өттү. Талдоо жүргүзүп, кандай мүчүлүштүк кетиргенибизди билдик. Дүйнө чемпионатында оңдой алдык. Биринчиден, Айсулуу жаш болду, тажрыйбасы жетпей калды, экинчиден, психологиялык жактан катачылык кетирдик. Учурунда даярдай албак калдык. Аягында өзүнө ишенип-ишенбей алдырып жиберди. Мен деле машыктыруучу катары өсүп жаткан болчумун.

— 2017-жылы Айсулуу Тыныбекова эл аралык турнирде күрөшүп жатып ийинин кокустатып алып, спорттон бир аз оолактап калды. Ушундай оор учурда балбандарга кантип колдоо көрсөтөсүз?

— Ооба, анда Германияда дагы дарыланып жүрдүк. Спорттук жаракат мыйзам-ченемдүү нерсе. Жаракаттан спортчу өзүн сактанганды үйрөнөт.

Мелдештерде мотивация бергеним эсимде. 2018-жылы Венгриядагы дүйнө чемпионатына катыша албай калдык. Ошол жылдын июль айында Стамбулдагы рейтингдик беттеште үч кармаш өткөрүп, бардыгын утуп чыгып, анан финалда жаракатка байланыштуу чыкпай койдук. Ошондо Нур-Султан шаарында дүйнө чемпионатынын финалына чыккан Тайбе Юсейн менен беттешмек.

Күрөш боюнча Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова - Sputnik Кыргызстан
Баары алдыда! Азия чемпионатынын эң ажарлуу балбаны Мээрим Жуманазарова менен маек
Экинчи кезекте Жакартадагы Азия оюндары турган. Бирок ден соолугу толук калыбына келбей жаткандыктан мелдешке катышпай эле койсокпу деген ойлор келген. Өзү дагы жакшы күрөшө албайт окшоймун деди. Биз бул тууралуу коомго дагы, Спорт агенттигине дагы айткан жокпуз. Себеби Азия оюндарынан каттоодон өтүп, билеттер алынып калган. Мен Айсулууга бара берели, Жакартадан сенин абалыңа жараша чечим кабыл алабыз дедим. Ал жактан Айсулуу мага качан бир нерсе деп айтат дедим, унчуккан жок, мен дагы сөз козгогон жокмун. Чүчүкулак тартсак, биринчи атаандашы түндүккореялык кыз экен. Бою жапалдаш, анан күчтүү экендиги байкалып турду. Айсулууга барып: "Бою кипкичинекей, томпойгон кыз экен. Сенин ийиниңен келет, ой аны сен жөн эле утуп коесуң", - дедим. Бирок түндүккореялыктар күчтүү экенин билем. Негизи биринчи кармашты утуп алса, ишеним жаралат. Ошентип беттеш башталды. Килем үстүндө баягы кыз чечинсе эле буту-колу аябай жоон экен. Биринчи бөлүктө Айсулуу утулуп жатты. Отуз секундалык тыныгууда "агай, бул абдан күчтүү турбайбы" дегенинен "кара күчкө салбай тактика менен күрөш" дедим. Айтканымды угуп жеңип алды. Жарым финалда Рио Олимпиадасында жеңилип калган Сакши Маликти утту. Финалда жаракатына байланыштуу чемпион боло албай калды.

— Ошол Азия оюндарындагы алтын медаль Айсулууга кайтарылат деп бир жылдан бери эле айтылып келет. Азыр ал медаль сиздер үчүн канчалык маанилүү?

— Өткөн жылы абдан күткөнбүз. Эми дүйнө чемпиону болдук, алдыда олимпиада оюндары турат. Былтыр Айсулуу финалда күрөшкөн монгол кызынан допинг табылды деп айтылган. Медаль азырынча келе элек. Бул узак процесс болушу ыктымал. Монголия каршылык көрсөтүшү деле мүмкүн.

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Kadir CaliskanНурбек Изабеков: 30 секунд калганда Айсулууга "эми башта" деп кыйкырдым. Атаандашынын аягына өтүп, өз ыкмасын жасады, далысын жерге оонатып упай алып кетти. Үч секунд калганда эле абдан сүйүнгөм. Кыргызстанга Кудай алтын буюруду деген сезим келди. Көзүбүздөн жаш кетти. Мына бүгүн дагы...
Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз - Sputnik Кыргызстан
Нурбек Изабеков: 30 секунд калганда Айсулууга "эми башта" деп кыйкырдым. Атаандашынын аягына өтүп, өз ыкмасын жасады, далысын жерге оонатып упай алып кетти. Үч секунд калганда эле абдан сүйүнгөм. Кыргызстанга Кудай алтын буюруду деген сезим келди. Көзүбүздөн жаш кетти. Мына бүгүн дагы...

— Айсулуу Нур-Султандагы дүйнө чемпионатын уткандан кийин жүгүрүп барып, секирип сиз менен кучакташкан сүрөт көпкө чейин талкууланган. Ошол кезде кандай сезимдер болду?

— Бул ар бир машыктыруучунун жана спортчунун жашоосунда боло бербейт. Он жылдан бери ошол мүнөт, сезимдер кайсы убакыт, кайсы жерлерден болот экен деп күткөнбүз. Бизге аны Нур-Султан шаарындагы дүйнө чемпионатынан буйруптур. Килемге чыгып бара жатканда Айсулууну карап: "Айсулуу — бул убакыт. Спортчунун өмүрүндө ушундай бактылуу убакыт бир келет, кээ бирөөнө келбей да калат. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланбасаң, куштай учуп кетет, мындан ары болоор-болбосун билбейбиз. Болгон мүмкүнчүлүгүңдү, дараметиңди, акыл-эсиңди жумшап туруп күрөш", - деп дем берген сөзүмдү айттым. Болгар балбаны 2017-жылы дүйнө чемпиону болгон, ал өзүнө ишенип турду.

Финалда өзүңүзөр көргөндөй бирде утуп, бирде утулуп жатты. 40 секунд калганда эсеп 3:3 болчу, Айсулуу жеңилип жаткан. Калыстардын ышкырыгы болгон кезде Айсулууга шашпай күрөшүүсүн айттым. Анан жай тизе кабын оңдоп, терең дем алып алды. Эгер Айсулуу шашып барып упай алса, тиги кыз болгон күчүн жумшамак. Дагы 10 секундду өткөрдү. Анан 30 секунд калганда Айсулууга "эми башта" деп кыйкырдым. Атаандашынын аягына өтүп, өз ыкмасын жасады, далысын жерге оонатып упай алып кетти. Үч секунд калганда эле абдан сүйүнгөм. Кыргызстанга Кудай алтын буюрду деген сезим келди. Көзүбүздөн жаш кетти. Мына бүгүн дагы...

© Фото / из личного архива Нурбека ИзабековаМашыктыруучу Нурбек Изабеков шакирттери Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы менен
Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз - Sputnik Кыргызстан
Машыктыруучу Нурбек Изабеков шакирттери Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы менен

— Айсулуунун жеңишинен кийин интернеттегилер "эмнеге эркек балбандар мындай ийгилик жарата алышпайт" деген пикирлерин калтырып жатышты. Бизде эмнеге грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан алтын медаль жок?

— Мен Айсулуунун жеке машыктыруучусу экенимди белгилеп коюшум керек. Улуттук курама команданын машыктыруучусу менен жеке машыктыруучунун пландары эки башка болушу мүмкүн. Бул, албетте, спортчунун жеңишине таасир этет. Айрым учурда мелдешке жеке машыктыруучулар бара албай калат. Экинчиден, балбан психологиялык жактан "күйүп" кетет. Нур-Султандагы дүйнө чемпионатында спортчулар менен саяпкерлер болгон күчүн жумшады.

Грек-рим күрөшү жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келе жатат. Дүйнө чемпионатынан Канат Бегалиев менен Жоламан Шаршенбековдун күмүш медалы бар экендиги белгилүү. Балбандар ири мелдештерден медалдарды көп эле алып жатышат.

