https://sputnik.kg/20261025/1104508834.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу маселеси талкууланды Путин: Европадагы баш аламандыкка Россияны күнөөлөө — аша чапкандык деп... 25.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-25T17:00+0600
2026-10-25T17:00+0600
2026-10-25T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/19/1104508668_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_63db0b3b67aa95d6b73f990d83f1830b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу маселеси талкууланды Путин: Европадагы баш аламандыкка Россияны күнөөлөө — аша чапкандык деп белгиледиПрезидент Ала-Буканын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты. Мамлекет башчысына маалымдалгандай, Ала-Бука районунун өнөр жай тармагында өндүрүш көлөмүнүн өсүшү байкалууда. 2021-жылы бул көрсөткүч 4,4 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 145,6%га өсүп, 10,9 млрд сомго жеткен. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 12,5 млрд сомго чейин көбөйөрү күтүлүүдө. Тартылган инвестициялардын көлөмү 2021-жылдагы 945,3 млн сомдон 2026-жылы 2,5 млрд сомго чейин өскөн. 2021–2026-жылдары райондо 51 объект пайдаланууга берилген. Алардын катарында жети мектеп, сегиз бала бакча, эки оорукана, эки фельдшердик-акушердик пункт, эки спорт залы, үч административдик имарат, музей комплекси, эки эс алуу паркы, алты кызматтык үй, эки көпүрө, эки маданият үйү жана мини-футбол үчүн 11 аянтча бар.
Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу маселеси талкууланды Бул тууралуу минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Катарга болгон иш сапарында өлкөнүн тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Ахмед бин Мохаммед Аль-Саид менен жолугушуусунда сүйлөштү. Тараптар түз авиакаттамдар сооданы, туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешкен. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы сооданы кеңейтүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Спикер Марлен Маматалиев баш болгон депутаттар Японияга барды ЖК төрагасы расмий сапарынын алкагында Киото префектурасынын губернатору Такатоси Нисиваки менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгын, анын ичинде аймактар аралык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Сапардын алкагында кыргыз делегациясы Киото мамлекеттик резиденциясы жана тарыхый Киёмидзу-дера храм комплекси менен таанышты.
Россия президенти Владимир Путин Европадагы массалык башаламандыктарга Москваны айыптоону аша чапкандык катары баалады. Бул тууралуу ал журналист Павел Зарубиндин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ошондой эле ал Европа биримдигиндеги алгачкы нааразычылыктар Россияга каршы маанайда эмес, Америкага каршы болгонун айтты. "Азыркы окуялар АКШ администрациясынын оңчул партияларды колдогонунан улам келип чыкты деген пикирлер айтыла баштады. Буга мен таң калдым, негизги аккердик союздашына мынчалык катуу чабуул жасаарын күткөн эмесмин", — деди РФ президенти. Эске салсак, митингдер сентябрдын орто ченинде Париждин чет жакаларынан башталып, мектептердин абалын жакшыртууну талап кылган жогорку класстын окуучулары көчөгө чыккан. Кийинчерээк аларга баалардын өсүшүнө нааразы болгондор кошулуп, кыймыл башка аймактарга жайылган. Ал эми 17-18-октябрда Италиянын Милан шаарында тоноочулук менен коштолгон ири башаламандыктар катталган.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 97 сом 86 тыйынга юань 13 сом 11 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда
Аба ырайы26-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Дүйшөмбү күнү айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй аймагында +9...+11, Талас өрөөнүндө +7...+12, Ош, Жалал-Абад облустарында +16...+21, Баткен облусунда +15...+20, Ысык-Көл чөлкөмүндө +9...+14, Нарын регионунда +11...+16 болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +10...+12, Ош шаарында +16...+21 градуска көтөрүлөт.
Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу маселеси талкууланды Путин: Европадагы баш аламандыкка Россияны күнөөлөө — аша чапкандык деп белгиледиПрезидент Ала-Буканын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен тааныштыПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты. Мамлекет башчысына маалымдалгандай, Ала-Бука районунун өнөр жай тармагында өндүрүш көлөмүнүн өсүшү байкалууда. 2021-жылы бул көрсөткүч 4,4 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 145,6%га өсүп, 10,9 млрд сомго жеткен. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 12,5 млрд сомго чейин көбөйөрү күтүлүүдө. Тартылган инвестициялардын көлөмү 2021-жылдагы 945,3 млн сомдон 2026-жылы 2,5 млрд сомго чейин өскөн. 2021–2026-жылдары райондо 51 объект пайдаланууга берилген. Алардын катарында жети мектеп, сегиз бала бакча, эки оорукана, эки фельдшердик-акушердик пункт, эки спорт залы, үч административдик имарат, музей комплекси, эки эс алуу паркы, алты кызматтык үй, эки көпүрө, эки маданият үйү жана мини-футбол үчүн 11 аянтча бар.Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу маселеси талкууланды Бул тууралуу минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Катарга болгон иш сапарында өлкөнүн тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Ахмед бин Мохаммед Аль-Саид менен жолугушуусунда сүйлөштү. Тараптар түз авиакаттамдар сооданы, туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешкен. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы сооданы кеңейтүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.Спикер Марлен Маматалиев баш болгон депутаттар Японияга барды ЖК төрагасы расмий сапарынын алкагында Киото префектурасынын губернатору Такатоси Нисиваки менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгын, анын ичинде аймактар аралык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Сапардын алкагында кыргыз делегациясы Киото мамлекеттик резиденциясы жана тарыхый Киёмидзу-дера храм комплекси менен таанышты.Россия президенти Владимир Путин Европадагы массалык башаламандыктарга Москваны айыптоону аша чапкандык катары баалады. Бул тууралуу ал журналист Павел Зарубиндин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ошондой эле ал Европа биримдигиндеги алгачкы нааразычылыктар Россияга каршы маанайда эмес, Америкага каршы болгонун айтты. "Азыркы окуялар АКШ администрациясынын оңчул партияларды колдогонунан улам келип чыкты деген пикирлер айтыла баштады. Буга мен таң калдым, негизги аккердик союздашына мынчалык катуу чабуул жасаарын күткөн эмесмин", — деди РФ президенти. Эске салсак, митингдер сентябрдын орто ченинде Париждин чет жакаларынан башталып, мектептердин абалын жакшыртууну талап кылган жогорку класстын окуучулары көчөгө чыккан. Кийинчерээк аларга баалардын өсүшүнө нааразы болгондор кошулуп, кыймыл башка аймактарга жайылган. Ал эми 17-18-октябрда Италиянын Милан шаарында тоноочулук менен коштолгон ири башаламандыктар катталган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 97 сом 86 тыйынга юань 13 сом 11 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылуудаАба ырайы26-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Дүйшөмбү күнү айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй аймагында +9...+11, Талас өрөөнүндө +7...+12, Ош, Жалал-Абад облустарында +16...+21, Баткен облусунда +15...+20, Ысык-Көл чөлкөмүндө +9...+14, Нарын регионунда +11...+16 болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +10...+12, Ош шаарында +16...+21 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/19/1104508668_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0488afdd660ec43b7aff2622d525f60a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио