https://sputnik.kg/20261025/1104503623.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Сингапурда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү тааныштырылдыМаск украин жаңжалынын уланышын каалагандарды жектээрин айттыПрезидент жаш ишкердин ишканасын... 25.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-25T13:00+0600
2026-10-25T13:00+0600
2026-10-25T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/19/1104503457_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9a7d5a64607949d10117f0fea97911e8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Сингапурда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү тааныштырылдыМаск украин жаңжалынын уланышын каалагандарды жектээрин айттыПрезидент жаш ишкердин ишканасын кеңейтүүгө 80 млн сомго чейин насыя берүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда 24 жаштагы ишкердин ишканасын кеңейтүү үчүн жеңилдетилген насыя алуу маселесине көмөк көрсөтүүнү Экономика жана коммерция министрлигине тапшырды. Жаш ишкердин айтымында, атасы 20 жыл миграцияда жүрүп, топтогон каражатына ишкана ачкан. Бирок коронавирус пандемиясынан улам «Демир Банк» алдындагы насыясын өз убагында төлөй албай, кредиттик тарыхы начарлаган. Учурда карыздан кутулганына карабастан, ишкананы кеңейтүү үчүн жеңилдетилген насыя ала албай келет. Ишкана 250 адамга ылайыкталып курулган, бирок азыркы учурда анын кубаттуулугунун 10–15 пайызы гана пайдаланылууда. Ишкер өндүрүштү кеңейтүү үчүн 80 млн сомго чейин насыя алууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Президент насыяга коюла турган күрөөсү бар экенин эске алып, Экономика жана коммерция министрлигине ойлонбостон насыя берүүнү тапшырды.
Кыргызстан Сингапурда өткөн ITB Asia 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышып, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн Visit Kyrgyz улуттук бренди алдында тааныштырды. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, көргөзмөгө кыргызстандык беш туристтик компания катышты. Делегация Түштүк-Чыгыш Азиянын туристтик бизнес өкүлдөрү жана потенциалдуу өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрдү. Анда кыргызстандык туристтик кызматтарды эл аралык рынокто жайылтуу, чет өлкөлүк туроператорлор менен өнөктөштүктү өнүктүрүү жана биргелешкен туристтик маршруттарды түзүү маселелери талкууланды. Кыргызстандын улуттук стендинде Тянь-Шань тоолору, бийик тоолуу көлдөр, жөө жана атчан саякат, треккинг, альпинизм жана этномаданий туризм багыттары көрсөтүлдү. Көргөзмөгө катышуу өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга жана Түштүк-Чыгыш Азиядан келүүчү туристтердин агымын көбөйтүүгө багытталган.
Кочкор-Атанын "Нефтчи" футбол клубу үчүнчү жолу Кыргызстан кубогун жеңип алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн финалдык беттеште команда Жалал-Абаддын "Мурас Юнайтед" командасын 3:1 эсебинде утуп алган. Топторду дарбазага Азизбек Кошибхонов (37-мүнөт), Собит Синдаров (43-мүнөт) жана Андрей Кобец (58-мүнөт) киргизди. "Мурас Юнайтед" командасына жалгыз голду 86-мүнөттө Алимардон Шүкүров белек кылды. Беттештин эң мыкты оюнчусу болуп Кошибхонов аныкталды. Футбол биримдиги жеңүүчүгө 70 миң долларлык сертификат тапшырды. "Нефтчи" Кубокту буга чейин 2019 жана 2021-жылдары да уткан.
Америкалык ишкер Илон Маск украин чырына улам май чачып, анын уланышын каалап жаткандарды жектээрин айтып, катуу нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал соцтармакка жазганын РИА Новости кабарлады. "Кыргынды токтотпой, согуштун улана беришин каалаган эки жүздүү арамдарды жек көрөм. Маселени чечүүнүн бир да жолун айтышкан жок. Тозокто күйүп өлсөңөр экен", — деди миллиардер. Маск буга чейин Украина АКШдагы саясий өнөктүктөрдү каржылоо үчүн америкалыктардын акчасын адалдоого пайдаланылганын билдирген. Андан мурун ишкер Украинага жаңы лидер керек деген АКШ президенти Дональд Трампты колдогон болчу.