Машыктыруучулар Руслан Мажинов, Сүймөнкул Таабалды уулу жана башкалар да эркин күрөштү өнүктүрүү үчүн бардык күчүн жумшап жатышат. Булар эркин күрөш өзүнүн деңгээлинен төмөн түшүп кеткен кезде келгенин түшүнүшүбүз керек. Ийгилик жаратуу үчүн убакыт керек. Быйыл шайлап алып эле кийинки жылы медаль күткөнүбүз туура эмес. Мисалы, биз Айсулуу менен он жылдан кийин дүйнө чемпионатынын алтын медалын алып жатабыз. Азыр эркин күрөштө жаш спортчулар өсүп келе жатышат. Эки-үч жылдан кийин буюрса ийгилик жаратып калышат.

© Фото / Айсулуу ТыныбековаМашыктыруучу: Айсулуу Рио Олимпиадасында медаль алып калса, өзү каалаган адамга турмушка чыгып, кайра бир-эки жылдан кийин спортко кайтып келмек. Ушундай план бар болчу.
Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз - Sputnik Кыргызстан
Машыктыруучу: Айсулуу Рио Олимпиадасында медаль алып калса, өзү каалаган адамга турмушка чыгып, кайра бир-эки жылдан кийин спортко кайтып келмек. Ушундай план бар болчу.

— Эмнеге бул дүйнө чемпионатына фаворит спортчулардын бири Мээрим Жуманазарова катыша алган жок?

— Мээрим быйыл жакшы ийгиликтерди жарата алды. Чоңдор арасындагы Азия чемпионатында коло байге, жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын алды. Эстонияда болуп өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль алышың керек дегем. Тилекке каршы, финалдык беттешүүдө япон кызды утуп жатып, аяккы 20 секундда алдырып жиберди. Ошол мелдеште россиялык спортчу менен күрөшүп жатып, ийинин кокустатып алды. Ага чейин эки жолу ооруган. Ошол себептен Нур-Султанга алып барган жокпуз. Бирок Мээрим дүйнө чемпионатына барбай калды деп кейибешибиз керек, ал болгону 20 жашта. Айпери Медет кызы дагы жазында тизесинен жаракат алып жаштар арасында Азия жана дүйнө чемпионатына катыша албай калды. Нур-Султандагы мелдешке тажрыйбасы жетпей утулуп калды. Буюрса эки кыз кийинки жылы Олимпидага катышуу үчүн лицензиялык турнирлерге катышат. Мындан тышкары, балбан кыздардын арасынан Нураида Анаркулова менен Назира Марсбек кызы өсүп келет жатат. Жаштар арасындагы чемпионаттан байгелерди багындырып жүрүшөт. Өспүрүмдөр командасында дагы кыздар тапталып жатат.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНурбек Изабеков: Айсулуунун жакын адамы бар. Көп убакыттан бери жардамдашып, колдоо көрсөтүп жүрөт. Жакын адамы болбосо ийгилик жарата албайт. Көңүл ток болушу керек.
Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз - Sputnik Кыргызстан
Нурбек Изабеков: Айсулуунун жакын адамы бар. Көп убакыттан бери жардамдашып, колдоо көрсөтүп жүрөт. Жакын адамы болбосо ийгилик жарата албайт. Көңүл ток болушу керек.

— Айсулууга президент үч бөлмөлүү батир белек кылды, ишкерлер дагы үй, унаа, баалуу белектерди берип жатышат. Сизге мамлекет же жеке ишкерлер тарабынан кандай колдоо болуп жатат?

— Мага Спорт агенттиги маяна төлөйт. Ири мелдештерден кийин акчалай түрдө сыйлык берилип турат. Бизде кээде машыктыруучулар каралбай кетет. Мен өзүм үчүн эч качан сурана албайм. Кийинкиге айтып кое турган нерсе — спортчуну карап жаткан кезде машыктыруучуларга дагы көңүл буруп коюшса.

Машыктыруучулук абдан оор нерсе. Маселен, мен үй бетин көрбөйм. Балдарымды тарбиялаганга убактым жок. Кээде аларды карап жүрөгүм ооруйт. Кичинекей уулум "ата, бүгүн дагы кетесизби" дегенде кыйналып кетем. Машыктыруучу талаалап эле жүргөн жумуш экен. Мен деле акчанын аркасынан ишкерлик кылып жүрө берсем болот эле. Бирок өзүм чоң спортто жүрүп, ийгиликтерге жете албай калганда башкалар жетсе экен дегем. Исламда "Берилген билимди бирөөгө тапшырып кетиш керек" деп айтылат. Менин дагы максатым ушул. Кудай канча өмүр берет, билбейм, карыганда өзүмө ыраазы болуп, көңүлүм тынч болсо экен дейм.

© Фото / из личного архива Нурбека ИзабековаТренер женской сборной команды Кыргызстана по вольной борьбе Нурбек Изабеков
Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз - Sputnik Кыргызстан
Тренер женской сборной команды Кыргызстана по вольной борьбе Нурбек Изабеков

— Өзүңүздүн жетишкендиктериңиз тууралуу да билсек...

2009-2010-жылдары мен өнөр жай тармагында иштечүмүн. Ага чейин эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын ага машыктыруучусу болуп эмгектенип, жашоо-шартка байланыштуу өз арызым менен иштен кеткем. Убагында чоң спортто жүргөм. Бишкектеги Крупская атындагы спорт мектебинде окуп, СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбаевдин колунда машыккам. Өспүрүмдөр арасында СССРдин чемпионатында бир нече ирет коло медаль алгам. Советтер Союзундагы спорт интернаттары арасындагы чемпионатта алтын тагынгам. 1989-жылы Ташкенттеги, 1995-жылы Филиппиндеги Азия чемпионатында күмүш медаль уткам. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгон убакта эл катары экономикалык, социалдык жактан кыйынчылыктар болду. Бул спортко дагы таасирин тийгизди. Бийиктиктерди багынтсам деген көксөөмө жетпей калдым. Ичимде эмнегедир ушул нерсе калып калды.

© Фото / из личного архива Нурбека ИзабековаИзабеков: өзүмдүн үч кыз, эки эркек балам бар. Алды 20да, арты 10 айлык. Жубайыма абдан ыраазымын. Үй-бүлөмдүн колдоосу болбосо мен кантип иштейт элем.
Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз - Sputnik Кыргызстан
Изабеков: өзүмдүн үч кыз, эки эркек балам бар. Алды 20да, арты 10 айлык. Жубайыма абдан ыраазымын. Үй-бүлөмдүн колдоосу болбосо мен кантип иштейт элем.

— Өзүңүздүн канча балаңыз бар, алар дагы спорт менен машыгабы?

— Жок, балдарым спортко аралашпайт. Шаарда төрөлүшкөн, ошондон улам го, көбүнчө интеллектуалдык тармактарды тандашкан. Өзүмдүн үч кыз, эки эркек балам бар. Алды 20да, арты 10 айлык. Жубайыма абдан ыраазымын. Үй-бүлөмдүн колдоосу болбосо мен кантип иштейт элем.

— Спортчуга машыгуудан тышкары көп кеп-кеңештерди беребиз деп калдыңыз. Анын ичинде жеке жашоосуна байланышкан дагы акыл-насаатыңыздар болсо керек?

— Айсулуу Рио Олимпиадасында медаль алып калса, өзү каалаган адамга турмушка чыгып, кайра бир-эки жылдан кийин спортко кайтып келмек. Ушундай план бар болчу. Анан оюндан кийин Айсулуу: "Агай, эмне кылайын, мен турмушка чыгайынбы?" - деп сурады. Федерациядан, улуу адамдардан кеп-кеңеш алып: "Айсулуу, биринчиден сен дүйнө чемпиону болгон жоксуң, экинчиден, Олимпиададан медаль тагына албадың. Анан турмушка чыгып кайтып келгенде кыйын болот. Эл аралык деңгээлде рейтингиң түшөт. Күйөрмандар унутуп дагы коет, кийинки төрт жылдыкка аракет кыл. Элдин мүдөөсүн аткаруу кыйын", - дедик. Муну айтыш биз үчүн да оор болду. Айсулуу дагы аны оор эле кабыл алды. Бирок элдин мүдөөсүн аткарышы керек экендигин түшүндү. Кудай ниетибизди кабыл кылса, турмушу да болот. Азыр карьерасын түптөп, социалдык маселесин чечти. Турмушка чыгууга убактысы кеч эмес. Жөнөкөй кыздар деле отуз жашка чейин турмушка чыкпай жүрөт.

