00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстанда үй-бүлөдө кол көтөргөндөр соттун чечимисиз эле дароо 14 күнгө чейин камалышы мүмкүн. Ал эми аял коркконунан каршылык көрсөтө албаса да, анын макулдугусуз болгон жыныстык катнаш түз эле зордуктоо деп таанылат. Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Эркайым Сейитказиева, Гүлнара Акимбаева жана Венера Салямова демилгелеп, коомдук талкууга чыгарышты. Авторлор өлкөдө аялдарга жана балдарга карата зомбулук кескин көбөйгөндүктөн жазаны катаалдаштыруу керек деп эсептейт. Долбоорго ылайык, сексуалдык кылмыштарды аныктоодо эң башкы негиз катары аялдын ыктыярдуу макулдук бергени же бербегени саналат. Ошондой эле үй-бүлөдөгү кол көтөрүү өзүнчө укук бузуу катары бөлүнүп, кылмыштын белгилери жок болсо да, зомбулук көрсөткөн адам жети күндөн 14 күнгө чейин түз камакка алынышы ыктымал. Эгер жаңжал чыгарган адам айланасындагыларга коркунуч жаратууну улантса, милиция аны кадимкидей 3 саат эмес, 48 саатка чейин камап, кармап турууга укук алат.
Айыл чарба министрлиги фермерлер үчүн iDyikan тиркемесин иштеп чыкты. Бул тууралуу ведомствонун жетекчиси Эрлист Акунбеков билдирди.Анын айтымында, жакынкы аралыкта бул тиркеме "Кыргыз спутник" мамлекеттик компаниясы менен интеграцияланат."Тиркемеден фермерлерди түйшөлткөн бардык көйгөйлөрдү, атап айтканда, талааларда жана мал чарбачылыгында эмне болуп жатканын, ошондой эле каржылык жана башка маселелерди көрүүгө болот", — деди министр.
Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек жолун оңдоо жана асфальттоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундагу 30 чакырымдан ашат. Буга чейин анын 10 чакырымына асфальт толук төшөлгөн. Ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү жана бетон курулмаларды орнотуу иштери аяктаган. Автожолдун 15 чакырымдык бөлүгүн жакшыртуу максатында жолду тегиздөө жана кеңейтүү жумуштары акыркы баскычка жетип, 99 пайызга аяктады. "Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү туристтик аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу жана туризмди өнүктүрүү максатында Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолунун абалын жакшыртуу боюнча тапшырма берген", – деп маалыматта айтылат. Министрлик билдиргендей, жолду жаңылоо иштери Сары-Челек коругуна жана башка туристтик жайларга барчу жолдун сапатын жакшыртууга, жергиликтүү тургундар менен туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Ноябрдын биринчи жарымында Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) өтө турган жолугушуу үч тараптуу форматта болот. Бул тууралуу Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.Песков Москва менен Киевдин коопсуздук маселелерин талкууламайынча украин көйгөйүн толук жөнгө салуу мүмкүн эмес экенин белгиледи. Муну менен катар ал Европадагы коопсуздук маселесин европалыктардын катышуусуз талкуулоого болбой турганын, бирок сүйлөшүүлөрдү Москва, Вашингтон жана Киев баштай турганын айтты.Буга чейин Владимир Путин Россия украин жаңжалын чечүү боюнча байланыштарды кайра жандантууга даяр экенин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0