Бишкекте шайлоо кандай өтүп жатат? Участкалардан тартылган 15 сүрөт
Бишкекте шайлоо кандай өтүп жатат? Участкалардан тартылган 15 сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин фото кабарчысы борбор калаадагы бир катар шайлоо участокторун кыдырып, шайлоо кандай өтүп жатканын сүрөткө тартып кайтты. 11.04.2021, Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин фото кабарчысы борбор калаадагы бир катар шайлоо участокторун кыдырып, шайлоо кандай өтүп жатканын сүрөткө тартып кайтты.
Бул санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталып, шайлоочулар бет кап кийип келип жаткан үчүнчү шайлоо.
Бир нече партия өкүлдөрү участкадан тышкаркы тилкеде өткөн добуш берүү процедурасы мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтышты. Кийин БШК Бишкек, Ош, Токмок жана Чүй облусундагы Аламүдүн районунда, жалпы 15 участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоого 856 404 шайлоочу келген, бул жалпы шайлоочулардын 25,81 пайызы. Ал эми референдумга 888 331 киши добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 24,63 пайызын түзөт
Саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча, добуш берүүгө катышкандардын саны боюнча алдыда Жалал-Абад облусу болду. Анда шайлоо участкаларына 101 858 киши келген
Эгер сиз мыйзам бузууга күбө болсоңуз БШКга (0312) 66-28-46, 66-40-13, (факс) 96-03-38, 96-02-87 номерлери боюнча кабарлай аласыздар. "Кыргызтелеком" ААКнын стационардык номерлери аркылуу чалуулар бекер. Ал эми аймактар менен мобилдик байланыштар кадимки тариф менен эсептелет