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Kadir CaliskanМашыктыруучу: Айсулуунун 2020-жылкы Токио Олимпиадасынан кийин дагы бир Олимпиадага толук мүмкүнчүлүгү бар.
Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз - Sputnik Кыргызстан
Машыктыруучу: Айсулуунун 2020-жылкы Токио Олимпиадасынан кийин дагы бир Олимпиадага толук мүмкүнчүлүгү бар.

— Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенине караганда жакын адамы бар окшойт да?

— Албетте, жакын адамы бар. Көп убакыттан бери жардамдашып, колдоо көрсөтүп жүрөт. Жакын адамы болбосо ийгилик жарата албайт. Көңүл ток болушу керек. Ой деген ар кайсы жакка алаксыта берет. Мага айтпаган аялдык көйгөйлөрү тууралуу, сырлары тууралуу федерация жетекчиси Динара Исаева, спорттук дарыгер Бактыгүл Алишева жана менин жубайым менен сүйлөшөт.

— Айсулуу спортто дагы канча убакыт болот?

— 2020-жылкы Токио Олимпиадасынан кийин дагы бир Олимпиадага толук мүмкүнчүлүгү бар.

— Окуучуңуз жашоодо кандай адам?

— Айсулуу жашоодо аябай калыс адам, адилеттүүлүктү жакшы көрөт. Анын кесепетинен кээде бетке айтып жаман көрүнөт. Ички дүйнөсү таза, эч нерседен тайманбаган, эмгекчил, барды бар, жокту жок деген адам. Мектепте жакшы окугандыктан интеллекти бийик, дипломат кыз. Чет өлкөдө спортчу достору көп.

© Sputnik / Досхан НусубековНурбек Изабеков: Айсулуу жашоодо аябай калыс адам, адилеттүүлүктү жакшы көрөт. Анын кесепетинен кээде бетке айтып жаман көрүнөт. Ички дүйнөсү таза, эч нерседен тайманбаган, эмгекчил, барды бар, жокту жок деген адам. Мектепте жакшы окугандыктан интеллекти бийик, дипломат кыз. Чет өлкөдө спортчу достору көп.
Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз - Sputnik Кыргызстан
Нурбек Изабеков: Айсулуу жашоодо аябай калыс адам, адилеттүүлүктү жакшы көрөт. Анын кесепетинен кээде бетке айтып жаман көрүнөт. Ички дүйнөсү таза, эч нерседен тайманбаган, эмгекчил, барды бар, жокту жок деген адам. Мектепте жакшы окугандыктан интеллекти бийик, дипломат кыз. Чет өлкөдө спортчу достору көп.

— Айсулуу Рио Олимпиадасынан бери журналисттерден оолак жүрөт, бул өзүнүн чечимиби?

— Команданын чечими. Муну сиздерге өзүмдүн келгеним далилдеп турат. Журналисттерден тышкары окуучу, студенттер баарлашууга, насаат алууга чакырып келишет. Күйөрмандар, ишкерлер дагы кайрылат. Биз чакырган жерлердин бардыгына бара берсек, машыгуу процесси, пландар өз нугунан чыгат.

Колдогон адамдардын бардыгына ыраазычылык билдиребиз. Бир гана кыргыз эли эмес, өлкөдөгү бардык улуттун эли Айсулууну колдоп жатканын сезебиз. Бул улуттар арасындагы ынтымакты бекемдейт. Президентке рахмат, ал өкмөт башчы болуп турганда дагы спортту колдоп турган. Айсулуунун алтын медалы — биздин жалпы жеңиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0