Сингапурда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү тааныштырылдыМаск украин жаңжалынын уланышын каалагандарды жектээрин айттыПрезидент жаш ишкердин ишканасын кеңейтүүгө 80 млн сомго чейин насыя берүүнү тапшырды Президент Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда 24 жаштагы ишкердин ишканасын кеңейтүү үчүн жеңилдетилген насыя алуу маселесине көмөк көрсөтүүнү Экономика жана коммерция министрлигине тапшырды. Жаш ишкердин айтымында, атасы 20 жыл миграцияда жүрүп, топтогон каражатына ишкана ачкан. Бирок коронавирус пандемиясынан улам «Демир Банк» алдындагы насыясын өз убагында төлөй албай, кредиттик тарыхы начарлаган. Учурда карыздан кутулганына карабастан, ишкананы кеңейтүү үчүн жеңилдетилген насыя ала албай келет. Ишкана 250 адамга ылайыкталып курулган, бирок азыркы учурда анын кубаттуулугунун 10–15 пайызы гана пайдаланылууда. Ишкер өндүрүштү кеңейтүү үчүн 80 млн сомго чейин насыя алууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Президент насыяга коюла турган күрөөсү бар экенин эске алып, Экономика жана коммерция министрлигине ойлонбостон насыя берүүнү тапшырды. Кыргызстан Сингапурда өткөн ITB Asia 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышып, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн Visit Kyrgyz улуттук бренди алдында тааныштырды. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, көргөзмөгө кыргызстандык беш туристтик компания катышты. Делегация Түштүк-Чыгыш Азиянын туристтик бизнес өкүлдөрү жана потенциалдуу өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрдү. Анда кыргызстандык туристтик кызматтарды эл аралык рынокто жайылтуу, чет өлкөлүк туроператорлор менен өнөктөштүктү өнүктүрүү жана биргелешкен туристтик маршруттарды түзүү маселелери талкууланды. Кыргызстандын улуттук стендинде Тянь-Шань тоолору, бийик тоолуу көлдөр, жөө жана атчан саякат, треккинг, альпинизм жана этномаданий туризм багыттары көрсөтүлдү. Көргөзмөгө катышуу өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга жана Түштүк-Чыгыш Азиядан келүүчү туристтердин агымын көбөйтүүгө багытталган. Кочкор-Атанын "Нефтчи" футбол клубу үчүнчү жолу Кыргызстан кубогун жеңип алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн финалдык беттеште команда Жалал-Абаддын "Мурас Юнайтед" командасын 3:1 эсебинде утуп алган. Топторду дарбазага Азизбек Кошибхонов (37-мүнөт), Собит Синдаров (43-мүнөт) жана Андрей Кобец (58-мүнөт) киргизди. "Мурас Юнайтед" командасына жалгыз голду 86-мүнөттө Алимардон Шүкүров белек кылды. Беттештин эң мыкты оюнчусу болуп Кошибхонов аныкталды. Футбол биримдиги жеңүүчүгө 70 миң долларлык сертификат тапшырды. "Нефтчи" Кубокту буга чейин 2019 жана 2021-жылдары да уткан.Америкалык ишкер Илон Маск украин чырына улам май чачып, анын уланышын каалап жаткандарды жектээрин айтып, катуу нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал соцтармакка жазганын РИА Новости кабарлады. "Кыргынды токтотпой, согуштун улана беришин каалаган эки жүздүү арамдарды жек көрөм. Маселени чечүүнүн бир да жолун айтышкан жок. Тозокто күйүп өлсөңөр экен", — деди миллиардер. Маск буга чейин Украина АКШдагы саясий өнөктүктөрдү каржылоо үчүн америкалыктардын акчасын адалдоого пайдаланылганын билдирген. Андан мурун ишкер Украинага жаңы лидер керек деген АКШ президенти Дональд Трампты колдогон болчу.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/19/1104503457_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9144ac2ef97f4db0d85739dd65a45399.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио